КУРУЛУП ЖАТКАН ҮЙДӨН КУЛАП 2 ЖИГИТ КАЗА ТАПТЫ

Мамлекеттик экология жана техника коопсуздугу боюнча инспекциясынын башчысынын орун басары Марат Таировдун билдирүүсүнө таянсак, учурда Кыргыз Республикасы боюнча 4100 объект курулуу этабында болсо, алардын 2 миңден ашыгында учурда курулуш иштери жүрүүдө.
Ансыз деле солгундап бараткан курулуш бизнеси уламдан-улам кооптондуруучу кырсыктар менен коштолууда. Алсак, июнь айынын аягында Бишкектеги 12 кабаттуу үйдөн өрт чыкса, 19-июль күнү Шабдан баатыр жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу "Сары-Челек" комплексинен үч киши иш учурунда өйдө көтөргүчтөн 5-кабаттан кулап кетип, экөө ошол жерден көз жумду. Каза болгондордун бири 17 жаштагы Ниязберди Аманов, бири 18 жаштагы Ринат Шарипов экендиги, ал эми жаракат алган адам 29 жаштагы Айбек Абдыкаров экендиги такталды. Аталган жайды "Аю" курулуш компаниясы куруп жаткандыгы, жабыр тарткандар субподрядчик болушкандыгы маалым болду.
Муну менен катар 20-июль күнү Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Ош шаарындагы "Тунгус Строй" ЖАКсы 2 миллион 904 миң сомдон ашык салыкты төлөбөй жүргөндүгүн ачыктап, бул ишканага кылмыш иши козголду. Өлкөбүздө салынып жаткан курулуш
объектилеринин бийиктиги жогорулаган сайын алардын көйгөйү да пропорционалдуу түрдө өсүп жатат.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан