МАЛАЙЗИЯЛЫК МУГАЛИМДЕР ЖАНА ОКУУЧУЛАР ЫСЫК-КӨЛГӨ КЕЛИШТИ

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөдөгү ар бир райондон, Ош жана Бишкек шаарларынан 42 мектеп окуучусуна Ысык-Көлдө эс алуу менен коштолгон билим берүү, таанып-билүү иш-чарасын уюштурууда. Иш-чаранын кадимки жайкы лагерлерден айырмасы, окуучуларга Малайзиядан келген мугалимдер англис тилинен сабак беришет.
Иш-чаранын башкы максаты – мамлекеттер аралык достук мамилесин чыңдоо, окуучулардын кошумча билим алууга, дүйнөлүк тилдерди үйрөнүүгө кызыгуусун арттыруу, өспүрүмдөрдү башка өлкөлүктөр менен мамиле курууга, өзүнүкү менен кошо башка элдердин да маданиятын үйрөнүүгө үндөө жана кыргыз өлкөсүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жарнамалоо.
19-июлда Кыргыз Республиканын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов баштаган топ Малайзиядан келген мугалимдер жана мектеп окуучуларын "Манас" аэропортунан тосуп алды. Кыргыз мамлекетинин бардык аймагынан чогулган окуучулар жана Малайзиялык коноктор иш-чараны адегенде Арашан айылындагы өлкө президенти Алмазбек Атамбаев окуган мектеп менен таанышуудан башташты.
Ушул эле күнү топ Ысык-Көлгө сапар тартты. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз окуучулары англис тилин, дүйнө маданиятын үйрөнүүдөн тышкары "Рух-Ордо" комплексинде, Григорьев капчыгайында болушуп, кыргыз элинин тарыхы жана маданияты менен таанышышат.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан