Кыргыз шоу чөйрөсүндө жаңы чыккан ырчы сөзсүз өзгөчөлөнгүсү келет. Эгер катардагы ырчылардай эле болсо көпчүлүктөн суурулуп чыгышы өтө кыйын. Ошондуктан ар ким дебютту ийгиликтүү жасаганга умтулуп, башкача стиль, имидж менен чыгууга аракеттенишет. Бирок Турдакун Ниязалиев элдей болуп баш катырган деле жок, сүйүү тууралуу «Жубайыма» деген ырын жаратты. Эл өзү эле угуп, сураштырып, кызыга баштады. Турдакундун ийгилиги элдин табитин тапканында болсо керек, балким, анын сыры жөнөкөйлүгүндөдүр...
– Куш келипсиң, Турдакун! Маекти азыр эл арасында хит болуп жаткан «Айтыңыз маарек болсун!» ырыңардын тарыхынан баштасак. Дуэт кандайча жаралып калды?
– Башында бул ырды Мирбек Атабеков англисче, Омар түркчө, мен арабча ырдасак деп ойлогом. Омар бошой албай, Мирбек экөөбүз кыргызча эле аткарып калдык. Мен ойлогондой үч тилде ырдалбаса да эл жакшы кабыл алып, жыйынтык көңүлдөгүдөй болду.
– Атам тарбияга катуу болчу деп эскерген элең. Бекем тарбиядан улам азыр элге үлгү болгон Турдакун чыкса керек?
– Туура, мени кичинемде далдырсың деп коюшчу, аябай бош бала болчумун. Атам боштугумду жоёюн дечү окшойт. Кошуналарымдын кыздары менен ойноп калсам да «алар менен ойнобо, сен кызсыңбы?» деп урушчу. Бир жолу мага тай сатып берип, жүгөнү да жок «мин» деди. Минсем тай чычаңдап чуркап кирди. Улам кулап түшөм, атам «тур, мин» дейт, кайра минем. Ошондо 4-класс болчумун. Азыр ошондой нерсени мен балдарыма кыла алмак эмесмин. Ал үчүн тоодой жүрөк керек экен, мен андайдан корком. Ат чапканды үйрөнгөндөн кийин балдар менен жарыштырчу, калып кетсем «эмнеге каласың?» деп урушчу. Дагы бир жолу мени учкаштырып алып улак чапканы эсимде. Ээрдин темири бутумду улам кыпчыйт. «Ооруп кетти, ата» деп да айта алган эмесмин. Үйгө барып карасам көпкөк болуп кетиптир. Жалгыз уул болгонумдан атам мени бекемирээк болсун деген окшойт. Азыркы жеткен ийгиликтеримди атам көрсө абдан сүйүнмөк болуш керек деп калам.
– Араб тилине мурунтан кызыкчу белең? Араб филологиясы факультетин тандашыңа эмне себеп болгон?
– Чоң апам кичине кезимден эле айылдагы молдолорго алып барып намаз окуганды үйрөткөн. Бирок араб тилин шартка байланыштуу тандап калдым. Мен мектепти аяктаган жылдары көпчүлүктүн катарында биздин да жашоо шартыбыз начар болчу. Ошондуктан апам «Таласта эле окучу» дей берчү. Мен болбой эле көгөрүп «Бишкекте окуйм» деп туруп алдым. Ал кезде эптеп бюджетке өтүп алсам деген максатым бар эле. Карасам көп факультеттерде орун аз, тапшырчу абитуриенттер көп, кала берсе менин алган упайым жетчүдөй эмес. Жарнамадан Чыгыш университети тууралуу окуп калып, ошол жакка барсам башкаларга салыштырмалуу абитуриенттер аз экен. Ошондуктан араб тили факультетине тапшыргам. Азыр ал үчүн өкүнбөйм, анткени араб тилин билгеним үчүн чет өлкөлөргө чакыруулар көп болот.
– Студенттик кезде кызыктуу күндөр көп болот эмеспи. Сенде да эсте калган окуялар барбы?
– Университетте окуп жүргөндө орус тили мен үчүн чоң маселе болчу. Мени сурабаса экен деп эле отурар элем. Уялчаактык жаман экен. Бир жолу туура эмес сүйлөп алып балдар күлүп койсо ошону менен унчукпай жүрдүм. Бир жыл ошентип өттү. Эртең экзамен деген күнү чыгынып бир жылдык конспектини окуп чыкмакчы болдум. Өзүм окусам такыр түшүнбөйм, эжем баарын эринбей түшүндүрүп которуп берди. Адам күч келгенде баарын кылат экен. Кечки саат 4тө баштап, таңкы саат 5ке чейин баарын жаттап салдым. Ошондо өзүмө аябай таң калгам. Бир жыл бою билбей жүргөн нерсенин баарын бир түндө билип, ийгиликтүү тапшыргам.
Ал эми жашоо жактан кыйынчылыктар көп болду. 1-курста жатаканада жашаганда студенттердин ар бирине күнүнө 2 нан берчү, нан жеп, суу ичип күн өткөрчүбүз. Кийин батирге чыгып кетип аябай кыйналдым. Ал кезде атам да кайтыш болуп кеткен. Апам чоң атамдыкында турчу, аны кыйнабайын деп «жол киреге эле акча салыңыз» дейм. Айына 350 сом жөнөтөт, ошол эсеп боюнча сабакка барып келгенге эле жетиши керек. Ашыкча акча кетпесин деп кээде 5-кичи райондон Улуттук китепканага чейин жөө келем же кетем. Менде түштө тамактануу деген жок болчу. Кээде гана Нурбек деген досум пирожки алып берип сыйлабаса эле, түштөнүү учурунда ачка китепканада сабак окуп отурчумун.
– Калың журтка ырчы катары таанылганга чейин эмне менен алектенип жүрдүң?
– Жумуш жок болуп калган учурда үй-бүлө багыш үчүн такси айдап да жүрдүм. Ал кезде «Жубайыма» аттуу ырым чыга элек болчу, бирок дин чөйрөсүндө ырчы катары таанып калышкан. Кыргыздын менталитети башкача тура. Аты чыгып калган адамдардын такси же болбосо коомдогу карапайым жумушка иштегенин башкача кабыл алышат экен. «Минтип иштебей эле койбойсуңбу?» дегендер болду. Кийин өзүм башка жумушка орношуп, такси айдабай калдым. Менимче, кайсы жумуш болбосун маңдай териң менен акча тапсаң анын уяты жок.
– Ырларың аркылуу түгөйлөрдү ынтымакка чакырып келесиң. Өзүңдүн чакан мамлекетиңди да тааныштыра кетсең.
– Келинчегим Жибек Чоң-Алайдын кызы, Бишкекте төрөлүп, Кара-Балтада чоңойгон. Мен студенттерге лекция окуганы барганда аны бир көрүп жактыргам. Таанышканда мен ойлогондой ак көңүл, ичинде кири жок, жайдары кыз болуп чыкты. Башында ата-энеси кызыбыз жаш, кала берсе Таласка бербейбиз деп чыгышты. Таластыктарды өтө эле «дерзкий» деп ойлошсо керек. Бир жылча сүйлөшкөндөн кийин Жибектин чечкиндүүлүгү менен бизге ак батасын беришти.
– Сахнада бир мүнөз адам көрүнөсүң. Жашоодо, достор арасында кандайсың?
– Мен аябай деле жоош эмесмин, антип ойлобогула. Менин жиним чукул, ким кандай мамиле кылса ошого жараша жооп алат. Адамдан көңүлүм калса сүйбөй, мамилени үзүп салам. Балдарым тентектик кылса урушам, тарбиялайм, какыс-кукус деле кылып коюшум мүмкүн.
– Жакында берген жеке концертиңди «бир ыр менен эле концерт берди» деп сындагандар болду. Бул пикирлерге оюң кандай?
– Кээ бирлери чын эле менин бир ырым бар деп ойлошот экен. Мен «Жубайыма» деген ырга чейин диний ырларды аткарганым үчүн элге көп жайылган эмес. Аларды да туура түшүнөм. Мен деле бирөө бир ыр жаздырып алып концерт койсо ошентип ойломокмун. Чынында менин 20 чакты ырым бар.
Мурун кесиптештеримдин концертине конок болуп барганда толкунданчу эмесмин. Өзүмдүкүндө «элге жагып жатат болду бекен, кандай кабыл алууда?» деп толкунданып жатып ашыкча кыймылдарды да жасап жиберипмин. Аны кийин видеодон көрүп жатпаймынбы (күлүп). Буюрса, жыл сайын ушундай элди жакшылыкка үндөгөн концерт берип турам деген максатым бар.
– Маегиңе рахмат! Чыгармачылык ийгилик!
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg