Кыргыздын учурдагы мега жылдызы Нурлан Насип казактардын музыкалык телеканалдарынын бири уюштурган жыл мыктыларын аныктоо аземине конок катары чакырылып, ыр сунуп кайтты. Учурда бул жигит казак ырчылары менен тыгыз иштешип жатат. Ошондой эле Малика Дина менен чогуу аткарып чыккан "Тунук махабат" аттуу ырын казак ырчылары Төрегали Төреали менен Серик Ибрагимовго белек кылганын билдирди.
"Мындан тышкары Серик Ибрагимов "Мейли" деген ырымды жакында жаздырууну пландап жатат. Казак ырчылардан сунуштар көп болууда, "ыр жазып бер, дуэт жаздыралы" деген сыяктуу. Буюрса, чогуу иштешүү пландарым бар",- дейт ырчы.