Учурда популярдуу болуп жаткан түрктөрдүн “Түбөлүктүү сүйүү” (“Kara sevda”) cериалында баш каарман кыз Нихандын ролун ойногон актриса Неслихан Атагүл түбөлүктүү сүйүүсүнө турмушка чыкты. Актриса сүйүктүүсү Кадир Догулу менен 2 жыл кыз-жигит мамиледе сүйлөшүп, 9-июль күнү үлпөт той берип никесин мыйзамдаштырышкан. Эми Неслихан өзүнүн да, жолдошунун да фамилиясы менен Неслихан Атагүл Догулу деп жүрмөкчү. Неслихандын жолдошу Кадир да Түркиядагы белгилүү актёр.