«Тамашоунун» «Кыргыз двор» командасындагы «чыканак, чыканак» деп айткан эки жигит эсиңиздеби? Ошол эки жигиттин бири Кудайберди Кылычбеков бойдокчулук менен коштошту. Тамашоучу: «15-июль күнү сүйүктүүм Мээримге үйлөндүм. Жубайым 19 жашта, экөөбүз 5 жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшчүбүз. Жакында эле апам менен тааныштыргам. Апам Мээримди жактырып, «эртерээк мени келиндүү кыл» деп суранганынан жакшылыкты создуктурбай үйлөнөм деп чечтим»,- дейт. Куш бооңор бек болсун!