Жай башталгандан бери өлкө ичинде 39 киши, анын ичинде 15 жаш бала СУУГА ЧӨГҮП каза болду.
Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас таза суу менен башка облустарга салыштырмалуу аз камсыздалган. Мунун айынан ГЕПАТИТТИН А жана Е түрлөрү менен ооругандардын саны өсүп жатат.
Баткен облусуна өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп АБИШ ХАЛМУРЗАЕВ дайындалды. Ал Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурору Абдибакыт Халмурзаевдин бир тууганы.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев шайлоочулардын ДОБУШУН САТЫП АЛУУ менен алектенгендерди 3 жылга эркинен ажыратууну сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Кыргыз өлкөсүндө ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНЫН саны азайып баштады. 2016-жылдын 6 айында 2,5 миңге жакын жол кырсыгы катталган. 2015-жылы ушундай эле 6 ай ичинде 3 миңден ашуун жол кырсыгы орун алган.
2015-жылы кыргыз өлкөсү боюнча балдар Баткен жана Ош облустарында эң көп ТӨРӨЛГӨН.
Балбан ЖАНАРБЕК КЕНЖЕЕВДИН Олимпиада оюндарына алган жолдомосу кайтарылды. Балбандын канынан мельдоний заты табылганы айтылып Бириккен күрөш дүйнөсү уюму анын Олимпиада оюндарына жолдомосун алып койгон болчу.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.