"АКЧА КОТОРУУЛАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ ЭМГЕК МИГРАНТТАР ТАРАБЫНАН ИШКЕ АШЫРЫЛАТ"

2000-жылдардын башынан бери акча которуулардын мааниси дүйнөлүк экономикада өтө жогорулады. Дүйнөнүн айрым өлкөлөрү үчүн акча которуу эң негизги булак катары кабыл алынып, кээде соода жана кызмат көрсөтүүдөн, кредит же түз инвестициядан, валютанын агып киришинен дагы жогору турат. Дүйнөлүк банктын баа берүүсүнө таянсак, 2015-жылы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө акча которуулардын көлөмү 432 миллиард АКШ долларын түзүп, 2014-жылга караганда 0,4 пайызга көптүк кылган. Иликтөөлөргө таянсак, бул акча которуулардын көпчүлүгү жумушчулар же эмгек мигранттар тарабынан ишке ашырылат. Жумушчулардын акча которуулары жана анын өзгөчөлүктөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын төлөм теңдеми жана тышкы карызды тейлөө бөлүмүнүн жетектөөчү экономисти Акжолтой Садабаевден кененирээк маалымат алдык.

– Саламатсызбы? Жогоруда айтып өткөндөй, жумушчулардын акча которуулары деген эмне?
– Жумушчулардын акча которуулары – бул чет өлкөлөрдө бир жыл бою же андан көбүрөөк иштеп жүргөн эмгек мигранттары тарабынан өз мекенине жөнөткөн акча которууларды айтсак болот. Бирок алардын баарын эмгек мигранттар деп айтканга да болбойт. Алардын ичинде, мисалы, мектептердин жана университеттин окуучулары, аспиранттар, пенсионерлер жана башка жарандар болушу мүмкүн. Мигранттардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык топторго бөлүп карасак, анда негизинен миграцияда эмгекке жөндөмдүү адамдар жүрүшөт. Ал эми көбүнчө акча которуулар мигранттар тарабынан өзүнүн үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү максатында жөнөтүлөт. Акчаны каалаган юридикалык же жеке жак которууга жана кабыл алууга акысы бар.

– Акча которуулардын кандай түрлөрү бар жана алар кантип ишке ашырылат?
– Акча которуулар тигил же бул мамлекеттин ичинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Андай акча которууларды биз – ички акча которуулар деп атайбыз. Эгерде акча каражаты чет өлкөгө багытталып же чет өлкөдөн бизге келип жатса, анда ал – тышкы эл аралык акча которуу болуп саналат. Ушуга жараша чет өлкөгө которулуп жаткан акча каражаты чет өлкө валютасында жиберилет же дарегине жеткен кезде акча тийиштүү валютанын түрүнө алмаштырылып алынат (рубль, евро, доллар ж.б.).
Негизинен, акча которууларды жөнөтүүнүн 2 ыкмасы бар: формалдуу жана формалдуу эмес.

  • Формалдуу каналдар – бул акча которуу системалары аркылуу которуулар (мисалы: Анелик, Western Union, Контакт), жеке адамдардын банк жана почта аркылуу которуулары. Бул каналдар расмий статистика менен эсепке алынып турат;
  • Формалдуу эмес каналдар – бул эмгек мигранттары, алардын достору, тааныштары, автобус айдоочулар же поезддин проводниктери аркылуу алып келинген накталай акча. Акча которуулардын накталай формада алып келүүсүн эсепке алуу мүмкүн болбогондуктан, Улуттук банк которуулардын бул бөлүгүнө кошумча эсептөөлөрдү жүргүзөт.

Кыргыз Республикасына келип түшкөн акча которуулардын негизги каналы болуп акча которуу системалары эсептелинет, алар которуулардын 90 пайыздан көбүн түзөт.
Ал эми жеке адамдардын банк жана почта аркылуу которууларынын үлүшү чоң эмес. Акыркы кезде банк карталары аркылуу акча которуулар көп кездеше баштады. Тагыраак айтканда, бир төлөм картадан экинчи төлөм картага акча каражатынын которулушу. Мындай ыкма менен которуу дагы заманбап жана ыңгайлуу десем жаңылышпайм.

– Акча которууларды жүргүзүүдөгү кызматка карата төлөмдүн баасы канча турат?
– Дүйнөлүк банктын маалыматына таянсак, акчаны которуу боюнча төлөмдүн орточо баасы дүйнө жүзүндө айырмаланып турат. Мисалы, Орусиядан Кыргызстанга которгондо жалпы суммадан 2 гана пайыз алынат. Ал эми Европадан Африкага которуулардан 5-10 пайыз кызмат акы алынат. Башкача айтканда, акча которулуп жаткан жердин жана анын багытынын дарегине жараша айырмаланат.

– Акча которуулар кандайча эсепке алынат?
– Улуттук банктын иштеп жаткандардын акча которуулары боюнча маалыматына жеке адамдардын акча которуу системалары, банк жана мамлекеттик ишкана "Кыргызпочтасы" аркылуу жөнөтүлгөн которуулар кирет. Бул маалыматтарды Улуттук банк коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин отчёттору аркылуу алат. Андан сырткары Улуттук банк формалдуу эмес которуулар боюнча кошумча эсеп жүргүзүп, жумушчулардын акча которуусунун жалпы суммасын чыгарат. Кошумча эсептөө буга чейинки изилдөө жана эсептөөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Кошумча эсептөө акча которуулардын таза киришинин 10 пайызын түзөт.

– Акыркы жылдардагы иштеп жаткандардын акча которууларынын динамикасы кандай?
– 2010-жылдан 2014-жылга чейин мигранттардын акча которууларынын киришинин өсүш темпи туруктуу болуп, жылына орто эсеп менен 19 пайызды түзгөн. Бирок 2015-жылы акча которуулардын таза көлөмү 2014-жыл менен салыштырганда 25,8 пайызга төмөндөп, жеке адамдардын акча которууларынын киришинин төмөндөө тенденциясы байкалган. Бул биринчи кезекте орус рублунун АКШ долларына болгон девальвациясына байланыштуу. Бул көрүнүш орус рублунда болгон акча которуулардын кириш көлөмүнүн өсүү темпинин сакталуусу менен далилденет.

– Чет өлкөлөрдө иштеген кыргыз мигранттарынан келген акчалардын азаюусу кайсы тармактарды алсыратты?
– Чет өлкөлөрдө иштеген кыргыз мигранттарынын өлкөгө которгон акча каражаттары, изилдөөлөргө ылайыктуу мигранттар тарабынан өзүнүн үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү максатында жөнөтүлөт. Акча которуулардын натыйжасынан үй чарбасындагы киреше булак көбөйүп, акчаны кабыл алган тарап ал каражатты биринчиден: эң негизги керектөөлөрүн жабуу максатында, экинчиден: керектөө, тейлөө (билим берүү, саламаттыкты сактоо), курулуш тармактарына жумшачу. Ал эми мигранттардан келген акча которуулардын азаюусу – бул эң биринчиден, мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн сатып алуу жарамдуулугуна жана керектөөнүн төмөндөшүнө таасирин тийгизди.

– 2016-жыл боюнча негизги тенденциялар туурасында токтоло кетесизби? Кайсы өлкөлөрдөн акча которуулар келип турат жана кайсы өлкөгө Кыргызстандан жөнөтүлөт?
– 2016-жылдын январь-май айларында жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу которуулары 629 миллион АКШ долларын түздү, бул 2015-жылдын салыштырылып жаткан мезгилдин көрсөткүчүнөн 4,2 пайызга жогору. Кыргыз Республикасынан 129,6 миллион АКШ долларындагы суммада акча которуулары жөнөтүлгөн. Салыштырып кетсек, 2015-жылы өлкөдөн 144,2 миллион АКШ доллары көлөмүндөгү которуулар жөнөтүлгөн. Ал эми 2016-жылы акча которуулардын таза агымынын көлөмү 499,5 миллион АКШ долларын түзүп, 2015-жылга салыштырганда 8,7 пайызга жогорулаган.
Акча которуулардын жалпы агымында Орусия Федерациясынын үлүшү 92 пайызды түзөт. Демек, Кыргыз Республикасынан башка өлкөлөргө жөнөтүлгөн акча которуулардын негизги үлүшүнүн, 92 пайыздан көбүрөөгү Орусия Федерациясына таандык. Ал эми акча которуулардын географиялык кесилишинде башка өлкөлөрдүн үлүшү мурдагыдай эле аз.
Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн акча которуулардын мааниси зор экендигин эске алуу менен, Улуттук банк которуулардын статистикалык эсепке алуусун жакшыртуу, изилдөө жана анализдөө багытында үзгүлтүксүз иш жүргүзүп турат. Акча которуулар боюнча маалыматты сиздер "Кыргыз Республикасынын төлөм теңдеми" аттуу Улуттук банктын квартал аралык публикациясынан жана Улуттук банктын сайтындагы "Статистика" деген бөлүмүнөн таба аласыздар.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Frunze74
2016-07-21 23:14:59
Кыргызстан мигранттардын эсебинен жашап жатат, жакырчылык, жокчулуктун айынан Африка, Австралияга чейин барып иштеген мигранттарыбыз бар, бирок копчулугу жогоруда жазылгандай Россиянын ар булун-бурчунда. Мигранттар жоноткон акчаларга курулуштар журуп, соода-сатык журуп жатат, ал акчалар келбей калса Кыргызстанда курулуш ж.б. тармактар дээрлик токтоп соода кыбырап калат. Коп ишкана банкрот болот. Мигранттар баары биротоло кайтып келсе Кыргызстанда реально ачарчылык башталат жумушсуздуктан.
0
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан