“Spice Girls” тобу дебюттук “Wannabe” альбомунун жарык көргөнүнүн 20 жылдыгына карата дүйнөлүк турнеге чыгууну пландашкан. Бирок топтун ырчылары Виктория Бекхэм менен Мелани Си турнеге чыгуудан баш тартышкан. Жакында топтун калган ырчылары Эмма Бантон, Мелани Браун жана Жери Холлиуэлл трио болуп “GEM” деген аталыш менен топ ачары белгилүү болгону айтылган. Мындай кептерге ырчы Мелани Браун: “Биздин топ “Spice Girls” боюнча эле калат, “GEM” – бул үчөөбүздүн ысымдарыбыздын баш тамгасы. Учурда үчөөбүз ыр жаздырдык, ал ырлар жакында жарыкка чыгат”,- дейт.