Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-депутат ЖЫРГАЛБЕК САМАТОВДУН өтүнүчүн канааттандырган жок. Ал сотко БШКнын аны депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча чечимин жокко чыгаруу арызы менен кайрылган эле.
ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНУНУН сайты worldnomadgames.com иштеп баштады.
18-июлда жогорку окуу жайларга гранттык негизде окутууга кабыл алуунун 1-туру аяктап, БЮДЖЕТТИК ОРУНДАРДЫН 53 пайызы толду.
ОшМУга Каныбек Исаков, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине Акымбек Абдыкалыков, КММАга Индира Кудайбергенова РЕКТОР болуп дайындалышты.
Мамлекет башчы АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН аткаруусунда "Мне не страшно умирать" аттуу ыр интернетке жарыяланды. Бул президенттин үчүнчү ыры болуп калды.
2016-жылдын башынан бери КООМДУК ЖАЙЛАРДА 1323 КЫЛМЫШ, анын ичинен көчөдө 492 кылмыш жасалган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 14,4 пайызга төмөн.
Өлкө ичинде БӨЙРӨКТҮН өнөкөт оорусу менен жабыркаган чоң кишилердин саны 250 миңге жетет. Өткөн жылы бөйрөк оорусунан 475 киши кайтыш болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
ИИМдин башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиевдин айтымында, өлкө ичинде ЭҢ МЫКТЫ ИЧКИ ИШТЕР БАШКАРМАЛЫГЫ бул Ош ШИИББи, ал эми эң начар көрсөткүч Ысык-Көл ОИИББинде.
Жумгал райондук соту Муса кызы Бүбү Мариямга таандык "АЙКӨЛ МАНАС" чыгармасынын 10 томдугун экстремисттик деп тапты.
ДАНИЯР МУКАШЕВ Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалды.
21-июлда Алай тоо кыркаларында 5,5 баллга жеткен ЖЕР ТИТИРӨӨ катталып, күчү Бор-Дөбө айылында 5, Нурада 4, Кара-Киндикте 4-4,5, Сары-Таш айылында 3,5 баллга сезилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаракат алгандар жана кыйроолор болгон жок деп билдирди.
2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР порталында жарыяланган сынактардын 16 183ү ишке ашып, жалпы сатып алуулардын суммасы 17 миллиард 529 миллион 841,3 миң сомду түзгөн.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.