«АЗИЯ МИКС» «АЛТЫН ЧОҢ КИВИН» КУБОГУНУН ЭЭСИ БОЛДУ

«Азия Mикс» командасы «Голосящий КиВиН-2016» фестивалын жеңип, өлкөбүз үчүн дагы бир сыймык жаратты. 23 команданы чаңында калтырып «Алтын чоң КиВиН» кубогун утуп, 400 миң рублга ээ болгон команда үчүн мекендештерибиз маңдайы жарыла кубанышты.

МАМЛЕКЕТТЕН КОЛДОО ТАППАГАН «АЗИЯ MИКС»

Фестиваль 15-17-июль күндөрү Орусиянын Светлогорск шаарында болуп өттү. Калыстардын катарын хоккейчи Владислав Третьяк, актёр Дмитрий Дюжев, мурунку КВН оюнчулары Сергей Светлаков, Семён Слепаков, алып баруучу Валдис Пельш жана Юлий Гусман толукташты. Намыска жараган оюнчулардын жеңиши социалдык тармакта жайнаган негативдүү жаңылыктарды бир заматта унуткарып, күйөрмандардын жылуу сөздөрүнө толду.
Мамлекеттен колдоо таппай дайыма өз алдынча демөөрчү издеп, кээде очойгон суммага карызга батышкан команданы бул сапар достору колдоого алышкан. Мындан улам кыргыз жерин таанытууга опол тоодой салымын кошуп жаткан командага өзүбүздүн капчыктуу чиновниктерибиз тарабынан жарытылуу колдоо көрүлбөгөнү өкүндүрөт.

«КВНде ДИСКРИМИНАЦИЯГА ОРУН ЖОК»

Белгилей кетсек, фестивалга даярдык жүрүп жаткан маалда «Азия Mикс» командасына калыстар адилеттүү баа берүүсүн өтүнүп күйөрмандары интернетте кол чогултуп башташкан. «Азия Mикс» алдыга умтулганы менен, калыстар дайыма алардан упайларды алып коюшат. Достор, келгиле, бул команданы калыстар адилеттүү баалашы үчүн колдоого алалы» деп петиция ээси кол чогултуп кирген. Командага жан тарткан күйөрмандар «КВНде дискриминацияга орун жок» деп демилгени колдоого алышкан. Бул петиция КВНдин Жогорку Лигасынын президенти Александр Масляковго берилмек.
19-июлда Бишкекке кайткан команданы күйөрмандары жана достору аэропорттон дүркүрөгөн кол чабуулар жана белектер менен тосуп алышты.
Президент Алмазбек Атамбаев да «Азия Mикс» командасын жеңиши менен куттуктады. Өлкө башчы бул команда өзүнүн талыкпас эмгеги, таланты жана чыгармачылык жигердин аркасы менен көрүнүктүү командалардын бири боло алганын баса белгиледи.

Эльдияр Кененсаров: «БИЗ ҮЧҮН АКЧА БАШКЫ ОРУНДА ЭМЕС»

– Эльдияр, жеңишиңиздер менен куттуктайбыз! «Азия Mикс» командасы бул фестивалдын жеңүүчүсү болгону жарыяланганда кандай сезимдер болду?
– Рахмат! Фестиваль бүтүп, эртеңки күн болгуча мен эч нерсени сезген да, түшүнгөн да жокмун. Анткени эмоция ошол маалда ашып-ташып турду. Өзүмө келгенден кийин гана сыймыктандым.

– Фестивалга кандай даярдык көрдүңүздөр?
– Биз алдын ала даярдыкка канча күн керек болорун билчүбүз. Ошондуктан баарынан биринчи болуп Светлогорск шаарына келгенбиз. Башка иштерге алаксыбай, эшикке чыкпай бекинип алып сценарий жазып отурдук.

– Фестивалдарга барарда көбүнчө акча жагынан маселе жаралып келет. Мында кимдер колдоо көрсөтүштү?
– Ар бир оюн алдында каражат маселеси дайыма көйгөй жаратат. Ошондуктан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып даярдыктарга жардам берип, жеңишке салымын кошкон досторубуз Бабур Тольбаев, Ирек Саликов, Имамидин Ташовго терең ыраазычылык билдиргим келет.

– Утуп алган каражатты эмнеге жумшайсыңар?
– Биз үчүн акча башкы орунда эмес. Азырынча ал колубузга тие элек, ал буюрса кийинки оюндун даярдыктарына жумшалат.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Эльдияр мырзанын жубайы, "Азия Mикстин" менеджери Камила Абдил команданы дайыма коштоп жүрөт.


Мекенибиздин сыймыгы болгон "Азия Mикс" командасы күйөрмандары менен.


Командага кубокту Дмитрий Дюжев тапшырды.




Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
pochtalyonin
2016-07-25 09:25:45
Ситораны суйомго
+1
tolkun9090
2016-07-25 12:26:46
Тиги бригададагы космос го
+4
aijan
2016-07-25 13:32:15
Азаматсынар!!! Ураааа!!!
+1
aikol87
2016-07-25 14:46:56
Атамбаев колдоо корсотуп турса керек эле.
+1
Uzakova.Z.A
2016-07-26 17:21:15
Молодцы!
+2
gulsin
2016-07-26 21:21:28
азаматсынар!
+1
milashka.98
2016-07-27 00:24:32
Элдиярдын аялы оруспу? Элдияр эмнеге кыргызча сүйлөбөйт
-1
nurru
2016-07-27 09:56:55
Видеосуну кандай тапса болот
0
MIRBOLOT
2016-07-27 11:21:59
"Азия Мих" Сиздерге рахмат!Жеңишиңер менен куттуктайм, бул эң биринчиси болсун, ошондой эле Сиздерди колдогон спонсорлорго да терең ыраазычылык билдирем. Талыкпаган эмгек, тынымсыз аракет, мыкты идеялар,импровизация ийгиликке жеткизип отурат.Көрүүчүлөрдү ыйлатыш оңой эле, ал эми күлдүрүү эң оор нерсе!Ийгилик жана дагы ийгилик!
+3
azyk_kyrgyz
2016-07-27 18:47:46
Азаматсынар жигиттер,дуйно бизди таанысын.
+2
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан