Бийчи Атай Өмүрзаков менен «Тумар КР» тобу казакстандык белгилүү банктардын биринин жарнамасына тартылышты. Видеороликте бийчилер банктан чыгып келе жаткан адамдын акчасын тоноого аракет кылышат. Бирок ал акчасын жанында эмес, карточкасында сактаган адам. Жогорудагы сценарийди бийчилер бийлеп аткарышат. Өзүнүн ири долбоорун ишке ашырууга инвестор издеп жүргөн Атай казак боордоштордон демөөрчү тапкан окшойт деп өзүнө байланышсак: «Бул жарнамалык ролик жаңы коммерциялык долбоор. Белгилүү казакстандык банк жарнамага тартылып берүү тууралуу бизге сунуш киргизди, биз четке каккан жокпуз. Ал эми инвесторду азырынча таба элекпиз»,- деп билдирди.