Орусиялык ТНТ телеканалындагы «Stand Up» юмордук берүүсүн көргөн чыгарсыз. Борончу Кудайбергенов мына ошого окшош берүүнү жакында телеканалдардын бирине алып чыгам дейт. Ал: «Азыр тартуу иштери жүрүп жатат, буюрса, орустардын «Stand Up» берүүсүнө окшош «Жөнеле шоу» деген берүүмдү телеканалдардын биринен көрүп каласыздар. Бизде куудулдардын көбү интермедия аткарып күлдүрөт, мен эле сахнага жалгыз чыгып алып жарым-бир саат сүйлөйт экем. Орустардын берүүсүндө көп стендапчылар бар, биздикинде мен жалгыз болом»,- дейт.