ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Мурат шалдая отургучуна отурду. "Баары кеч. Маржанга эмне дейм? Анын жашоосунун маңызы ушул кыз эмес беле? Ал жок Маржаным кантет?.." үн-сөзсүз дубал тиктеп отурду. "Жок, чарчадым! Баарын жайына коюш керек болуп калды!" ушундай ойлонду да, чечкиндүү туруп костюмун кийди.

ххх

Таң агарып баштаган. Кыз-жигит Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн алдында жетелешип турушту.
– Кирелиби?
– Сен биринчи аларды жолугушууга даярдашың керек го...
– Сөзсүз!
Алар тепкич менен жогорулап башташты. Аруукенин колдорун майда калтырак басып, көз жашка муунуп чыкты. Оюна койсо, чуркап кирип ата-энесинин кучагына жыгылып, сагынычын төгүп жибергиси бар. Бирок биринчи жигит кириши керек.
– Сен ушул жерде туруп тур!- Жанар Аруукени ылдыйга таштап, өзү жогорку кабатка көтөрүлдү.
Коңгуроону баскан соң аз өтпөй уйкулуу көздөрүн ушалап Калия эшик ачты. Жанарды дароо тааныды, муңдуу көздөрүн жымыңдата жылмайып алды. Кызын эске салчу адамдарды ушинтип жакшы көрүп карай берчү адат тапкан.
– Аа, Жанар, кандайсың, алтыным?- бир эсе таң калуу, бир эсе жакшы көрүү бар эле эненин көздөрүндө. – Келдиңби?- жигитти колунан тартып маңдайынан сүйдү. Келет деп күткөн. "Бир келсе, Аруукенин күндөлүгүн берип коюшум керек" деп ойлонуп жүргөн эле.
– Тынччылыкпы?
Жигит эмне дээрин билбей, тиштерин кашкайта туруп берди. Сөздү эмнеден баштаарын билбейт.
– Апа, мен жакшы кабар менен келдим... Биз... Арууке экөөбүз... Арууке...- жигит оюн улай албай койду.
Арууке апасынын үнүн укканда эле шолоктоп ыйлап баштаган. Үнүм чыгып кетпесин деп алакандары менен оозун басып көз жашын төгүп жатты.
– Апа, Арууке тирүү! Сиз мени акылынан азып калды деп ойлобоңуз! Ал тирүү! Биз бүгүн Орусиядан учуп келдик...
Калия эч нерсени түшүнө алган жок. "Арууке тирүү" деген гана сөз кулагына кайра-кайра жаңырып турду. Дал ушул учурда ылдыйдан добуш угулду. Кыз акырын гана тепкичтерге бут коюп, дубалга сүйөнө көтөрүлүп келе жатыптыр.
– Оо, Кудай!- Калиянын үнү араң чыкты. Муундары калчылдап, денеси оорлошуп, дагы бир нерсе сүйлөп жиберейин деп, бирок анысына алы келбей тизелери бүгүлө жер таянды. Жанар аны кармап калды.
– Апа! Апа-а!- кыз кадамын катуулатып келип, апасын кучактап жыгылды. Калиянын көздөрү коркунучка толуп калган. "Кантип? Акылымдан адашып калдымбы? Мен түш көрүп жаткан жокмунбу?" бир заматта толтура ойлордун, жоопсуз суроолордун курчоосунда калды. Кыз аны туш келди бети-башынан өпкүлөп жатты. Калиянын көзү тумандап кетти. Сүйлөйүн деп, күч менен оозунан бир да сөз чыгара албай койду. Ал көргөн көзүнө ишенбей жатты.
Бул учурда жуунуучу бөлмөдөн Кадыр чыга келди. Босогодо аялы белгисиз бир кызды кучактап, акылынан азгансып турган экен. Чочуп кетти.
– Апа, коркпоңуз! Биз жерге берген кыз башка болгон экен... Апа, өзүңүзгө келсеңиз!- Жанар Калияга кайталап жатты.
– Эй!- Кадыр кыйкырып жиберди да, аны карай салган кызды көрүп токтоп калды. Апасын бооруна кысып, жерде Арууке отурган.
– Кызым?..- дагы бир нерсе айтмакчы болуп, колу менен башын мыкчыды.
– Арууке тирүү. Биз башка адамды жерге бериптирбиз... Ал башка адам болгон! Арууке тирүү...- Жанар түшүндүрүүгө жан далбастап жатты. Кадыр жетип келди да, кызынын жүзүн колдору менен сыйпалап жиберди.
– Аруш! Кызым!- Кадыр бир кыйкырып алып, кызын өзүнө тартып бекем кучактап калды.
– Кызы-ым!- Аруукенин кучагындагы Калия өзүнө келе түшкөндөй, ый аралашкан үнү угулду. Ал эми гана уктап жатпаганын, акылынан азып кетпегенин, азыркы көрүнүш миң ирет чындыкка окшошпой турганы менен, дапдаана чындык экенин түшүнө баштаган болчу.
Анан үчөө ошол босогодо эле кучакташып алып үндөрүн катуу чыгарып ыйлап жатышты.
– Аруш! Ару-уш!- ый кыйлага чейин токтобой турду. Жанар аларды аз-аздап сооротуп, эптеп үйгө алып кирди.
– Апа-а! Апа-а...
– Жүрөгүм сезген! Жүрөгүм сезип жүргөн... Бир күнү эле кирип келип калчудай эшик карап жүрчүмүн... Арушум, кызым! Оо, Кудай, бар экенсиң! Оо, Кудайым, бар экенсиң,- Калия сүйлөнүп, Кудайга жалбарып жатты.
– Берекем! Алтын кызым! Билгем... Күн сайын түшүмө кирчүсүң. Келем дей берет элең... Эмнеге минтет деп жоруй албай койгом... Көрсө, Кудайым бар турбайбы...- кызынын алакандарынан улам өпкүлөп, саамайынан сылап, көзүнүн жашын токтото албаган Калияга Жанар муздак суу сунду.
– Ичип алсаңыз!
Аруукенин чачынан улам-улам шуу жыттап жаткан Кадыр да азыр ушул кереметтин баарын кызынын колун коё берсе жоготуп жиберчүдөй Аруукенин бир колун бекем кармап жалынып-жалбарып жаткан. Калия да, Кадыр да сууну карап коюшкан жок. Күбүрөнүп, жылмайышып, көкүрөктөрүнө удургуп келген түркүн сезимдерге ээ боло албай, жүрөктөрү кабынан чыгып кетчүдөй болуп турду.
– Бардыгы артта калды! Арууке тирүү! Эми ал эч жакка кетпейт... Келиңиздер, муздак суу ичип алыңыздарчы...- Жанар акыры аларды суу ичүүгө көндүрдү.
Көп кабаттуу үйдүн батиринен кеч киргенче эч ким чыккан жок. Кечинде күйгөн жарык, таң атканча күйүп турду. Бул баягы Арууке аттуу эрке, таза кыздын үйүнүн жарыгы болчу.
Кадыр менен Калия добуш чыгарбай Аруукенин бөлмөсүнүн каалгасын бир аз ачып шыкаалап карап жатышты. Бул керемет болчу. Алардын кызы, эркеси мурункудай эле узун кирпиктерин аста дирилдете таттуу уйкуда жаткан.
Жуунуучу бөлмөдөн чыккан Жанар өздөрүнчө бактылуу жылмайып, кызын ичи элжирей карап турган ата-энени көрүп добуш чыгарбай токтоп калды. "Көрсө, бакыт деген өмүрдүн ушундай таттуу секунддары, таттуу ирмемдери тура" деди ал ичинен кыялдана...

ххх

– Маржан, отурсаң... Мен сага бир чындыкты айтып беришим керек...
– Жанна? Ал тирүүбү?
– Маржан, сен баарын чыдап угушуң керек... Билесиң, сен менин жашоомдун тирегисиң. Дүйнөдөгү ар бир кадамым сени бактылуу кылуу үчүн жасалган. Сен угушуң керек...- Мурат бир чекитти тиктеген абалда сүйлөп жатты.
– Жанна тирүүбү?- Маржан өктөм сүйлөдү.
– Сен Жанна деп жаткан кыз тирүү. Бирок...- анан Мурат узун чындыгын айтып баштады. Бул азаптуу чындык болчу. Таң агарганча ал чындык айтылып отурду... Бул убакта Маржан бирде кыйкырып ыйлап, бирде күйөөсүн жек көрө тиктеп, бирде аяп аны бооруна кыса кучактап жатты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
arena2014
2016-07-18 11:36:40
Талкууну жаап койгула суперчилер)
+1
dasta
2016-07-18 11:52:08
Айланын кетейн тугандар кобурок жазгылачы канбай калтам ачыгы. Окуп окуп кумардын туу чокусуна чыгыш керек та
-2
nurtilek969796
2016-07-18 13:29:40
жанна олгондо аруукеге алмаштырганын маржан билбейт окшойт эле
0
Belek2070
2016-07-18 15:02:06
nurtilek969796, оа оба билбейт
0
Belek2070
2016-07-18 14:58:36
Жанар тупой Калиянын журогун тушурбой, шашпай башынан тушундуруп айтпайсынбы башка кыз экен ал деп. Дароо эле Арууке тируу дебей, башка-башка ура турган бала экенсин, дагы апа деп алганына тутойсун!!!
-4
Tansuluu09
2016-07-18 15:07:36
Кинонун ичинде жургондой эле болдум элестетип
+2
kabyl_77
2016-07-18 16:45:35
Ээх бαктылуулуктαн αккαн коз жαштαргα эмне жетсuн...)
+3
Neizvestno777
2016-07-18 17:14:39
Биринчи дегендерге не муйуз чыгабы??? Жон эле окуп койсо болбойтбу?
+6
bolotbek91
2016-07-18 19:42:52
Мен акыркы экенмин
-2
Nurik.1100
2016-07-18 21:54:08
Жок эн акыркы мен
-1
snegurochka11
2016-07-18 22:41:38
Уфффф биринчи,экинчи дегендер тажатты го!
+5
Nazikbaigazy
2016-07-19 01:45:02
Ииии ошондо олуп калган кызын Маржан билбейт екенда, мына сага кызык
0
marzi88
2016-07-19 11:11:31
уландысы кийинки санда, улабайле толук бергилечи
+1
Mers124
2016-07-19 11:50:01
сорок последний
-1
kuba82kgnur
2016-07-20 17:16:26
Китеби барбы баарын бир эле окуганга?
0
mishonia8077
2016-07-22 09:11:22
Ээуу силерден биринчи биз окуганбыз газетадан
0
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан