БАЛИГЕ БАРЧУ СУЛУУ БАРБЫ?

Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!

Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.

ЭЛЬВИРА МАВЛЯНОВА
Жашы – 21
Параметри – 94-62-83
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Учурда – КЭУнун экономика факультетинде 3-курста окуйт




«СЫНАК МАГА ЖОЛ КӨРСӨТӨТ ДЕП ОЙЛОЙМ»

– Эльвира, сынакка адатта өзүнө ишенгендер катышууну каалашат, сен ишенимдүүлүктү кайдан аласың?
– Тегерегимдеги адамдардан алам. Мисалы, сынакка апам өзү жөнөттү. «Башка кыздар деле барып жатат, сен деле жашсың, сулуусуң, аракет кылып көрбөйсүңбү» деди. Өзүм буга чейин бир да сулуулар сынагына катышкан эмесмин. Чыгармачылыктын кайсы бир багытында өз ордумду тапкым келет. Азырынча кайсы тармак менен кетерим өзүмө да белгисиз. Буюрса, «Супер сулуу» сынагы чыгармачылыктагы жолумду таап берет деген ойдомун.

– Сынактан чочулап жатканыңды да айтып калдың?
– Ооба, фотобатлдан утулуп калып уят болбосом экен деп кабатыр болуп жатам. Анткени super.kg порталына катталган эмесмин. Тандоо турунан өтпөй калсам эмне кылам, тааныштарым, апам эмне дейт деген ойлор болот экен.



ЧОЛПОН ЖАНЫГУЛОВА
Жашы – 21
Параметри – 88-66-90
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Учурда – Сулуулук салонунда чачтарач болуп иштейт




«СЫНАККА КАТЫШЫП ЖАТКАНЫМА КӨБҮ ИШЕНБЕЙ ЖАТЫШАТ»

– Чолпон, өзүң тууралуу кыскача айтып өтсөң?
– Мен кичинемден сулуулук салонунда иштөөнү кыялданчумун. Бирок окууну бүткөндөн кийин ата-энемдин каалоосу менен мугалимдик кесипте билим алгам. Ал кесибим менен иштеген жокмун, колледжди бүткөндөн кийин сулуулук салонунда чачтарач болуп иштеп калдым. Сынакка катышуумдун башкы максаты – эл, жер көрүп, өзүм кызыккан Бали аралына баруу.

– Сайтыбыздагы добуш берүүдө алдыга чыгуу үчүн кандай аракеттерди көрөсүң?
– Албетте, көпчүлүк дос-тааныштарымды, кесиптештеримди жардамга чакырам. Көбү «чын эле катышып жатасыңбы?» деп ишенбей жатышат. Менин каалоом олуттуу экенин билгенден кийин гана «добуш беребиз», «жардам кылабыз» деп калышты.


SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Нурайым 90 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Айчолпон 18 добушка ээ болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Aikan1966
2016-07-25 10:43:22
Эльвира Мавлянова бир добуш
+1
z0lyshk0
2016-07-25 12:59:54
Эльвира дагы мага жакты.
+1
altyn_kyz
2016-07-25 14:29:44
добуш каяктан беребиз?)
0
artur2008
2016-07-25 15:01:31
Чолпондун кашы жарашпай калыптыр
+1
aikol87
2016-07-25 18:24:47
Эльвира жакты добуш бердим.
+1
Uzakova.Z.A
2016-07-28 12:13:43
Эльвира жакты
+1
Elnura_Almazbekovna
2016-07-28 22:57:59
Чолпонго добуш берем
0
Anarik87
2016-07-29 00:00:29
Эльбирага добуш берем
+1
Shekeev969798
2016-07-31 21:54:11
Элвирага
0
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан