Гүлнара Шамшиева, «Бай-Түшүм» банкынын башкы менеджери: «КАРДАРЛАР ОРТОМЧУГА ЭМЕС, БИЗГЕ КАЙРЫЛЫШСЫН»

7-июлда «Бай-Түшүмдүн» Таластагы филиалына 70 адам мыйзамсыз кирип келген. Алардын 15и аталган банктын кардары болушкан. Алар алган насыяларын 5-10 жылга узартууну, жеңилдикти 1 жылга чейин узартууну, пайыздык төлөмдү жана туумду жоюп берүүсүн талап кылышкан. Коомдук тартипти бузуп, башка кардарларды тейлөөгө тоскоол болушкан. Бул жагдайга «Бай-Түшүм» банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева кенен токтолуп өттү.

– Гүлнара айым, учурда «насыя алуучулардын укугун коргогон бирикмебиз» дегендер насыя төлөй албаган жарандарга карыздарын жоюп беребиз деп убада берип жатышыптыр. Буга сиздер кандай баа берип, реакция кылып жатасыздар?
– Бул кырдаалды мен абдан олуттуу карап жатам. Анткени ал мамлекетке, экономикага коркунучтуу кесепетин тийгизет. Бүгүнкү күндө башка жылдарга салыштырмалуу мөөнөтү өтүп кеткен насыя төлөөчүлөрдүн саны көбөйгөнү жашыруун эмес, бул факт. Бирок бул көбүрөөк экономикалык кырдаалга байланыштуу. Алсак, Евразиялык экономикалык биримдикке кошулганыбыздын биринчи этабында кичи жана орто бизнес кылгандардын кардарлары жапа чегип калышты. Керек болсо корпоративдик бизнес да татаал кырдаалда турат. Бирок корпорациялык бизнестин кризисте бутуна туруп кетүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк, бул мүмкүнчүлүк орто жана кичи бизнес кылгандарда жок.
16 жыл аралыгында «Бай-Түшүм» 181 миң кардарды 23 миллиард сомго каржылаган. Алардын ичинен биз 8-10 жылдан бери иштешип келаткан кардарларыбыз бар. Алар масштабдуулугу боюнча ар түрдүү бизнес ачып, аны ийгиликтүү өнүктүрүп, иш орундарды түзүп жатышат. Алар күнөсканаларды, мал чарбачылык фермаларды, тигүү цехтерин, азык-түлүк, курулуш материалдарды саткан дүкөндөрдү, базарларда соода түйүндөрүн жана башка бизнестерди ачышкан. Мындай кардарлар Кыргыз жеринде миңдеп саналат. Адамдар банкка жакшы жашоодон келишпегени белгилүү эмеспи. Алардын жумушу, иш баштаганга акчасы жок болчу. Биз айылдагы калкка, аны менен алыскы аймактарга ийгиликтүү бизнес куруу менен үй-бүлөсүн тийиштүү деңгээлде камсыздап, жумушсуздук күч алган айылда жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Бирок баары эле ишкерчилик жөндөмүнө ээ болбогондуктан насыяны туура пайдалана албай, аны төлөөдө кыйынчылык туулуп жатканын эске алыш керек
Башка банктар Бишкекте жана чоң шаарларда гана иштесе, биз болсо Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы жарандарды каржылык кызмат менен камсыз кылганыбыз үчүн жазалап жатышат.
Эгер мөөнөтү өтүп кеткен насыялардын саны кескин өсүп кетсе, чет өлкөлүк инвесторлор өзүнүн насыяларын кайтарып алышат. Банктар болсо насыя берүүнү токтотконго туура келет. Тагыраак айтканда, эгер биз алар менен 16 жылдан бери иштешип келсек, эми бул мүмкүнчүлүктөн ажырап калышыбыз ыктымал. Бул абдан чоң социалдык маселе. Укук коргоочумун деп жаткандардын чындыгында эле укук коргоочу экенине ишенбейм. Анткени алар акча үчүн иштеп жатышат. Биз алардын артында кимдер турарын болжолдоп жатабыз. Биздин версиябызда саясат жаатындагы кишилер болушу мүмкүн. Ошондуктан биз бир жерде туруп калбай, кардарлар менен иштешип, маселелерин чечүүнү каалап жатабыз. Ал эми насыяны кайтаруу иши боюнча «Бай-Түшүм» банкы Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде гана иш алып барат. Кардарлардын кайрылуусу дыкаттык менен Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде каралат.

– Кайсы бир кыймылдын лидерлери калкты насыяларын төлөбөгүлө деп чакырып, насыясын 5-10 жылга узартып, туумдарды жоюп берерин убада кылып жатышыптыр... Бул эмнеге алып келиши мүмкүн?
– Алар инфекция сыяктуу адамдарды алдап, кайсы бир араб шейхи келерин, ал насыяларын төлөп берерин айтып жатышыптыр. Бул көрүнүш 3 жылдан бери созулуп келе жатат. Бул кимге кызык? Бул калктын сабатсыздыгы жана ишенчээктиги.

– Өткөн жумада Таластагы кеңсеңиздерге топтошкон адамдар кирип келип нааразычылык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу кененирээк айтып өтсөңүз...
– Бузуку бул кыймыл тууралуу бизде маалымат бар. Алар биздин башка аймактардагы кеңсебизге да келишкен. Таластагы кеңсебизге келген 70 кишинин ичинен 15 киши гана биздин кардарыбыз. Алар арыз жазышты. Эң кызыгы, алар буга чейин бизге кайрылышкан эмес. Аларга «жүргүлө» дешсе, «балким, биздин да насыяны жоюп салышат...» деп келип алышкан.
Жакында башкы кеңсебизге да 20 чакты адам келди. Алардын арасынан 3 адам эле кардарыбыз экен. Ал үчөө тең насыяны максатсыз колдонуп, келишимди бузгандар.
Мен эмне деп айткым келет? Кардарлардын мындай жоругу менен башка банктарды, ошонун ичинен «Бай-Түшүмдү» мыйзамдан тышкары иш алып барууга мажбурлай албайт. Биз мыйзам чегинде иштеп келгенбиз жана андан ары иштей бермекчибиз. Эгер бизде насыяны талап кылуу укугубуз бар болсо, талап кылабыз.
Биз көйгөйдү түшүнөбүз, жардамга муктаж болгондорго кол сунабыз. Бирок бизнесин сактап, жакшы эле иштеп жаткандардын баарынын насыясын жоё албайбыз.

– Көпчүлүк учурда үстөк пайыздын жогору экенине нааразычылыктар айтылып келет. Сиз буга кандай комментарий бересиз?
– Эгер сиз 100 миң сомду депозитке салам деп келсеңиз, биз сизге 16 пайыз беребиз. 16 пайызды сизге бериш үчүн чыгашаларды жабышым керек да. Бүгүн Кыргыз Республикасында 16-20 пайыздык депозит сунушталып жатса, банктардан насыянын 20 пайыздан аз болорун күтүү оор.
Кыргыз жериндеги макроэкономиканын туруксуздугу жана мамлекеттин ишенимдүү рейтингинин жок болгонуна карабай бардык эл аралык ресурстар менен базар шартында алынат. Албетте, эл аралык ресурстар доллар менен алынып, кардарларга сом менен берилет. Ошондуктан банктар пайыздык баага таасир берген валюталык тобокелди да эске алат.
Эл аралык насыя берүүчүлөрдөн улуттук валютада ресурс алуу кыйла кымбат жана чектелүү. Мамлекеттеги экономикалык жана макроэкономикалык жагдай кошумча чыгымдар тобокелге салган факторлордун негизинде алынган ресурстардын турган баасына таасир этет.
Бардык ресурстар акчага турат. Банктар каржылаган фонддорго ээ эмес жана алардын койгон баасы базар системасында түзүлөт.

ПАЙЫЗДЫК БААНЫН НОМИНАЛЫ ТӨМӨНКҮЛӨРДӨН ТУРАТ:

1. Алынган каражаттын баасы (доллар менен алынган ресурсту сомго айландырганда) – 19-20%
2. Кайтарып албаган тобокелинде – 3-4%
3. Операциялык чыгым – 7-11%
4. Киреше – 1-2%

Мындан улам акыркы минималдык баа кардарлар үчүн инфляцияны эсепке албаганда – 30%-35%.

Ошондуктан ар кандай адамдар өзүнүн гана кызыкчылыгы үчүн коомчулукту алдап айтылып жүргөн «бекер» жана жылына 5-7% дегендери – бул жомок.

– Кардарлар «келишимди окубай калдык» деп арызданып жатышат...
– Бул калп. Бизде келишим кыргыз, орус тилдеринде. Түштүк аймагында жадакалса өзбек тилинде да жасаганбыз. Аларга документти карап чыгууну түшүндүрүшөт. Биз адистерибизди жана кардарларыбызды үйрөтөбүз. Башынан аягына чейин кол менен көрсөтүп беребиз.
Кыргыз Республикасындагы финансылык мекемелердин ичинен «Бай-Түшүм» банкы 2014-жылы SmartCampaign эл аралык сертификациясынан өткөн. Бул насыя берүүдө социалдык жоопкерчилик боюнча бардык нормаларды сактап, көп карыз болгондорду эскертип туруу стандартына жооп берет дегенди түшүндүрөт. Сертификация ар бир 2 жыл аралыгында эл аралык аудиторлордун тастыктоосунан өтүп турушу зарыл. Ошондуктан ушул жылдын июнь айында MicroFinanza Rating расмий түрдө «Бай-Түшүм» банкын SMART Campaign`тин «кардарларды коргоо принциптерине жооп берет» деп тастыктап беришти.
Сөзүмдүн акырында насыя төлөөдө кыйынчылыктарга туш болуп калган бардык кардарларды мен ортомчуларга эмес, банкка кайрылууга чакырам. Биз алардын ар бири менен иштешип, арыздарын карап чыгууга даярбыз.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан