8-июль күнү Бишкектеги тойканалардын биринде Евразия жылдызы Гүлжигит Калыков бир башын эки кылып, апасынын колун узартып сүйүктүүсү Айпери менен мыйзамдуу никеге турду. Эсиңиздерде болсо, ырчы жигит Нурзат Токтосунова менен Максат Надырбековдун тоюнда Айперинин колун сураган эле. 4 жыл кыз-жигит мамиледе жүрүшкөн эки жаш минтип 500дөй конокко той берип, алардын батасын алып, чакан мамлекетинин пайдубалын тургузушту. Гүлжигиттин тоюнда Кыргызстандын шоу-бизнесинин теңи чардап, шапар тээп жыргашты.
1. Адатта ар бир той "Жар-жар" ыры менен башталчу, салтты Гүлжигит өзгөртүп, колуна гүлүн кармап жалгыз кирип келди.
2. Артынан Айперини атасы жетелеп келип, кызын Гүлжигиттин колуна тапшырды.
3. Урмат Борченов эки жаштын никесин мыйзамдаштыруу салтанатын алып барып, түгөйлөргө нике күбөлүгүн тапшырды.
4. Тойдун тизгинин Салтанат Саматова менен Эркин Рыскулбеков колго алып, кыргызча, орусча алып барып элди зериктиришкен жок.
5. Гүлжигиттин тоюнун дагы бир өзгөчөлүгү – тост айтылган жок, кыз алып жана кыз берип жаткан куда-кудагыйлар, өкүл ата, өкүл апасы чыгып каалоо-тилегин айтып тойду ачып беришти.
6. Шоу-бизнесте болуп жаткан жаңылыктарды онлайн режимде жылдыздардын инстаграм баракчасынан табууга болот. Тойдо телефон тиктеп отурган белгилүүлөр көп болду.
7. Гүлжигит Оманын "Махабатым" деген ырын өзү аткарып сүйүктүүсүн бийге чакырды. Экинчи куплетин Ома өзү улантып ырдап, Гүлжигит менен Айпери вальс бийлеп, күйөөгө чыга элек кыздар турмушка чыккысы келип, үйлөнө элек жигиттер үйлөнгүсү келип эки жаштын бийин күзөтүп турушту.
8. Тойдун концерттик бөлүгү өзгөчө болгонун белгилей кетпесек болбос. Симфониялык оркестр, көз боочулардын оюну, лазердик шоу, кыргыз бий, заманбап бий, ага кошумча бир топ ырчылар дүйнөлүк хит ырларды аткарып конокторду тердегиче бийлетишти.
9. Дайырды бул ирет кара көз сулуу бийкеч коштоп келди.
10. "Style mix" триосунун ырчылары Адилет менен Илиманы сахна артындагылар кыз-жигит дешет. Тойдо экөө жетелешип жүрүп айтылган кептерди ырастап коюшту.
11. 40 килограммдык алты кабаттуу тортту кесүү милдетин Гүлжигит менен Айпери алып, биринчи өздөрү ооз тийип, калганын келген конокторго таратып беришти.
БЛИЦ-МАЕК
– Гүлжигит, Айпери, куш бооңор бек болсун! Толкунданып жатсаңар керек?
Гүлжигит: – Бүгүнтөн баштап экөөбүздүн моюнубузга чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Мен күйөө, Айпери жубай деген статуска ээ болдук. Нике окулуп жатканда аябай толкундандым. Олуттуу чечимге келип, үй-бүлөлүк жашоого аттанып жатканымды эми сездим. Көбү ойлошкон "булар кыз-жигит болуп жүрө беришеби?" деп. Жадакалса Айпери үлпөт көйнөкчөн сүрөтүн интернет баракчасына жүктөсө да "интрига кылып жатат" деп ишенбегендер болду. Урматтуу элим, мен чындап эле үйлөндүм, ишениңиздер.
– Адатта көбү күзүндө той беришет, силер жай айын тандаптырсыңар?
– Биз орозо айын улай жакшылыкка ырымдап атайын ушул айды тандап алдык. Анан Ысык-Көлгө эртерээк чогуу барып эс алып келели дедик. Анан да күзүндө башка пландар бар.
– Айпери, үлпөт көйнөгүңдүн дизайны өзүңө таандык экен...
– Ооба, тойго кийген эки көйнөгүмдүн тең дизайны мага таандык, модельер Анвар Турдубаевге тиктирдим. Залдын жасалгасын, чакыруу кагаздарын, Гүлжигиттин костюмунун түсүн мен тандадым.
– Гүлжигит, тойго сыр болбосо канча каражат сарптадың?
– Ал сыр бойдон калсынчы. Каржы жагынан баарын өзүм тейледим.Бирок тойдон түшкөн каражат чыгымды толугу менен жапты.
– Бактылуу болгула. Кармашкан колуңар үзүлбөсүн!
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров,
Андрей Шестаков
star@super.kg