СЕРГЕЙ БЕЗРУКОВ КЫЗДУУ БОЛДУ

“Бригада” сериалынын жылдызы Сергей Безруков 4-июль күнү кыздуу болгонун сүйүнчүлөдү. Ал жакында эле Инстаграм баракчасына жаңы төрөлгөн наристеси менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, “Жубайым Анна мага кыз төрөп белек кылды. Мен бактылуумун” деген билдирүүсүн калтырган.
Эске салсак, Сергей былтыр 15 жылдан бери чогуу жашаган жубайы Ирина Безрукова менен ажырашкан. Ажырашуунун себебин көбү түгөйлөрдүн балалуу боло албагандыгына байланыштыршкан эле. Режиссёр Анна Матисонго 2016-жылдын март айында үйлөнүп, көп өтпөй минтип Анна актёрду ата статусуна ээ кылды.









Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан