Рио-2016: НАМЫСТЫ 22 СПОРТЧУБУЗ КОРГОЙТ

XXXI Жайкы Олимпиада оюндары башталарына саналуу күндөр калды. 200дөй өлкөнүн мыкты спортчулары акыркы машыгууларын көрүп жатса, Рио-де-Жанейро шаары конокторду тосуп алууга даярданып жаткан кези. Бул Олимпиада оюндарында кыргыз намысын 19 спортчу коргосо, Паралимпиадага 3 спортчубуз катышат.

ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ


ЖАНАРБЕК КЕНЖЕЕВ

Жашы – 31
Туулган жери – Талас облусу, Манас району, Покровка айылы
Жетишкендиктери – Эки жолку Азия чемпиону (Астана-2014, Таиланд-2016), Азия оюндарында 3 жолку коло байгенин ээси, жаштар арасында Дүйнө чемпиону (2005-жыл), "Афины-2008" Олимпиадасынын катышуучусу
Олимпиадага жолдомо – Астана шаарында өткөн жолдомо ойнотулуучу мелдеште 2-орун алган.
Рио-де-Жанейродо – 15-августта 85 килограммга чейинки салмакта килемге чыгат.

Улуттук курамдын эң тажрыйбалуу балбаны аз жерден Олимпиадага баруу жолдомосунан ажырап кала жаздады. Бириккен күрөш дүйнөлүк уюму (UWW) май айында "допинг колдонду" деген жүйө менен Жанарбек Кенжеевдин уткан жолдомосун жокко чыгарган. Балбаныбыз бул чечимге макул болбой акыр-аягына чейин күрөшүп, жыйынтыгында Эл аралык күрөш федерациясы спортчуга жолдомону кайтарып берди. Бул окуялар спортчубуздун бир топ ачуусуна тийип койду, буга Жанарбек Кенжеев медаль менен жооп кайтарат деп ишенип туралы.

АРСЕН ЭРАЛИЕВ

Жашы –
29
Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы
Жетишкендиктери – Жаштар арасында Азия чемпиону (Манила-2007), жаштар арасында Дүйнө чемпиондугунда коло (Бээжин-2007), күмүш медаль ээси (Стамбул-2008), Азия чемпиону (Ташкент-2011)
Олимпиадага жолдомо – Өткөн жылы сентябрь айында АКШнын Лас-Вегас шаарында болгон Дүйнө чемпиондугунда 5-орун алган.
Рио-де-Жанейродо – 59 килограмм салмак категориясында 14-август күнү килем үстүнө чыгары күтүлүүдө.

Арсен Эралиев өз салмагында Кыргыз Республикасынын бир канча жолку чемпиону, андыктан 59 килограмм салмак категориясында талашсыз түрдө биринчи орунда. Таластан чыккан балбан үчүн Риодогу Олимпиада алгачкысы эмес. Ал 2012-жылы Лондондогу оюндарга катышып, медалга илинбей калган. Андыктан бул спортчубуз үчүн "башкысы жеңиш эмес, катышуу" деген чакырыктар жарашпайт.

РУСЛАН ЦАРЕВ

Жашы – 24
Туулган жери – Казакстан, Тараз шаары
Жетишкендиктери – Азия чемпиону (Астана-2014)
Олимпиадага жолдомо – Ушул жылы май айында Стамбулда өткөн мелдеште финалга чейин жеткен.
Рио-де-Жанейродо – 16-августта 66 килограмм салмакка чейинки категорияда килемге чыгат.


МУРАТ РАМОНОВ

Жашы
– 25
Туулган жери – Чүй облусу, Аламүдүн району, Чоң-Арык айылы
Жетишкендиктери – Азия чемпиондугунда 2-орун (2016), коло байге (2013)
Олимпиадага жолдомо – Астанада өткөн мелдеште 2-орун алуу менен камсыздаган.
Рио-де-Жанейродо – 15-августта 130 килограммдан жогору салмакта мелдешке чыгат.


ЭРКИН КҮРӨШ

МАГОМЕД МУСАЕВ

Жашы
– 27
Туулган жери – Казакстан, Алматы шаары
Жетишкендиктери – Азия чемпиону (2012), Азия чемпиондугунун 3 жолку күмүш медаль ээси (2014-15-16-жылдар), Азия оюндарында 2-орун (Инчхон-2014), "Лондон-2012" Олимпиадасында 7-орун
Олимпиадага жолдомо – Астанада өткөн жолдомо ойнотулуучу мелдештин жеңүүчүсү аталган.
Рио-де-Жанейродо – 98 килограмм салмакка чейинки категорияда 21-август күнү беттешет.


АЙААЛ ЛАЗАРЕВ

Жашы
– 31
Туулган жери – Орусия, Якутск шаары
Жетишкендиктери – Азия чемпиону (2015), Азия чемпиондугунда коло медаль ээси (2013-15-жылдар)
Олимпиадага жолдомо – Монголияда өткөн жолдомо ойнотулуучу мелдеште атаандашы допинг колдонгону билинип, лицензия Айаалга ыйгарылган.
Рио-де-Жанейродо – 125 килограммга чейинки салмакта 20-августта килемге чыгат.

ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКА

МАРИНА КОРОБИЦКАЯ

Жашы
– 26
Туулган жери – Бишкек шаары
Олимпиадага жолдомо – Омск шаарында Сибирь марафонунда Олимпиадалык ченемди толтурган.




ЮЛИЯ АНДРЕЕВА (АРХИПОВА)



Жашы
– 32
Туулган жери – Бишкек шаары
Олимпиадага жолдомо – 2015-жылы Прагадагы марафондо Олимпиадалык ченемди толтурган.



ВИКТОРИЯ ПОЛЮДИНА

Жашы
– 27
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Каракол шаары
Олимпиадага жолдомо – Ушул жылы Прагада өткөн марафондо Олимпиадалык ченемди толтурган.
Рио-де-Жанейродо – Кыз-келиндер арасындагы марафонго 14-августта стартка чыгышат.



ИЛЬЯ ТЯПКИН

Жашы
– 25
Туулган жери – Чүй облусу, Кара-Балта шаары
Олимпиадага жолдомо – Жеңил атлетика федерациясынын эл аралык ассоциациясынын чечими менен.
Рио-де-Жанейродо – Марафон боюнча 21-августта стартка чыгат.


ДАРЬЯ МАСЛОВА

Жашы
– 21
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Пристань-Пржевальск айылы
Олимпиадага жолдомо – Ташкентте өткөн мелдеште Олимпиада ченемин толтурган.
Рио-де-Жанейродо – 10 000 метр аралыкка 13-августта чыгары күтүлүүдө.



КЫЗ-КЕЛИНДЕР КҮРӨШҮ

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА

Жашы
– 26
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу шаары
Жетишкендиктери – Азия чемпиону (Астана-2016), коло, күмүш медаль ээси (2009-2011-2014-жыл), Азия оюндарында коло медаль (2014-жыл)
Олимпиадага жолдомо – Астанада өткөн мелдеште 1-орун алган.
Рио-де-Жанейродо – 58 килограммга чейинки салмакта 17-августта мелдешке чыгат.

ООР АТЛЕТИКА

ИЗАТ АРТЫКОВ

Жашы
– 23
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Токтогул айылы
Жетишкендиктери – Азия чемпиону (Ташкент-2016)
Олимпиадага жолдомо – Ташкенттеги Азия чемпиондугунда улуттук курама команда командалык эсепте 6-орун алгандыгы үчүн жолдомо берилген.
Рио-де-Жанейродо – 9-августта 69 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыгат.

ЖАҢЫЛ ОКОЕВА

Жашы
– 22
Туулган жери – Талас облусу, Кара-Буура району, Көк-Сай айылы
Олимпиадага жолдомо – Ташкенттеги Азия чемпиондугунда атаандаш командалардын допинг колдонгону билинип, улуттук курама команда командалык эсепте 6-орунга көтөрүлгөндүктөн жолдомо берилген.
Рио-де-Жанейродо – 6-августта 48 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыгат.

СУУДА СҮЗҮҮ

ДАРЬЯ ТАЛАНОВА

Жашы
– 20
Туулган жери – Бишкек шаары
Жетишкендиктери – Азия чемпиондугунун 3 жолку күмүш медаль ээси, "Лондон-2012" оюндарынын катышуучусу
Олимпиадага жолдомо – "Green card" атайын чакыруусу менен катышат.
Рио-де-Жанейродо – 7-августта 100 метр аралыкка брасс стили боюнча мелдешке чыгат.


ДЕНИС ПЕТРАШОВ


Жашы – 16
Туулган жери – Бишкек шаары
Жетишкендиктери – "Азия балдары" оюндарынын жеңүүчүсү (Якутск-2016)
Олимпиадага жолдомо – "Green card" атайын чакыруусу менен катышат.
Рио-де-Жанейродо – 9-августта 200 метр аралыкка брасс стили боюнча мелдешке чыгат.


БОКС

ЭРКИН АДЫЛБЕК УУЛУ

Жашы
– 25
Туулган жери – Ош облусу, Алай району, Гүлчө айылы
Олимпиадага жолдомо – Кытайда өткөн жолдомо ойнотулуучу мелдеште 3-орун алган.
Рио-де-Жанейродо – 6-август күнү 81 килограммга чейинки салмакта рингге чыгары күтүлүүдө.


ДЗЮДО

ЮРИЙ КРАКОВЕЦКИЙ


Жашы – 24
Туулган жери – Бишкек шаары
Олимпиадага жолдомо – Эл аралык мелдештерде упай чогултуу менен Олимпиадалык ченемди толтурган.
Рио-де-Жанейродо – 12-август күнү 100 килограммдан жогору салмакта мелдешке чыгат.


ОТАР БЕСТАЕВ

Жашы
– 24
Туулган жери – Орусия, Владикавказ шаары
Жетишкендиктери – Орусия чемпиону (2010-жыл), Будапешт Гран-присинде күмүш медаль (2016-жыл)
Олимпиадага жолдомо – Эл аралык мелдештерде упай чогултуу менен Олимпиадалык ченемди толтурган.
Рио-де-Жанейродо – 6-августта 60 килограммга чейинки салмакта татамиге чыгат.

ПАРАЛИМПИАДА

Олимпиада менен бирге Паралимпиадага жолдомо уткан спортчуларыбыз жок эмес. Алсак, пауэрлифтинг боюнча Эсен Калиев менен Жыргал Орозбаев катышса, ядро ыргытуу боюнча Арстанбек Базаркулов аттуу спортчубуз Бразилиядагы мелдешке чыгат.
Олимпиадада алтын медаль уткан спортчуга 7 миллион сом, күмүшкө 5 миллион сом, коло байгеге 3,5 миллион сом бюджеттен каралган. Жалпы 8-орунга чейин акчалай сыйлык берилсе, машыктыруучуларга спортчу уткан байгенин 25 пайызы каралган.

"Олимпиадага даярдалган салтанат үчүн кийилүүчү форма.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
MIRBOLOT
2016-07-25 14:32:48
Баардык спортчуларга ийгилик каалайм, баардыгы алтын медаль менен кайтышына тилектешмин! Жанарбек ушунда эми Олимп чемпиону бол,кийинки Олимп оюндарында жашың өтүп кетиши мүмкүн!
+2
azamat7386
2016-07-25 18:40:52
Баарынарга ийгилик!!!
+1
danik0101
2016-07-25 23:34:29
Баарынарга ийгилик жениш менен кайткыла! Алга Кыргызстан!
0
Erika16
2016-07-29 14:52:46
КЫРГЫЗГЫЗДЫН сыймыктуу уул-кыздары!силерди жениш менен манас аэропортунан кутобуз!!алга спортсмендер!!!
-1
Aysuluu95
2016-07-30 12:16:57
Ийгилик каалайм! Чындап эле жениш кутобуз! Кудай колдоп аман эсен барып кыргыздын желегин желбиретишиниздерге ишенем!
0
dicha80
2016-07-30 16:07:56
Кыргызымдын алдынкылары АЛГА!Алайлык Эркин иним,Гулчонун атын чыгарып тыштачы!!!
0
takyrbash
2016-07-30 18:41:59
Алга спортчулар! Алга Кыргызстан!
0
takyrbash
2016-07-30 18:42:29
Аллахым озу силерди колдосун!
0
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан