КЫЛМЫШКЕР 3 БАЛАНЫН ЭНЕСИН БЫЧАКТАП ӨЛТҮРГӨН

Боевик тасмаларынын таасириби же чындап эле заман бузулдубу, айтор, акыркы убакта адам өмүрүнө кол салгандар көбөйүүдө. Өткөн аптада Ош шаарынан 3 баланын энесин арзыбаган араздашуунун айынан бычактап өлтүргөн кылмышкердин жоругу буга мисал болмокчу.

МАРКУМ ОШ ШААРЫНДАГЫ АЭРОПОРТТО ИШТЕЧҮ

2016-жылдын 15-июль күнү кечки саат 5 чамасында Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 35-40 жаштардагы аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам иликтөө кызматкерлери маркум киши колдуу болуп өлгөндүгүн аныкташкан. Тагыраак айтканда, маркум көкүрөгүнө 2 жолу, сол колуна 1 жолу сайылган бычактан алган жаракатынан улам каза тапкан.
Көп узабай маркумдун аты-жөнү такталып, ал 1980-жылы туулган Ош шаарынын тургуну, үй-бүлөсү бар, 3 баланын энеси, "Манас" эл аралык аэропортунун Ош шаарындагы филиалында жүргүнчүлөрдү көзөмөл кылуу пунктунда көзөмөлдөөчү болуп иштеген жаран болуп чыккан. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, 100дөн ашуун адам суракка алынган. Натыйжада кылмышка шектүү катары 1966-жылы туулган Ош облусунун Кара-Суу шаарынын Алимжан аттуу тургуну кармалган. Ал Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан аялдамада Бишкек шаарын көздөй багыт алган унааларды тосуп турган жеринен кармалды.

"АКЧАДАН УЛАМ ЧАТАКТАША КЕТТИК"

Кылмышка шектүү сурак учурунда кылган күнөөсүн толугу менен моюнуна алган жана бул кылмышка кандайча баргандыгын төмөнкүдөй түшүндүргөн:
– Өзүм Кара-Суу шаарында дарбыз алып, кайра сатып акча тапчумун. 3 баланын атасымын. Балдарымдын экөө Орусияда иштеп жүрүшөт, бирөө мектеп жашында. Келинчегим менен 2008-жылы ажырашып кеткем. Жалгыз бой жүрбөй аял алайын деп сыналгыдагы жарыя аркылуу кыз-келиндер менен тааныштым. Алардын бири менен ошол күнү жолукмакчы болдум. Алдын ала мейманкана даярдап коёюн деп сыналгыдан 1 күнгө берилүүчү батирдин номерин алып, кожойкеси менен сүйлөштүм. Батирди көрүү үчүн барганымда кожойкеси экөөбүз акча маселеси боюнча чатакташа кеттик. Ачуум менен батирдин ашканасындагы бычакты ала калып, анын колун кесип алдым. Колунан чыккан канды көргөндө чочуп кетип, андан ары эмне кылып жатканымды өзүм да билбей калдым. Кожойкеге бир нече ирет бычак сайып, анын акчасын жана уюлдук телефонун алып качып кеттим. Бычакты Ак-Буура суусуна ыргытып жибердим. Андан соң Кара-Суу шаарындагы өз үйүмө барып, 3 миң сом акчам бар эле аны алып Өзгөн шаарына келдим. Ошол жактан изимди жашыруу үчүн Бишкек шаарына кеткени жатканымда милиция кызматкерлерине кармалдым.

"ТЕРГӨӨ АЯКТАЙ ЭЛЕК"

Бул окуя боюнча Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков буларды билдирди:
– Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган, учурда жыйынтыгы чыга элек. Тергөөнүн жүрүшүндө дагы башка жагдайлар чыгып калышы мүмкүн. Бирок азырынча бул кылмыш иши тоноо максатында болгон деген ойдобуз. Маркум ата-энесинин Ош шаарындагы батирин күнүмдүк ижарага берип кошумча акча тапчу экен. Окуя ошол үйдө болгон. Кылмышка шектүү күнөөсүн толугу менен моюнуна алды.

Окуя болгон үй.


Кылмышка шектүү футболкасында жазылгандай сергек жашоону эмес, темир тор артындагы жашоону тандагандай.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
simone
2016-07-25 11:14:57
Уйлонуу максатында квартирага барып таанышат имиш, уяты жок!
+7
birtanem
2016-07-25 11:49:10
Напсисин тыя,албаган го
+5
jasgul
2016-07-25 13:49:06
Зордуктоо учун асылган го каршылык корсотсо бычактап таштаган окшойт акмак
+1
MIRAN
2016-07-25 18:20:22
Аман эле болушсунда.Келиндин балдарына жаман болуптур.Аллах баарына ынсап берсин.
+1
Federica
2016-07-25 18:54:32
Уят жаш бала да мындай ишке барбаса керек.улгайып калган эле киши (
-1
Jika86
2016-07-26 13:30:52
Аллах сенин жазанды берсин канкор.
+1
glaz_almaz
2016-07-27 22:47:07
Аялдын жаны жаннатта болсун!

Койгулачы, илгеркиге караганда азыр олтуруу аз. Илгери экектердин жанында дайыма кылычы жанында журчу, бироо менен уруша кетсе баш алып баса берчу. Олгонду эч ким издебейт эле. Азыр эч ким бычак алып журбойт, мурдагыга караганда олтуруу, талап -тоноо деген аз. Анча-мынча жетишпегендер чыга берет да.
-3
Uzakova.Z.A
2016-07-29 15:09:38
Бирок азыр гезиттин ар бир санынан окуп калдык олтуруу зордуктоо боюнн жанылыктарды
+1
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан