Жай келип учурда элдин баары курулуш иштери менен алек. Коргон салууга кезек келип калса, анда бул макаланы пайдаланыңыз. Коргондун кандай түрү бышык, арзан деген суроого курулуш тармагында 20 жылдык тажрыйбасы бар Жолдошбек Дүйшеев жооп берет.
ЕВРО КОРГОН
Евро коргондун түрү көп, даяр сатылат. Узундугу 2 метрден болгон бетон деп түшүнүңүз. Кааласаңыз кыргыздын оюм-чийимдери түшүрүлгөндөрүн тандаңыз. Баасы ар кандай, бир даанасы 3000 сомдон жогору. Корооңуздун узундугуна жараша койдуруп кете бересиз. Буйрутма берсеңиз фирма өзү алып келип, бириктирип берет. Эки коргондун ортосун бириктирүү 800 сом турат.
Узундугу 2 метр, бийиктиги 2 метр 40 сантиметр коргондун баасы:
Коргон – 1 даана,
1 даанасы 3000 сом
Чыгым – 3000 сом
Кызмат акы:
Монтаждоо – 2 капталы монтаждалат 1600 сом
ПЕСКОБЛОКТОН ТУРГУЗУЛГАН КОРГОН
Пескоблок чоң болгондуктан иши тез бүтөт жана оңой. Пескоблоктун ар түрдүү түстөгүлөрү бар. Аларга даярдалып жатканда эле дароо боёк кошушат. Айрымдар коргон коюлгандан кийин атайын боёк менен боёшот. 1 пескоблоктун баасы көлөмүнө жараша 22 сомдон жогору. Бети быдырлуулары 65 сомдун тегерегинде. Аны бети жылмакай пескоблоктун араларына кооздоо үчүн коюшат. Ал эми мамысы үчүн колдонулуучу пескоблоктун даанасы 55 сомдон жогору. Бир пескоблокту коюу кызматы 20 сомго чейин.
Жаңы куюлган пескоблокту сатып албоо керек. Алар 1 сутка тургандан кийин катып, күчүнө кирет. Ага чейин кургай элегинде бырпырап чачылып кетет. Кандай коргон болбосун 2 жоон мамычанын ортосун 2 метрден, бийиктигин 2 метр 40 сантиметр кылган туура. Жер саздак болуп чөгүп же кыйшайып кетпесе пескоблоктон тургузулган коргон өтө бышык болот. Жаан-чачындан коргоо үчүн коргондун башына темирден капкак кийгизүү зарыл.
Узундугу 2 метр, бийиктиги 2 метр 40 сантиметр коргондун баасы:
Пескоблок – 60 даана, 1 даанасы 22 сомдон – 1320 сом
Жоон мамы үчүн пескоблок – 26 даана, 1 даанасы 55 сомдон – 1430 сом
Цемент аралашмасы – 0,5 метр3, 1 метр3 1500 сом – 750 сом
Капкак – 2 метр, 1 метри 150 сомдон жогору – 300 сом
Жоон мамычанын капкагы – 2 даана, 1 даанасы 250 сомдон жогору – 500 сом
Арматура бекиткичи менен – 8 килограмм, 1 килограммы 50 сомдон – 400 сом
Зым – 2 килограмм, 1 килограммы 60 сомдон – 120 сом
Чыгым – 4820 сом
Кызмат акы:
Пескоблок коюу – 1720 сом
Пайдубалын куюу – 800 сом. 2520 сом
БЫШКАН КЫШТАН САЛЫНГАН КОРГОН
Кыштын бир даанасы 6 сомдун тегерегинде. Бул кышты коюу пескоблокко салыштырмалуу оор, анткени майда. Пайдубал куюлгандан кийин кыштарды кынап коюп кете бересиң. Эки кыштын байланган жерин цемент аралашмасы кургай электе кооздоп кетүү керек. Мисалы, түз сызык кылып чийип кетсе болот.
Бир кыш 5 сомдон коюлат. Коргон толук бүткөндөн кийин төбөсүнө темирден капкак кийгизүү зарыл, болбосо жамгырдан улам чети кете берет. Кыш пескоблоктой 10 жылдап тура бербейт. 5-6 жылдан соң четинен сына баштайт.
Узундугу 2 метр, бийиктиги 2 метр 40 сантиметр коргондун баасы:
Кыш – 600 даана, 1 даанасы 6 сомдон – 3600 сом
Цемент аралашмасы – 0,5 метр3, 1 метр3 1500 сом – 750 сом
Капкак – 2 метр, 1 метри 150 сомдон жогору – 300 сом
Жоон мамычанын капкагы – 2 даана, 1 даанасы 250 сомдон жогору – 500 сом
Арматура бекиткичи менен – 8 килограмм, 1 килограммы 50 сомдон – 400 сом
Зым – 2 килограмм, 1 килограммы 60 сомдон – 120 сом
Чыгым – 5670 сом
Кызмат акы:
Кыш коюу – 3000 сом
Пайдубалын куюу – 800 сом. 3800 сом
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg