ӨЛКӨБҮЗДӨГҮ 3 КОРУК ЮНЕСКОНУН ТИЗМЕСИНЕ КИРГИЗИЛДИ

Бириккен улуттар уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча атайын мекемеси катары таанымал болгон ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кыргыз жеринин жаратылыш объекттери биринчи жолу киргизилди. 10-июлдан 17-июлга чейин Түркиянын Стамбул шаарында ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 40-сессиясы өтүп, ага өлкөбүздүн атынан Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Элнура Корчуева баштаган делегация катышкан. Анын жүрүшүндө Сары-Челек, Падыша-Ата жана Беш-Арал коруктары уюмдун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. "Кыргыз Республикасынын аймагын камтыган Батыш Тянь-Шань жана өзгөчө корголгон Сары-Челек, Падыша-Ата, Беш-Арал коруктарынын жаратылыш аймактары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди",- деп билдирди ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук комиссиясынын маалымат кызматы. Бул тизмеден орун алуу менен мамлекетке жана эл аралык коомчулукка объекттерди коргоо жана өнүктүрүү боюнча кошумча милдеттенмелер жүктөлөт.
Буга чейин ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргыз Республикасынын атынан "Сулайман тоо" тарыхый комплекси, "Манас" үчилтиги, шырдак, боз үй, ала кийиз жана Суяб, Баласагын тарыхый шаарлары киргизилген.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан