Жакындан бери бирөө ырчы Кенже Дүйшееванын атынан Инстаграмга катталып, «Кыз-Бурактын» кыздарынын абийирин ачкан жагымсыз пикирлерин калтырууда. Ага «сенин кылганың туура эмес» деп жазгандар менен урушканга чейин барып жатканын айтат окурмандар. Ырчы айым «өзүмдү каралаганга көнүп деле калгам. Үй-бүлөмдү аралаштырганы мага жагымсыз болуп жатат» дейт.
– Кенже эже, сиздин атыңызды фейк пайдаланып жатканын кайдан билип калдыңыз?
– Буга бир жума болуп калды окшойт. Мага тааныштар чалып, «сиздин атыңыздан бирөө инстаграмда ар нерсени жазып жатат» десе, фанклуб окшойт деп маани берген жокмун. Көрсө, менин атымды пайдаланып жаман нерселерди жазып жатыптыр. Ал Сайкал экөөбүздү кайым айтыштыргысы келип жатабы деп да ойлодум. Мен Сайкалды дагы деле баладай көрөм. Андай уят сөздөрдү жазбайт деп ойлойм. Ал эмес менин атымды пайдаланып Айжамалга карата жаман сөздөрдү жазыптыр. Бирөө жаман болгон күндө да менин оозумдан жаман сөз чыкпайт. Мен муну баса айта алам.
– Сизге буга чейин деле бут тосуулар болуп келет. Бул жорукту кандай кабыл алдыңыз?
– Бут тосуу болуп келатат, боло турган эле нерсе. Мындай нерсени күтсө болот. Буга мен териккен деле жокмун. Болгону үй-бүлөмдүн сүрөтүн аралаштырганына жиним келди. Менин үй-бүлөлүк бактым, чыгармачылыктагы ийгилигим бирөөнү кытыгылап жатат окшойт. Мындай нерсени жашоодо жакшылык көрбөгөн, жан дүйнөсү жарды адам гана кылат. Мунун баарын мен күзгө белгиленген концертимдин алдынан каралоо деп ойлойм. Анткени гастролдук тур башталары менен ушул нерсе чыкты.
– Фейк «Кыз-Бурак» тууралуу жагымсыз кептерди жазып жатат. Демек, сизди көргөн-билген эле кишинин кылганы го? Териштирген жоксузбу?
– Мен ырдап жүргөн кезде, деги эле мен жашоомдо ыплас нерсеге эч качан жол бербейм, берген дагы эмесмин. Андыктан бул нерсени териштирген жокмун. Булар мени чыгармачылыкта чалынтууну максат кылып жатышат. Чыгармачылык бирөөнүн атасынан калган мурас эмес да. Мага ким аң казып жаткан болсо, эртең ошол орго өзү түшөрүн билсин. Ал жерде мен оозума албаган сөздөр жазылганын баары эле билип жатышса керек. Жездеңерге билдирүүлөрүн окуп берсем каткырып күлөт. Жолдошумдун бир жакшы сөзү бар, «мейли, канча кеп кылса кылышсын, негизгиси, биз бактылуубуз, көз тийбесин» дейт. Мени каралап жаткан адамдардын ким экенин жакшы билем. Андыктан бул жоругун токтотсо жакшы болмок.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg