ЫРДАГАНДА ЫРДЫН СӨЗҮНӨ МААНИ БЕРЕСИЗБИ?

Ыр угуп жатканда эмнесине көңүл бөлөсүз? Мисалы, мен сөзүнө карап угам. Ката же мааниси бурмаланган чыгарма болсо ырчы канчалык жакшы аткарбасын, укмуш обонуна карабай укканды тык токтотом. Биздин ырчылардын айрымдары кээ бир сөздөрдү бурмалап, айрымдары кыргыз тилине жаңы сөз да кошуп жиберишет. Ошол ырчылардын айрымдарынын ырларынан мисал келтирели.

"УККАНЫМДАЙ ЭЛЕ ЫРДАП КОЙГОМ"

Ырчы Айгерим Расул кызы Нинакан Жүндүбаеванын "Кызыл өрүк" аттуу ырын аткарып чыкканда кызуу талкууга алынган. Ырдын "Ого бетер күлүңдөп сени карап,Болгонсуйсуң өмүргө өзүң шерик" деген кайырмасында ырчы болгонсуйсуң деген сөздү "обонсуйсуң" деп салган. Кыргыз тилинде обонсуйсуң деген сөз жок экенин айтып катуу сындаган угармандар болгон. Айгерим бул чыгарманы мурунку ырдагандардан угуп аткаргандыгын айтат.
– Мен "Кызыл өрүк" аттуу ырды 2008-жылы, атамдын сунушу менен ырдап чыккам. Ыр өзүмө да жаккандыктан концертимдин алдынан шашылыш жаздырган болчумун. Ал убакта ырдын текстин эч жерден тапкан эмесмин. Ошол себептен менден мурун ырдагандардан кандай уксам ошондой аткарып салгам. "Обонсуйсуң" деп ката ырдаганымды 6-7 жылдан кийин билдим. Буюрса, ырды кайрадан жаздырып, тууралап коёюн деп жатам.


ЖҮРГӨНҮҢДӨ ДЕГЕН СӨЗДҮ ЖҮРӨГҮҢДӨ ДЕП ЫРДАП...

Смар Шимеев жазган "Сени ойлосом" аттуу ырды Анжелика аткарып жүрөт. Бул ырдын ыргагын ээрчибей, сөзүнө көңүл бөлгөн адам чыгармадагы айрым саптар ката ырдалганын аңдайт. Сөзүбүз жөн болбос үчүн ырдын сабындагы катаны көрсөтө кетели. Чыгарманын экинчи куплети
"Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып, Жалынчумун, жаным, сага кагылып" деп башталат. Ырчы бул саптагы жүргөнүңдө деген сөздү "жүрөгүңдө" деп бурмалап ырдаган. Ырдын жарыкка чыкканына бир жылдан ашса да Анжелика ката боюнча эле ырдап жүрөт. Элибизде "жаңылгандын айыбы жок, кайра изин тапкан соң" деген накыл кеп бар. Ырчы автордун жазганындай кылып оңдоп чыгар деген ишеничтебиз.

Султан Төрөбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Nurkyz1977
2016-07-25 19:50:47
Айгерим жандуу ун менен эч ырдай албайт бир жолу туз эфирге келип тилин тошоп,тилин чайнап ырдай албай койгон адамга да жагымы жок ушул эфирден чыкканда башка каналга которгончо шашам азыркы жылдыздардын денгээлин ушуга окшогондор тушуруп жатат,бир карын майды бир кумалак чиритет болуп.
+2
shadyeva
2016-07-25 21:49:23
Мммм сөз жок.
0
Nazikbaigazy
2016-07-26 00:28:27
Уят эле, кыргызча Жакшы ырдай албасанар, Анжеликаны ырдабай еле уйундо кыздарын багып отур дейт елем, еч бир уну жок тооба кандай ырчы
+4
Targarien
2016-07-26 00:51:17
Ээ бул тема шумдук ар бир ырчынын репертуарында эски ыр бар жана бир жакшына акын жазган текстти аткаруучулар бузуп бурмалап озгортуп алат Автордук укук бар Бироонун ырын созун даана обонун нотадагыдай Аты жонун айтып клипте толук корсотуп жана ырдап чыгардан мурда уруксатын алып бузбай ырдаш керек
+1
erkeni04
2016-07-26 01:48:50
“Кыргызстанга ким жетсин“деген саптар кыжырымды келтирет, себеби ким эмес эмне жетсин деген туурараак болот.Ким жетсин деп кайсы адам жетсин деп адам менен салыштыргансыбай эмне жетсин деген он го...
+4
step_by_step
2016-07-26 15:57:24
Акындар коп бирок сапаты жок дегендей эле кеп болуптур го.Профсоюз иштесе буга окшогон шамдар очмок беле ким билет???
-1
step_by_step
2016-07-26 16:02:10
Ырды ырдагандан кийин авторун эмнеге экрандан жана концерттерде бир ооз айтышпайт? Неси болсо да шоу дуйнонун боткосу да бул.
0
nazira...
2016-07-27 08:42:34
Булар ырдаган ыр, ыр эмес эле пыр. Атасы айтып коюп анан укпаптыр да ырдаганын. Значить расул Маматкулов да озу ырдаган ырларын маани бербей ырдай берет окшойт.
-1
aigerimosh
2016-07-27 12:18:45
ырлары элдин конулуно толоорлук ырдашпайт экоотен ун жок
0
Lazat
2016-07-27 14:11:30
Негизи эле ырчылар баары ырдаарда жакшылап карашса созуно дагы и маанисине дагы. Ырдын деле тарбиялык мааниси бар деп ойлойм. Анан бир ырды эле ырдай бербей, изденишсе.
0
Shahrizaada
2016-07-27 23:56:05
Булар эмес Бек Борбинвда кээде шкмдуктай сөздөрдү кошуп алат, кыргыз тилинде кезикпеген сөздөрдү.
+1
Syiyy28
2016-07-28 05:36:53
Айгерим го тузук мойнуна алыптыр,а Анжелика га соз жокда
+1
Erika16
2016-07-28 17:35:37
туура,бек борбиевдин ырлары деле мааниси жок улуу муундагы эле адам сенин козун көк меники кара деп сөздөрү,а жаштар чала акындарга соз жок.сөзү менен обону дал келбей калса оуоуоуо деп кошуп коюшат
+1
Anarik87
2016-07-28 23:45:24
Жакында ырчыларга реформалоо жургузот окшойбуз суперчилер,кимге катту тийсе жазганым кечиргиле чындыгында Анжелика унун жасап ырдайт жасабай оз уну менен ырдаса болот,Арсендин да бир жакшы ыры жок ун жок;
+2
NURDANCHIK
2016-07-29 13:10:25
Бироону жамандап анын куноосун мойнунарга алып не кереги бар.Кемчилигин ондойм деп жатпайбы
+1
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан