Рэп ырчысы Баястан унаанын техникалык жактарын жакшы өздөштүрө элек болсо да, чаң жугузбай таза кармайт. Башкалардай чаң ызгытып айдаган айдоочулардан да эмес. Шашпай шаар көчөлөрүн аралап айдап, Абир Касеновдун жаңы чыгармаларынын коштоосунда «сүйүктүүсүн» айтып баратты.
Үлгүсү – Tоyota Camry
Өңү – Ак
Чыгарылган жылы – 2004
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2400 см3
Чыгарган өлкө – АКШ
Сатып алган баасы – 10 миң доллар
Айдоочулук тажрыйбасы – 5 жыл
Кыялындагы унаа – Lexus LX 570
– Баястан, бул унааңды качан сатып алдың эле?
– Тойотамды ата-энем 2 жыл мурун «жогорку окуу жайга өттүң» деп алып беришкен. Байкем Мирлан Саткымбаев белек кылган Ниссан Лаурелди сатып, үстүнө акча кошуп алганбыз.
– Биринчи жолу рулга качан отурганың эсиңдеби?
– Ооба. Анда Балыкчыда жашачубуз. 13 жашта болсом керек, газ менен тормозду алмаштырып, мамычаны сүзүп ала жаздагам. Атам жанымда отуруп үйрөтүп жаткан, ал рулду башкара калып унааны токтоткон. Ошондон кийин катуу коркуп калып, жарым жылдай айдаган жокмун. Мындан 5 жыл мурун байкем алгачкы унаамды белекке бергенде биринчи күнү эле сүйлөшкөн кызымды отургузуп алып күйүүчү май куйганы барып, бирөөнүн унаасын чийип алгам.
– Башка бирөө унааңды сүзүп алган учур болду беле?
– Болгон, бир жолу токтоп турсам маршруттук такси айдаган байке артымдан келип сүзүп салган. Күнөөсүн моюнуна алып, унаамды жасатып берген.
– Сен дагы ылдамдыкты жактырган жигиттерден болсоң керек?
– Жок, тескерисинче катуу ылдамдыкта айдаганды жаман көрөм, жай айдайм. Алыска чыкканда, эл жок жерде максимум саатына 170 чакырымга чейин жеткирип айдашым мүмкүн.
– Атактуулук МАИчилердин айып пулунан кутулууга жардамын тийгизеби?
– Атактуулук көп эле жолу жардамын тийгизди. МАИчилер унаадан түшкөндө эле таанып калышат. Көбүнчө кур тагынбаганым үчүн кармалам. Аларга ырлар жыйнагымды берсем эле коё беришет. Кээде «ырчы болсоң эмне болуптур, мен деле МАИчимин» дегендери болот (күлүп).
Бир жолу айдоочулук күбөлүгүмдү алдырып жибергем. 300 сом эле айып пул төлөмөкмүн. Жалкоолонуп жүрүп убактысы өтүп кетиптир. Ошентип 1000 сомго жакын айып төлөп күбөлүгүмдү алгам.
– Айдап баратып кандай ырларды угасың?
– Мен жеткен меломанмын, ар кайсы жанрдагы музыкаларды угам. Анткени чыгармачыл адамдар ар түрдүү стилдеги ырларды угуш керек деп ойлойм. Бир ырды уга берсең өспөйсүң. Азыр Абир Касеновдун жаңы чыккан ырлар жыйнагын угуп жатам.
– Жөө жүргүнчүлөргө жол берип өткөрөсүңбү?
– Албетте, өткөрөм. Бирок айрым кыздар бар, чоюлуп баскан. Ошондо аларга «бат-баттан баспайсыңбы!» деп сигналды басып салам. Шашып баратканда алардын созолонуп алганы жинимди келтирет.
– Светофордо токтоп калганда кыздарга тийишип, таанышкан учурлар болду беле?
– Сүйүүгө өтө туруктуумун, сүйлөшкөн кызым болгондуктан унаа айдап бара жатканда башка кыздарды карабайм.
– Унаа айдаган кыздарга көз карашың кандай?
– Көз айнек тагынып алып, тамеки чегип, музыканы даңкылдаткан өзүнчө эле «крутая» болуп колун терезеден чыгарып керсейген кыздар жакпайт. Ал эми тартиптүү, татынакай кыздардын унаа айдап баратканы жакшы көрүнөт.
– Сага кандай унаа жагат?
– Бул унаамды аябай жакшы көрөм. Бирок мага акыркы учурда Жиптер жага баштады. Биздин аңгыл-дөңгүл жолдорго ошолор эле ылайыктуу болуп жатат.
– Бузулуп калса өзүң оңдой аласыңбы?
– Атам жардам берет. Чынын айтсам, техникалык жактарын жакшы өздөштүрө элекмин. Мен үчүн эң башкысы унаам таптаза болушу керек. Ошондуктан жума сайын жуудуруп турам.
Маек соңунда...
– Майга канча каражат сарптайсың?
– Эгер кондиционер күйгүзбөсөм үнөмдүү эле болот. Күнүгө 300-500 сом коройт.
– Жол талашып урушуп кеткен учур болду беле?
– Андай деле болгон эмес. Айрымдар нерв болуп сөгүнүшөт го, мен сабырдуу болгонго аракет кылам.
– Өзүң сөгүнөсүңбү?
– Ким сөгүнбөйт (күлүп)? Кээде оозумдан чыгып кетет, бирок өтө орой сөздөр эмес.
– Айдоочу катары өзүңдү кандай сүрөттөй аласың?
– Шашпай, «нежно» айдайм го (күлүп). Кээде эле группалаш балдар менен жарышып калганым болбосо.
– Маегиңе рахмат! Жолуң дайым шыдыр болсун!
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg