Аспек Эралиев, Сүйүнбай Эралиевдин уулу: «АТАМ АПАМДЫН КӨЗҮ ӨТКӨНДӨН КИЙИН ӨЗҮН ТАШТАП ИЙДИ»

Кеменгер инсан, адабияттын атасы Сүйүнбай Эралиев 16-июль күнү 95 жашында көз жумду. Улуу адам тууралуу эскерүүмдү эмнеден баштаарымды билбей көпкө чайналдым. Анан эскерүүмдү акындын төмөнкү ыры менен баштоону туура көрдүм:

"ЖҮЗ ЖЫЛДАР МЫНДАН КИЙИН ДА"

Жүз жылдар мындан кийин да,
Бул тоолор минтип турушат.
Анда да биздей адамдар,
Карыбас үчүн тырышат.
Жүз жылдар мындан кийин да,
Сүйүүлөр болот ушундай.
Ушинтип жерге жаз келип,
Ушинтип чыгат ушул ай.
Жүз жылдар мындан кийин да,
Дарактар желге ыргала.
Шуудурап турар ушинтип,
Биз жокпуз, аттиң, бир гана!

МАРАГА ЖЕТКЕН САЯПКЕРДИН БАЛАСЫ...


Сүйүнбай Эралиев 1921-жылы 15-октябрда Талас районундагы Үч-Эмчек айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы тууралуу акын «мен боз үйдө төрөлгөн экенмин. Апам Разия өтө адептүү, башкага эмес, өз балдарына өйдө карабаган мүнөзү жумшак киши эле. Атам Эралы дагы ошондой эле жөнөкөй колхозчу, бирин-экин жылкысы, уй-кою бар, өз оокатына камкор киши болчу. Күлүк аттарды таптап, саяпкерлик кылчу» деп эскерчү.
Акындын алгачкы ырлары 1939-жылдан тарта гезит-журналдарга жарыкка чыга баштаган. Кийин алаамат согуш башталып, 4 жыл кан кечип майданда жүрүп, 1944-жылы жараат алып мекенине кайтып келген. Ошол жылдан тартып Талас облустук «Лениндик туу» газетасына жумушка орношуп, 1951-жылга чейин иштеген. Ал жерде кабарчыдан жооптуу катчы кызматына чейин көтөрүлгөн калемгер 1951-1954-жылдар аралыгында Москвадагы жогорку мектепте билим алган. 1965-1967-жылдары СССР Жазуучулар союзунун жогорку адабий курсунда окуган. Андан кийин «Кыргызстан пионери» гезитинде редактор, Жазуучулар союзунда катчы, адабий кеңешчи болуп иштеген. 1984-жылдан тартып кызматты таштап, биротоло чыгармачылыкка киришип, адабиятта өлбөс из калтырды.

НААМГА БАЙ АКЫН

  • Кыргыз Эл акыны;
  • А.А.Фадеев атындагы бүткүл адабий сыйлыктын ээси;
  • Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын алган;
  • Казакстандын адабият жана өнөр тармагындагы эл аралык Жамбыл атындагы сыйлыгы ыйгарылган;
  • Кыргыз-казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын «Алтын көпүрө» аттуу эл аралык сыйлыгы берилген;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы орденин алган;
  • III жана I даражадагы «Манас» ордендеринин ээси;
  • Кыргыз Республикасынын Баатыры.

«КЫРГЫЗ БАРДА СЕН ӨЛБӨЙСҮҢ, СҮЙҮНБАЙ!»

Залкар 18-июль күнү «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилди. Тирүүсүндө аскер формасын кийип, төшүнө орден батпаган акындын наамдарын аскерлер көтөрүп, оркестрдин коштоосунда Кыргыз улуттук академиялык театрга келишти. Маркумдун зыйнатына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, казак акыны Мухтар Шаханов жана башкалар катышты.
«Кыргыз барда сен эч качан өлбөйсүң,
Ага, досум, жан боорум Сүйүнбай!» деп ыр окуган казак акыны Мухтар Шаханов акын менен болгон жакшы күндөрүн эстеп өттү.
– Сүйүнбай экөөбүз ага-иниден артык болдук. Мен 10 жылдан ашуун кыргыз элинде Казакстандын элчиси болдум. Ошол жылдар аралыгында акын экөөбүз бир туугандан да жакын болуп кеттик. Кандай гана маселе болбосун Сүйүнбай агам мага телефон чалып, мени колдоп турду. Мен жарыктык кишини «КТК» деп эркелетип койчумун. Ал дегеним – көзү тирүү классик.

АСПЕК ЭРАЛИЕВ, УУЛУ: «АТАМ АЛТЫН КИШИ ЭЛЕ»

– Атам бизге жакшы ата болду, мыкты тарбиялады. Ал алтын киши эле. Кечиримдүү, адамгерчиликтүү сапаттары менен бизге үлгү болду. Биз 4 бир тууганбыз. Ата-энемди 5 небере, 6 чөбөрөлүү кылдык. Апам жарыктык өткөн жылы октябрда каза болгон. Апамдын көзү өткөндөн кийин өзүн таштап ийди. Көрсө, экөө бири-бирине тирек болуп жүргөн тура.



Султан Төрөбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ALATOOLUK.JIGIT
2016-07-25 10:35:37
Ырлары абдан маанилуу,корком жазат. Негедир коп байкадым карыган жубайлар бири кетсе экинчиси копко турбасы чын окшойт.
+2
MIRBOLOT
2016-07-25 14:47:27
АЛЛАХЫМ Сүйүнбай атага акыретте ыйман берсин, күнөөлөрүн кечирсин, бейиштен орун насип этсин!
+2
mahabat.
2016-07-26 02:39:32
Ажалга айла жок,чон жоготууга учурадык
+2
Sanzhyra
2016-07-26 06:44:02
Жуз жыл деген ырды теледен ролик мене берет го ошону уксам ыйлагым келет
+1
step_by_step
2016-07-26 16:09:29
Жаткан жериниз жайлуу болсун
+1
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан