Амир Аскаров менен «Сени эстеп» деген ырды аткарган Арно турмушка чыгып, ырчылыкты тынч үй-бүлөлүк турмуш менен алмаштырган эле. «Жалгыз каламын», «Мой рай», «Мечты» деген ырлардын аткаруучусу ырчылыкка кайтканын айтат.
– Салам, Арно, жакында эле ыр жаздырып баштаптырсың. Чыгармачылыкты улантууну чечтиңби?
– Негизи, мен сахнада көпкө болгон жокмун. Андыктан азыр сахнаны таштагам десем туура эмес болуп калат. Болгону турмушка чыгып, 2 кыздуу болуп, өзүмдү үй-бүлөмө арнадым. Мындан сырткары кесибим боюнча кардиологмун. Жумуш, үй болуп жатып чыгармачылыкка жетиштүү убакыт бөлө албай койгом. Эми гана кыздарым торолуп, жайында убакыт болгондо ыр жаздырып радиолорго берип жатам.
– Жолдошуң ырчылыкты улантышыңа кандай карайт?
– Албетте, сүйүнбөйт, бирок каршы да эмес. Анан той, концерт деп чачырап турсам ага деле жакпайт болуш керек. Өзүмдү унуткарбай убакыт болгондо ыр жаздырып, угармандарга сунуштап турам деп чечтим.