ПИКНИККЕ ЖӨНӨЙБҮЗ

ЛИМОНДУУ СИРОП

Лимонду кесимдерге бөлүп аласыз. Анан капкактуу банкага алгач кумшекер, үстүнө лимондун кесимдерин саласыз. Ушинтип бирде лимондун кесимдерин, бирде кумшекер салып отуруп банканы толтурасыз. Чайга кошуп ичкенге лимондуу сироп даяр.


 

АЗЫКТАРДЫ САКТООЧУ КОЛ ЧАТЫР

Пикникте азык-түлүктөрдү жерге койгондо бирөө-жарым тепсеп кетет же курт-кумурска каптайт деп корксоңуз, мына минтип кол чатырдын ичине сактаңыз. Болгону алгач кол чатырды бутакка асып алыңыз.



ЖУМУРТКА САЛАТКА СЫНБООЧУ ИДИШ

Пикникке сарысы майонез жана укроп менен аралаштырылган жумуртка салат алганы жатсаңыз, идишти оңой табасыз. Жумуртка салуучу кутуну бир сыйра чайкап койсоңуз, ал сиздин кызматка даяр.



ДАРБЫЗДЫ БААРЫНА ЖЕТКИДЕЙ КЕСҮҮ

Дарбызды баарына жеткидей кылып кесүүнүн жолу: Алгач дарбызды тең экиге бөлөсүз. Жарымын көмкөрүп, курч бычак менен узунунан, анан туурасынан кесип чыгасыз.



ШИРЕҢКЕНИ САКТОО

Ширеңке суу болуп калбашы үчүн үйдөн чыгарда аны чакан пластик идишке бөлүп, ажыратып салып чыгыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
sezim_osmonalieva111
2016-07-20 15:46:52
Сонун кенештер го?Рахмат
+1
ZHaziko
2017-02-02 18:04:51
абдан жакшы кенеш экен рахмат
0
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан