ДЕКЛАРАЦИЯ-2015: МАШИНАСЫ ЖОК ЧИНОВНИКТЕР КӨП

Өткөн жылга карата көрсөтүлгөн декларацияга ишенсек, министрлердин, таанымал депутаттардын автоунаалары жок. Мисалы, 120 депутаттын 71инин жеке унаасы жок. Алардын катарында Өмүрбек Текебаев, учурунда премьер-министр болгон, жеке партиясын түптөгөн Өмүрбек Бабанов, финансист Акылбек Жапаров, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана КСДПнын лидери Иса Өмүркулов бар. Финансы министри Адылбек Касымалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев менен маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов да жөө жүргөндөрдүн катарында.

 

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан