МЕЧИТТЕРДЕ АЗАН ҮНҮ БАСАҢДАЙТ

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-эпидемиологиялык инспекциясы мечиттерде азан айтуудагы үндүн бийиктигин көзөмөлдөөгө алды. Тагыраагы, азан үнүнүн бийиктиги 8 децибелден 5ке чейин түшүрүлөт.
Буга Бишкек шаарынын тургундарынан келип түшкөн арыздары себеп болгон. Аталган инспекция тарабынан үндү бийик чыгарган каражатты түнү колдонбоо керектиги тууралуу эскертме бардык мечиттерге берилди.
Кыргыз Республикасынын мусулмандарынын муфтияты санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тарабынан азандын үнүн түнкүсүн азайтуу боюнча оозеки макулдашуу жүргүзүлгөндүгүн тастыктап, "мыйзам талаптарына жана жергиликтүү бийликтин токтомдоруна ылайык, түнкү 22:00дөн таңкы 7:00 арасы бири-биринен айырмаланып өзгөрүп туруусу мүмкүн. Ошого жараша жайкы мезгилде куптан жана багымдат намаздарынын азанынын үнү басаңдатылып айтылат. Калган маалда азан кадикимдей эле айтыла бермекчи" деп билдиришти.
Бул чечимдин аткарылышын Санитардык-эпидемиологиялык инспекциясы бир жума ичинде көзөмөлдөөгө алат.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан