АТАМБАЕВ: «МЫНДАЙ БАННЕРЛЕР БИЗГЕ КЕРЕК»

Бишкек шаарынын көчөлөрүнө "Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген аталышта кыргыздын элечек кийген айымдары менен паранжы жамынган аялдарынын сүрөтү тартылган баннер илинип, коомдо кызуу талкууланууда. Айрымдар «бул баннерлер элди экиге бөлүү үчүн провокация» дешсе, айрымдар «кадимки эскертүү, мындан курч, мындан көп талкууну жаратуучу сөздөр айтылып эле келе жатпайбы? Бир сүрөттү көргөн үчүн эле элдин мээси айланып, 2 бөлүнүп баштамак беле? Бул сүрөт баарыбызды ойлонууга чакырып жатат. Эртеңибиз кандай болот, аны ар бирибиз ойлонуубуз керек» деп талкуулашууда.
Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушуудан соң эки лидер журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Президент Алмазбек Атамбаевге баннерлер тууралуу да суроо берилди. Өлкө жетекчиси мындай баннерди илдирип жаткандарга акчалай колдоо көрсөтүп, улуттук кийимчен кыргыздын кыз-келиндеринин сүрөтү түшүрүлгөн баннерди бүткүл кыргыз жерине илдирүү боюнча Президенттик аппараттын башчысына тапшырма бергенин билдирди. «Келгиле, башка элдин арабдардынбы, ирандардынбы маданиятын чаташтырбайлы. Бул – башка элдин маданиятын таңуулоо. Мен Куранды бир нече ирет окуп чыккам, ал жерде мындай нерсе жок. Аны бизге таңуулап жатышат. Мындай баннер бизге керек. Баары ошондон башталат – кийимден, сөздөн... Андан кийин баш алып башташат. Бул ислам эмес. Ислам – тынчтык менен боорукердиктин дини»,- деп билдирди Атамбаев.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан