ЮРИСТ КЕҢЕШ БЕРЕТ

Окурмандардан келген суроолорго «Арстанов жана Ко» юридикалык компаниясынын юристи АЙНУРА МАМАШОВА жооп берет.

«УУЛУМДУ ЭНЕСИ КӨРСӨТПӨЙ ЖАТАТ»

– Келинчегим менен ажырашып кеткем. Ортобузда төрт жаштагы уулубуз бар. Уулум энесинде. Балам «атама барам» деп ыйлап жатыптыр. Сот болсо «атасы менен жолугууга болбойт» деген чечим чыгарыптыр. Уулума кантип жолуксам болот?

Руслан, Бишкек шаары

– Андай чечим чыгарыш, негизи, мыйзамга туура келбейт. Анткени ата-эне балага карата бирдей укукка ээ. Мисалы, экөө тең бала менен жолугууга, сүйлөшүүгө укуктуу. Эгер чындап сот ошондой чечим чыгарса, кайрадан сотко берип, балаңызды көрүүгө мүмкүнчүлүк алсаңыз болот. Сот балаңыз менен кайсы күндөрү, канчада, канча саат чогуу болосуз белгилеп берет. Качан бала он жашка чыгат, ошондо анын каалоосун эске алып, ким менен жашаарын чечсе болот.

«ТРОЛЛЕЙБУСТАН ЖЫГЫЛЫП КЕТКЕН АЯЛ БИР АЙДАН КИЙИН АРЫЗДАНЫП ЖАТАТ»

– Мен борбор шаарыбыздагы №10-троллейбусту айдайм. Бир жолу улгайган аял троллейбус жүрүп бара жатканда ичинен жыгылып кеткен. Байкашымча, эч нерсе деле болгон эмес. «Кулагым укпай калды, бутумдун тарамыштары үзүлдү» деп 30 000 сом сураган. Анын талабын канааттандырган эмесмин. Окуядан бир ай өткөндөн кийин сотко арыз менен кайрылыптыр.

Кубат, Бишкек шаары

– Транспорт каражаттарын туура эмес пайдалангандын негизинде жарандар денесине кандайдыр бир жаракат алса, доо арыз менен кайрыла алышат. Сот моралдык, материалдык чыгымын өндүрүп берет.

«БЕРГЕН АКЧАБЫЗДЫ БЕРЕ ЭЛЕКСИҢЕР ДЕП ЖАТАТ»

– Курулуш каражаттарын саткан бир дүкөндөн карызга каражат алганбыз. Карызды дароо төлөй албагандыктан бөлүп берели деп сүйлөшкөнбүз. Биз акча канча тапсак ошончону берип турчубуз. Карызыбыздан кутулуп жатканыбызга сүйүнүп, тил кат жаздырып албаптырбыз. Төлөп бүттүк деп сүйүнүп отурсак, сатуучу «баарын төлөй элексиңер» деп бизди кайра сотко бериптир. Сотко чакыруу келгенде биз жайлоодо болуп, бара алган эмеспиз. Сот болсо «төлөп берсин» деген чечим чыгарыптыр. Эмне кылууга болот?

Какен, Нарын шаары

– Сот чечим чыгарса аткаруу керек, эгер макул болбосоңор жогорку инстанцияга кайрылыңыздар. Карызыңарды төлөгөнүңөрдү айтып бере алган күбөлөр менен далилдешиңер керек. Ошон үчүн акчага байланышкан ар бир кыймыл тил кат аркылуу болгону жакшы. Тил кат болсо күбөлөр да суралбайт.

«ҮЙДҮ ЭЖЕМДЕН АГАБЫЗДЫН БАЛДАРЫ ТАЛАШУУДА»

– Атам Оштон эжеме үй сатып берген. Эжем ал үйдү өз атына эмес, бир тууган агамдын атына каттаткан болчу. Эжем ал жерде 23 жылдан бери жашап, коммуналдык кызматтардын акысын төлөп келет. Учурда агамдын балдары ал үйдү эжемден талашып жатышат. Эмне кылуу керек?

Тилек, Ош шаары

– Эгер ал үйдө эжеңиз 23 жылдан бери жашаса, аны эч ким талаша албайт. 23 жылдан бери коммуналдык кызматтарын төлөп келди, төлөндү деген дүмүрчөктөр менен сотко кайрылсын. Жарандык кодекстин №274-беренесине ылайык, сот аркылуу эжеңиз менчик укукка ээ боло алат.

Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
lexus47
2016-07-25 12:18:07
Ажырашып кеткенде сеп кызга кетет туурабы? бизде акчам кеткен биз ЗАГС алган эмеспиз менде калат деп талашып жатат. эмне кылсак болот ?
0
Uzakova.Z.A
2016-07-29 15:33:10
lexus47,сеп кыздын жеке менчиги ага эч ким ээ боло албайт эгер кыз куйоого тиерде ата энемден сеп албайм десе да болот. Ал эми калын созсуз турдо берилиш керек шариат боюнча. Кайненениз бербейм деп атса куноого батып жатат демек.
+1
Shef87
2016-08-01 04:07:56
койнок кийип алсын ошо сеп талашкан эркек
0
Amai
2016-09-29 16:42:46
Торот уйундо балага метиркени алыш учун спрафка жазып акча талап кылып жатат айалымкесирова болуп торолду аны караган дуктур дагы акча талап кылып жатат ошол турабы же мыйзамга тура келбеген нерсеби сураныч жооп жазып койсонуз.
0
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан