SUPER.KG’ден КҮНСЕРЕП

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

7-июль:
АКЫН, АТКАРУУЧУ, СҮРӨТЧҮ... ПРЕЗИДЕНТТИН ДАГЫ КАНДАЙ ӨНӨРЛӨРҮ БАР?
 
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев аткарган дагы бир жаңы ыр интернетке тарады. Сүйүүнү баяндаган "Я не могу без тебя жить" деп аталган бул ырын мамлекет башчы 2009-жылы жазганын айтты.
Президенттик аппараттын маалыматына таянсак, өлкө жетекчиси өзүнүн 60 жылдык мааракесине карата үй-бүлөсүнө жана жакындарына арнап, өзү чыгарган ырларды CD-дискке жаздырууну чечти. Кыргыз лидери буга чейин орусча 5 ыр жаздырган, үстүбүздөгү жылдын август айында эмгек өргүүсүнө чыкканда кыргызча 5 ырын жаздырууну пландоодо. "Алмазбек Атамбаев 2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоодон кийин эч кандай мамлекеттик кызматта иштебей тургандыгын бир нече жолу айткан. Президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин өлкө жетекчиси чыгармачылык менен алектенүүгө ниеттенүүдө",- деп билдирди президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү.
Алмазбек Атамбаев саясатта гана эмес, чыгармачылыкта да из калтырууну көздөөдө. Жакында анын кызы Алия Шагиева президент сүрөттү жакшы тартарын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады. Ким билет, балким, жакында президенттин кыл калеминен жаралган шедеврлерди көрүп калышыбыз да мүмкүн.

8-июль:
БАБАНОВ ТАШИЕВДИН ДАГЫ БИР АДАМЫНАН КУТУЛДУ

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Жыргалбек Саматовду мандаттан ажыратты. Комиссиянын бүгүнкү отурумунда депутаттын кош жарандуулугу боюнча Орусиянын Башкы прокуратурасы тарабынан жиберилген маалымат каралып, жыйынтыгында Саматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечими кабыл алынды. БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Альгиз Шүкүралиев орусиялык органдардын маалыматына шилтеме берүү менен депутат Саматов Орусиянын жарандыгын 2001-жылы алганын айтты. Анын билдиришинче, Саматовдун Орусиянын жарандыгынан чыгуу тууралуу арызы ал өлкөнүн миграция органдарында катталбаган. Ал Саматовго "Орусиянын жараны эмес" деген документ аталган өлкө тараптан берилбегенин кошумчалады. Саматов "Орусиянын жараны эмесмин" деп БШКга көрсөткөн документ жасалма болуп чыгууда.
Аталган депутат менен "Республика-Ата Журттун" лидери Өмүрбек Бабанов 2015-жылкы парламенттик шайлоодон бери тирешип келе жатат. Шайлоодон кийин БШК Саматовду "Орусиянын жараны" деген негизде партия тизмеси аркылуу мандат алуу укугунан ажыратып, бирок бул чечимди Жогорку Сот 5-ноябрда жокко чыгарган. 2015-жылдын 9-декабрында БШК ага мандат берип, бир аптадан кийин Саматовдун "Орусиянын жараны эместиги тууралуу БШКга көрсөткөн каты жасалма болуп чыкты" деген жүйө менен мандатын кайра алып койгон. Мындан кийин да Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылган талапкер утуп чыгып парламентке барган. Саматов 2016-жылдын 13-январында парламентте ант берген күнү "Республика-Ата Журт" фракциясы аны фракция курамынан чыгаруу чечимин кабыл алган.
Жогорку Кеңештин 21-январдагы жыйынында Бабановду депутат Саматов Казакстандын жараны деп айтып чыккан. "Республика-Ата Журттун" лидери: "Жыргал, кел, депутаттардын алдында эркекче сөз берели. Экөөбүз тең Орусияга, Казакстанга расмий кайрылуу жиберели. Алар экөөбүздү тең "биздин жараныбыз" деп жооп беришсе, экөөбүз тең мандатты тапшырып беребиз",- деген эле. Ошентип, 6 айдан кийин анын мандат маселеси кайра көтөрүлдү. Бабанов бул иштин түбүнө жете тургансып калды...
 Саматов парламенттин 5-чакырылышында "Ата Журт" партиясынан депутат болгон. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Камчыбек Ташиевдин командасынын курамында "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмесине кошулган. Шайлоодон кийин Бабанов партиянын тизмеси аркылуу мандат ала турган талапкерлер Жыргалбек Саматов, Курманкул Зулушев, Нургазы Айдаровду тизмеден чыгаруу аракетин баштаганда коомчулукта "Бабанов шайлоо бүткөндөн кийин ташиевчилерден тазаланып жатат" деген сындар айтылган.

12-июль:
ТЕКЕБАЕВДИН ДЕМИЛГЕСИ БИШКЕКТИ ОҢДОЙБУ ЖЕ ЭЛДИ ТОНОЙБУ?

Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкектин борбордук бөлүгүн эски курулуштардан тазалоо демилгеси боюнча журналисттерге маалымат берди. "Шаарга жепирейген үйлөрдү эмес, комплекстүү имараттарды курушубуз керек. Эгер ушул темпте калтырсак, шаарыбыз дагы 25 жылда деле оңолбойт",- дейт депутат.
Сөз борбор шаардын Карпинский, Линейная, Жибек Жолу көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген аймагында 1996-жылга чейин курулган курулуштарды мэриянын балансына алып коюп, ээсине компенсация төлөп берүү жөнүндө болууда. Компенсациянын өлчөмүн, албетте, менчик ээси эмес, "чоңдор" чечишет... "Жарандардын менчигиндеги турак жай, имараттарды мэриянын балансына алып коюу" деген кептин өзү эле элди чочулатып, нааразы пикирлерди жаратты. Долбоорго каршы чыгып жаткандар Текебаев менен жолугушуу өткөрүп, "ата мекенчи" аларга документтин маңызын түшүндүрүүгө аракет кылганын айтат. Жолугушууга келгендерди "Ата Мекендин" лидеринин аргументтери ынандыра албаган өңдүү. Сунушталган мыйзам долбооруна каршылар да бүгүн маалымат жыйын өткөрүшүп, демилгени "элге каршы мыйзам" деп аташты.
"Булар элди тоногону жатышат. Бизден алынган жерге социалдык же маданий мекемелерди эмес, өздөрүнө үй, кафе, ресторан курушат",- дейт мыйзам долбооруна каршы чыгып жаткан топтун өкүлү Мария Абакирова. Жарандык активисттер мыйзам долбооруна каршы 2 миңден ашык кол топтолгонун билдиришти.
"Ата мекенчилердин" социалдык өңүттөгү, коомдун калың катмарын кайдигер калтырбай турган мыйзам долбоорлору көбүнчө шайлоолорго жакын сунушталып "популисттик аракет" деген сынга туш болушат. Бишкектин четинде мыйзамсыз басып алынган жерлерди, аларга курулган 6 миңдей үйдү мыйзамдаштыруу аракети да 2015-жылкы парламенттик шайлоонун алдында көтөрүлүп, коомдо "элден добуш алуу аракети" деп сындалган. Текебаевдин командасынын бул демилгеси болсо "элди тоноо" катары бааланууда.
Конституциянын 12-беренесинин 2-пунктунда менчиктин кол тийбестиги, эч ким өз билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эместиги, менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилери белгиленген. Ушул эле пунктта "коомдук муктаждыктар" үчүн мүлктү мамлекет соттун чечими аркылуу алып коё алары айтылат. Текебаевдин мыйзам долбоорунун логикасына таянсак, эртең дагы бир башка мыйзам жазып, кайсы жакта жайгашканына карабастан сиздин да үйүңүздү мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн деген "жакшы ой" менен алып койбойт деген кепилдик жок. Демилгенин тагдыры парламент каникулдан келгенде, күзүндө чечилмекчи.

13-июль:
УЧУРДУН СУРООСУ: КЫРГЫЗ КАЙДА БАРАТАТ?

Бишкек шаарынын көчөлөрүнө илинген баннер коомдо талкуулар толкунун жаратты. "Кайран элим, кайда баратабыз?!" деп аталган баннерде ак элечек кийген кыргыз айымдарынын сүрөтү, ага салыштыруу иретинде жакында Ош шаарында өткөн иш-чарада тартылган жүзү жабылуу кыз-келиндердин жана кара паранжа жамынган айымдардын сүрөтү тартылган. Интернетте социалдык тармактардагы айрымдар муну "чагымчылдык" деп атап, баннерди илдиргендерди жоопко тартууну талап кылууда. Ал эми экинчи тарап баннердин илинишин колдоп, кыргыздын улуттук дөөлөттөрү тыштан келген маданияттан улам жоголуп кетпеши керегин айтышууда.
Кыргыз жеринде диний ишенимине карап кийингендерге, дегеле жарандардын кийинүүсүнө мыйзамдык чектөө жок. Конституциянын 31-беренесинин 4-пунктунда "улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүнү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат" деп жазылган. Ошол эле учурда президент Алмазбек Атамбаев улуттук дөөлөттөрдү сактоо зарылдыгын, кыргыздардын жашоосуна "мусулмандын кийими" деген терминди киргизбөө керектигин айтып келет. Бир жолу мындай деген: "Мусулмандын кийими деп хиджаб менен дамбалды эсептесек, аларды бизге таңуулай беришсе, анда эмне, кыргыздын улуттук кийимин кийгендерди же өзүнө ыңгайлуу кийингендерди мусулман эмес дейбизби?"
Бишкектин көчөлөрүнө илинген баннерди айрымдар улуттук баалуулуктарды сактоого чакырык катары кабыл алышты. Муфтият болсо баннер элдин ынтымагына доо кетирет деген позицияда. "Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы кыргыздын улуттук кийимин динге дал келген кийим деп белгилейт жана улуттук баалуулук менен диний баалуулуктарга шайкеш келерин билдирет. Көчөгө коюлган аталган жарнак элдин ынтымагына доо кетирген көрүнүш. Муфтият мындай нерселерге таасирленип чектен чыкпоого чакырат",- деп айтылат муфтият тараткан билдирүүдө.
Ал эми баннердеги сүрөттө паранжа (айымдын көзү гана көрүнөт) жамынган айымдар тартылган. Кыргыз коомчулугу баннерди түз кабыл алып, андан адамдарды экиге бөлүү аракетин көрдү. Бишкекте мындай көлөмдөгү 1 баннердин орточо баасы 23 миң сомдун тегерегинде. Жарнакты илдирген адам коомдук фонддордун биринин жетекчиси экенин мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү Гуля Алманбетова тастыктады. Автор өзүнүн кадамын "Исламдан улам кыргыздар өзүбүздүн ким экенибизди унутуп калбайлы деген ойду айтайын дегем" деп түшүндүргөн. Улутка күйгөн бул адамдын аты-жөнүн шаар башкармалыгы сыр тутууда.
Жакында гана Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамдуу түрдө жума күндөгү тыныгууга намаз үчүн кошумча 1 саат убакыт бөлүү аракети менен мыйзам демилгелеп чыккан эле. Ал демилге кыргыз коомчулугун эки жаатка бөлүп, динге берилгендер менен эркин көз караштагы адамдардын кайым айтышууларын жараткан. Ал окуя Кыргыз өлкөсүнүн президентинин кийлигишүүсү менен тынчыган эле. Бир ай өтпөй "Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген эскертүү менен коштолгон баннер окуясы пайда болду. Бул окуялар кыргыз коомчулугунда светтик өлкө түшүнүгү менен шарият жолунда жашоо түшүнүгү бир рамкага сыйбай баратканынан кабар берет. УКМК үчүн бул кооптуу коңгуроо...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан