ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Айдоочу мен жаткан бөлмөнүн терезесин карап, шериктерине бир нерсе айтты, акырын сүйлөгөнүнөн жакшы угулбады. Үйгө кирип, кайра эле чуркап чыгышты да, бир нерселерди сүйлөшүп калышты. Мени издеп келишкен окшойт, айдоочу актангансып жатты. Үйдүн ээси да чыгып калды эле, андан да бир нерселерди сурашты. Ал кайра үйгө кирип, менин жанымда жаткан адамдарды ээрчитип чыкты, алардан да сурап, кеңешип туруп калышты. Мен бак менен сойлоп коргондун түбүнө барып тигилерди карасам, бирөө үй ээси менен үйдүн ичин караганы кирип кетти, калгандары короону тинте башташты. Дубалдан ашып түшүп, караңгы көчө менен чуркап жөнөдүм, эки тарабым бүт эле коргон. Туш келген көчөгө кирип кете бердим. Бир сааттан ашыгыраак жүргөндө шаардын сыртына чыктым, шалы эккен талаа окшойт. Шалысын карап жаткан дыйкандарбы, анда-санда адамдардын сүйлөгөндөрү угулат. Чоң суунун жанындагы коюу өскөн чөптөрдүн ичине кирип сууну карап отурдум. Эмне кылышты билбейм, жанагы айдоочу менин эмнемден шекшип калды түшүнбөдүм, кара кийимчендер мен экенимди кайдан билишет же жөн эле дал келүүчүлүкпү? Же мени бүт Ооганстан боюнча издеп калышканбы? Эч жерде сүрөтүм болбосо же эч ким мени тааныбаса... Ойлонуп деги эле башым жетпеди. Тоо жакка качып кетсемби, бирок тоодо деле жүрдүм го. Күрмөмдөн тааныды бекен дейин десең, андай күрмө кийгендер толтура. Мазари-Шарифте эми жүрө албайт элем, Тажикстан жакка бара бериш керек болду. Же түшүмдө сүйлөндүм бекен, бир болсо түшүмдө сүйлөнгөн окшойм...
Чөптөрдүн арасында жатып уктап кетиптирмин, түшүмө жайлоо кириптир, кичинемде таенем менен жайлоого чыкчумун, боз үйүбүз суунун боюнда эле, суунун акканын угуп жатып уктачу элем.  Адамдардын кыйкырып сүйлөшкөнүнөн ойгонуп кеттим. Таң атып калыптыр, дыйкандар шалы оруп жүрүшөт. Аялдар балдарын кыйкырып ойгото албай убара. Чөптүн арасында мага окшоп уктагандар көп экен. Ар кайсы жерден туруп, сууга жуунуп, кээ бирлери тамактанып отурушат. Мага эч ким көңүл бурган жок, сууга түшүп жуунуп, элди карап турдум, тамактанып алгандар ар жерге чогулуп, иши барлар келип алып кетишет экен. Мен да барып четирээкте кыргызга окшогон балдар турган экен, кошулуп алдым. Баары өздөрүнүн орогу менен келет экен. Тура бердим аралашып, жанымдагы бала менен таанышып калдым. Аты Абду экен, мага карап:
– Сарпекке барасыңбы? Төрт күндүк иш бар,- деп калды, мен да сыр бербей, билген адам болуп:
– Барам, төрт күнгө болсо...- деп койдум.
– Анда дагы эки бала табыш керек, хазарларды эле алабыз,- деп жаңы келип кошулган балдардан дагы экөөнү тапты.
Эртерээк кетсек экен деп ичимден тызылдап турам. Акыры бир тарпы чыккан машина келди. Он бала үстүнө чыгып бир жакка кеттик. Шаардан бир топ эле алыс экен, бир жарым саат жүрдүк, бир нече айылдардан өттүк. Бир ээн талаада узун салынган сарай бар экен, аябай эле көп жерге шалы, жүгөрү эгилиптир. Бир кыргызга окшош аксакал киши тосуп алып, бизди жайгаштырды. Неберелери окшойт, сегиз жаштардагы бала, паранжы жамынган кыз жүрөт. Кызы тамак жасап, бала от жагып, кыскасы жардамчылары экен. Шалы оруш керек экен, дароо эле ишке кириштик. Саат ондордо жердин ээси келди, жумушчуларга азык-түлүк алып келиптир. Биз үйдөн алысыраак жерде иштеп жатканбыз. Келип эле аксакалга кыйкырып, колундагы таягы менен далысына бир-эки жолу уруп да жиберди. Кызы менен баласы тамакка деп ар нерселерди туурап отурушкан, бала коркуп калганбы, чуркап сарайдын артына барып бекинип отуруп калды. Анан жерге отуруп үнүн чыгарбай ыйлай баштады. Улам-улам чоң атасын карап коюп ыйлай берди. Чоң атасы унчукпай турат, кожоюну да майдачыл адам окшойт, токтобой сүйлөй берди, улам оозунан шилекейи агып кетет, оозун аарчып коюп тынбай он мүнөт сүйлөдү. Үнү чыйылдап чыгат экен, ушунчалык жаман көрүп кеттим. Баткенде мындай адамга бийлик бербесин деп коёт. Ушундай адамдарды жек көрчү элем, колунан кичине эле иш келип калса өзүн тимеле Кудай сезип калгандарды. Барып быдылдап сүйлөп жаткан оозун жара койгум келди. Жанымдагыларды карасам баары шашып-бушуп иштеп калышыптыр. Мен да айласыздан берилип иштеп жаткан болуп койдум. Чыйылдак жаныбызга келип иштеп жатканыбызды карап, бизге да бир-эки кыйкырып кетти.
Баланын коркуп ыйлап отурганы эч эле көз алдыман кетпей койду. Барып башынан сылап, эркелетип көңүлүн көтөрүп койгум келди, чыйылдак кетсе барайын десем, көлөкөгө төшөк салдырып жатып алды бизди карап. Кичине эле дем алып отура койсоң кыйкырат.
Саат он экилерде тамактанганы чыктык. Күрүчтөн суюк тамак кылган экен, эми жей баштаганымда жанымда отурган бала артка бурулуп да койбой, тамактарга карап отурган бойдон эле жөтөлдү да, мурдун шыр тартып коюп тамагын жей берди. Табитим буулду да калды, башкаларын карасам эч нерсе болбой эле жеп жатышат. Тамагыман өтпөй калды, бир аз отурдум да, күн аябай ысык болгондуктан үч саат дем алат экенбиз, сарайдын көлөкөсүнө барып жатып алдым. Бир жерди шыбайм дегенби, ылай жасап койгон экен, баланын көңүлүн көтөрүп коёюн деп барып кичине ылай алып келип топурак аралаштырып коюулап машина жасап жатсам, жаныман отун көтөрүп өтүп калды эле:
– Азыр сага сонун машина жасап берем, сенин өзүңдүн жеке машинаң болот- десем, жакыныраак келип отуруп калды... 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
temirov76
2016-07-18 09:01:25
Мен финалда,ураа!
0
aitowa11
2016-07-18 09:07:14
Кызыктуу чыгарма. Автор молодец!
+5
aitowa11
2016-07-18 09:09:57
Тиги кара кийимчендер чын эле неге издешиптир аны? Тим эле титиреп окуймда ушул чыгарманы озум как будто аралашып жургондой
+4
temirov76
2016-07-18 09:21:31
aitowa11,шофёр сатып койгонда,жолдо келе жатып суйлошкондо шектуу болуп калган.
+5
freedom11
2016-07-18 09:34:45
aitowa11, мен дагы ичине кирип кетем чыгарманын
+4
MES
2016-07-18 09:19:43
Обоо дагы бир жума кутобузбу?
+5
Begimkyz
2016-07-18 10:02:47
Ыыы бүтүп калды(((
+3
Lion.
2016-07-18 14:42:50
Бир жума
+1
audi80
2016-07-18 20:44:47
Жакшы чыгарма дагы укташ керек дуйшонбуну
+1
Nazikbaigazy
2016-07-19 01:51:56
Кыскартылган видео дайби аягында емне видеосу барбы
-1
Shef87
2016-07-19 17:41:21
жомок
-2
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан