УРОЛОГ ЖООП БЕРЕТ

Окурмандардан келген суроолорго Улуттук госпиталдын алдындагы №3-заара таштар бөлүмүнүн жетекчиси, уролог Жуман Мырзалиев жооп берет.

"БӨЙРӨК МАЙДЫ ЭМНЕГЕ АЛЫП САЛЫШАТ?"

– Жакында бөйрөгүм ооруп текшерилсем врачтар "паранефрит" деген диагноз коюшуп, "операция жасап бөйрөк майын алып салыш керек" дешти. Бул эмне болгон оору? Жөн эле дарыласа айыкпайбы?

Асылбек Доолотов, Ош

Бөйрөктү каптап турган май кабыкчалары сезгенип, ириңдеп кетет. Бул медицинада "паранефрит" деп аталат. Ооруну инфекциялар, кургак учук таякчалары жана башкалар пайда кылат. Бул оору кант диабетинен жабыркагандарда көп кездешет. Жөн эле дарылаганга болбойт. Операция жасап, ириңдеп кеткен май кабыкчаларды алып салуу, ордуларын тазалоо кажет.

"УМАМ САНЫМА ЖАБЫШЫП КАЛАТ..."

– Акыркы кезде төшөк катнашында начарлап кеттим. Анан умам (яичник) саныма жабышып калат. Бул эмнеликтен?

Тахир Жабиров, Ош

Эркек жыныстык жактан жугуучу ооруларга (мисалы, трихомоноз, гонорея, хламидия, уреаплазма жана башка) чалдыкканда жана ал оорулардан толук айыкпай калганда сиз айткандай оору белгилери билинет. Андыктан тезинен дарыгерге текшерилип, дарыланып, толук айыгууңуз кажет.

"ЦИСТИТТЕ ДА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЙБЫ?"

– Сиңдимдин өнөкөт цистит оорусу бар. Врачтар "уретрасы жыныс кынына жакын жайгашып калган, операция жасоо керек" дешүүдө. Ушундай болушу мүмкүнбү? Дарты бат-бат кармабашы үчүн эмне кылуу керек?

Жазгүл Эрболотова, Жалал-Абад

Врачтардын айтканы туура. Кээ бир аялдардын уретрасы (заара чыгаруучу каналы) тубаса жыныс кынынын оозуна жакын жайгашып калат. Андайда инфекциялар бири-бирине өтүп, сезгенүүлөр келип чыгат. Эгер ушундай болсо, анда операция аркылуу уретраны өйдө жакка жайгаштыруу кажет. Цистит кармабашы үчүн таманга сыз өткөрбөө, колду муздак сууга көп салбоо, жеке гигиенаны сактоо, иммунитетти көтөрүү сунушталат. Оору кармаганда төшөктө жатуу, диета кармоо (ачуу жана тамакка салынуучу татымалдарды колдонбоо) керек.

"КИЙИН ТУРМУШКА ЧЫКПАЙ КАЛАМБЫ ДЕП КОРКОМ..."

– Мен энурез менен ооруйм. Врачтарга көрүнүп, дарыландым. Мурдагыга караганда жакшы. Бирок кийин бул оору менен турмушка чыга албай каламбы деп корком. Эмне кылсам болот? Дарт эмнеден жаралат?

Жыпара Сейдебекова, Бишкек

Энурез – бул, кыргызча айтканда, жижиңдик, түнкү сийгектик. Келип чыгышына табарсыктын сезгенүүсү, табарсыктын анатомиялык өзгөчөлүгү (заара чыгаруучу каналдын кыскалыгы же табарсык моюнчасынын кескин жооноюп кетиши), табарсыктын нерв системи аркылуу башкарылып, көзөмөлдөнүшүнүн бузулушу себепкер болот. Андыктан гинекологго, неврологго жана урологго да текшерилүү кажет. Пайда болуу себебине карата дарылоо жүргүзүлөт. Дарылоодо физиотерапия, диета да сунушталат. Кийин турмушка чыкпай калбаймынбы деген коркууну жоюп, врачтардын такай көзөмөлүндө болуп, айткандарын так жасооңуз кажет.

Ар кайсы тармактагы адистерден кеңеш алгыңыз келсе, суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан