ГЕПАТИТ ЭМНЕДЕН ЖУГАТ?

Бир жолу шаардын четиндеги айылдардын бирине жумуштап барып калдым. Үйдүн 1-класста окуган кызы «апа, тиги кызыңыз сарык болуп ооруп калды, заарасы сапсары» деп өзүнүн сиңдисин көрсөттү. Ал үйдө жаңы эле 2 бир тууган ооруп айыгышкан эле. Мына ушундай бирөө ооруса үй-бүлө мүчөлөрүнө гана эмес, бүтүндөй айыл тургундарына жайылуучу оору туурасында Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын амбулатордук-консультативдик бөлүмүнүн башчысы Халида Азимбаева айтып берет.

ТҮРЛӨРҮ КӨБӨЙДҮ

Медицинада гепатиттин A, B, C, D, E деген түрлөрү белгилүү эле. Кийин окумуштуулар оорунун F, G деген түрлөрүн да таап чыгышты.

А, Е түрү

Эмнеден жугат?
А жана Е гепатити окшош жолдор менен жугат жана белгилери да окшошуп кетет. Булар гепатиттин жеңил түрлөрү болуп саналат, бирок кээ бир учурда оор түрү да кездешет.
Таза жуулбаган мөмө-жемиш, идиш-аяк, кир суу, жуулбаган кол менен тамактанганда, оорулуу колдонгон идиш-аяк, буюм-тайымдардан жугат.

Белгилери
2-3 күнгө чейин дене табы 38-39 градуска чейин көтөрүлөт.
Сасык тумоого кабылгандай алсырап, жүрөгү айланып куса баштайт. Ичи өтөт, тамакка табити тартпайт, ал гана эмес, тамактын жытына кускусу келет.
Заарасынын өңү кызгылт-сары болуп, андан кийин заңы агарат да, денеси, көздөрү саргая баштайт.

Дарылоо
А, Е түрүнүн жугуштуу мезгили алгачкы 1-2-жума. Бул учурда оору бат жугууга жөндөмдүү болот жана оорулуу да катуу кыйналат. Бейтап колдонгон идиш-аяк, сүлгү, жышынгыч, тиш жууган щётка, оюнчуктар өзүнчө бөлүнүп турушу зарыл.
Дене саргая баштаганда адам жеңилдей түшөт. Алгачкы 2-3-жума төшөккө жатып, суусундукту болушунча көп ичсе, мүнөздөп тамактанса, ооруканага жатпай үйдө айыгып кетүүгө болот. Бул түрлөрү эч качан өнөкөткө өтпөйт.
Оорунун курч кармаган мезгили аяктаганда бейтап анализ тапшырышы зарыл. Жыйынтыгы менен толук сакайганы, сакайбаганы билинет. Андан кийин 1-3-6 ай аралыктарында анализ тапшырат.
Кош бойлуу айымдын Е түрүнө кабылышы кооптуу, боюнан түшүп же кабылдап кетсе өлүмгө учурашы мүмкүн. Ошондуктан сөзсүз ооруканага жаткырылат.

B, C, D ТҮРҮ

Эмнеден жугат?
Гепатиттин бул үч түрүнүн жугуу жолдору, белгилери бири-бирине окшош. Кан куйганда, операция учурунда, тиш жулдурганда жугат. Балким, мурунку бейтап гепатит менен жабыркайт. Ошондуктан аспаптарды тазалоо кызматын аркалагандар өз ишин өтө так, талапка ылайык аткаруусу зарыл. Алардын бир эле туура эмес кадамы адамды өлүмгө жеткирерин унутпашы кажет. Андан сырткары кулак тештиргенде, татуировка, маникюр, педикюр жасатканда кан болгон аспапты тазалабай туруп же чала тазалап кийинки кардарга колдонгондо жугат. Кан куюу учурунда да донордун канын текшербей туруп куюу бейтаптын ден соолугу үчүн кооптуу.
Айрым учурда оорулуу энеден түйүлдүккө жугушу мүмкүн.
Баңгилерде да көп кездешет, аларга ийне аркылуу тарайт.

Белгилери
Шалдырайт, башы, муундары ооруйт, дене табы көтөрүлөт. Ошол эле учурда билинбей деле өтүп кетиши мүмкүн. «Гепатит менен ооруган эмесмин, бирок өнөкөт түрү бар деп чыкты» деп да көп келишет. Биз ошондо «алгачкы этабы билинбей өткөн» деп түшүндүрүп беребиз. Курч кармаганда жуктуруп алгандан 7-8 күндөн кийин денеси саргая баштайт. Боор, көк боор чоңоюп кетет.
В түрүндө дене саргайса да оорулуу оңолбой, 2 айга чейин кыйналышы мүмкүн.
С түрү өнөкөткө тез айланат.
D түрүндө адам айыгып бара жатып эле кайра кармайт.

Дарылоо
Ооруну жуктуруп алган адам ар бир үч айда текшерүүдөн өтүп турат. Вируска каршы дары-дармек кабыл алып, мүнөздөп тамак ичсе бир жылда оорулуу айыгып кетет.
Убагында дарыланбаса циррозго жана боордун рагына өтүп кетиши мүмкүн. Мүнөздөп тамак ичүү бир жылга чейин катуу сакталуусу зарыл. Өнөкөткө өтүп кетсе өмүр бою мүнөздөп тамак ичүүгө туура келет.

F, G түрү

Жугуу жолдору, белгилери жагынан B, C, D түрлөрүнө окшош. Гепатиттин бул түрлөрүнүн өнүгүү жолу окумуштуулар тарабынан жетиштүү деңгээлде изилдене элек. Кыргызстанда бул түрү менен жабыркагандар аз.

ӨӨРЧҮҮ МЕЗГИЛИ

«БЭЭНИН СҮТҮ АЙЫКТЫРБАЙТ, ИММУНИТЕТТИ КӨТӨРӨТ»

– Гепатитти айыктырууда бээнин сүтүнүн, ар түрдүү бальзамдардын жакшы таасири бар дешет, чынбы?
– Кымыз ачытылып жасалгандыктан болбойт. Бээнин сүтү, ар кандай бальзамдар гепатиттин вирусун өлтүрө албайт, бирок иммунитетти көтөрөт, ички органдарды тазалайт.

– Гепатиттин В түрү менен жабыркагандар төрөгөнгө болбойбу?
– Кайсы түрүндө болбосун төрөгөнгө болот. Бирок организмде гепатиттин вирустары азайганда гана бойго бүтүшү туура. Эгер энеде вирус көп өлчөмдө болсо, түйүлдүк 20 аптадан өткөндөн баштап дарылоо жүргүзүлөт. Кээ бир учурда энеден балага жугуп калуу коркунучу бар. Эгер эненин иммунитети алсыз болуп, тондо сезгенүү болсо, анда тон вирустарды түйүлдүккө өткөрүп жиберүүгө жөндөмдүү болуп калат.

ГЕПАТИТКЕ ЧАЛДЫККАН АДАМДАР ҮЧҮН ТАМАК-АШ

Газы жок суусундуктун бардык түрлөрү.
Сүт азыктары, жер-жемиштер, печенье, ботконун түрлөрү.
Тооктун, уйдун, балыктын майсыз этинин шорпосу.


Таттуу, ачуу, куурулган, майлуу, ышталган, консерваланган тамак-аштар.
Спирт ичимдиги. Жумуртка, сарымсак, буурчактан жасалган тамактар. Жаңгактын түрлөрү, газдалган суусундуктар.


АЛДЫН АЛУУ

Жаш балдарда жугуу коркунучу жогору. Анткени алар биринин оюнчугу менен экинчиси ойнойт. Биринин оозунан экинчиси момпосуй алып жейт. Ошондуктан балдарды өз буюмун гана колдонууну үйрөтүшүбүз зарыл.
Тамак-аш сатуучу жайлар идиш-аякты сода менен жуугандары талапка ылайык.
Башка бирөөнүн сүлгүсү, идиш-аягы, тиш жууган щёткасы сыяктуу буюмдарын колдонуудан алыс болуу зарыл.


Адам гепатитке кабылганда боордун көлөмү чоңоёт..


Cүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
uran98
2016-07-25 22:16:54
Ото туура жазылыптыр
А-Е туру
0
Pandora
2018-04-27 14:33:11
Мен озум эч качан ооруган эмесмин,бирок тишимди даарылаткан жерден жуктуруп алганмын(((( Тилекке каршы кийин бидгенмин
0
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан