Ди-джей, телеалпаруучу Расул Мырзатегинге жубайы 8-июлда балканактай уул төрөп берип кубантты. Жарыкка келген наристе жубайлардын экинчи уулу. "Уулум 3,7 килограмм салмакта төрөлдү. Ысымды менин ата-энем коюшат, учурда акылдашып жатышат",- дейт Расул мырза.
Былтыр үйлөнгөн "Жебе" тобунун солисти Самат Муратбековду болсо 13-июлда жубайы кыздуу кылды. Аталган топтун негиздөөчүсү Кенже Дүйшеева интернеттеги баракчасы аркылуу: "Бүгүн "Жебе" тобундагы эң жароокер, акылдуу балам Самат кыздуу болду. Кубанычымда чек жок, неберелүү болдум",- деп сүйүнчүлөдү.
Бул күнү аранжировщик, ырчы Эрнест Жоошевдин сүйүктүү жубайы уул төрөп берип аны ата деген статуска ээ кылды.