ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ИЛИМ, ТЕХНИКАДА

Pokemon Go
– "Niantic" компаниясы тарабынан иштелип чыккан компьютердик оюн. 2016-жылдын 6-июлунан баштап iOS жана Android базасы кармаган смартфондорго жана планшеттерге чыккан. Аталган оюн бир жуманын ичинде дүйнөдө укмуштуудай популярдуулук алып, Pokеmon брендинин баасын 8 миллиард долларга көтөрдү. Pokеmon Go оюнунун өзгөчөлүгү – виртуалдык жашоо менен чыныгы жашоону байланыштырганында. Мисалы, смартфонуңуздун камерасы менен виртуалдык образды кадимки сиз басып бараткан көчө менен бастырып покемондорго аңчылык кыласыз. Мунун баарын смартфонуңуздун камерасы аркылуу көзөмөлдөп турасыз.

ИСКУССТВОДО

Дабстеп –
2000-жылдары Лондон шаарында пайда болгон музыкалык жанр. Бийлегенге ыңгайлуу, укмуштуудай бат ыргактуу электрондук музыка. Аталган музыкалык жанр көбүнчө вокалсыз жаңырат, лирика кайырмаларында гана болушу мүмкүн. Бул жанрдагы музыка менен жаштар көп алектенет. Көбүнчө клубдарда, кечки эс алуу жайларында коюлат.







КООМ

Колумнист
– кайсы бир басылмада же журналда бир бөлүмдү же рубриканы такай жазган автор. Аталган сөз англис тилинде 1915-жылдардан баштап колдонулуп, колумнист деп гезит-журналдар менен такай иштешип, өзүнүн макалаларын берип турган адамды айтышкан. Интернет колдонуучулар көбөйгөн сайын коомдо колумнист, блоггерлердин маалыматына муктаждык жогорулап келет. Колумнист сөзсүз түрдө гезит-журналдарда штаттагы журналист болуп иштөөсү кажет эмес. Дүйнөдө эң белгилүү колумнист катары жактоочу Энн Коултерди жакшы таанышат, ал "George", "Human Events" журналдарына өзүнүн макалаларын дайыма чыгарып келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
P.Dibala
2016-07-25 11:44:00
Pokemon Go ойноого МЮнун игрокторуна Жозе тыюу салыптыр))
+1
Jooshbai
2016-07-25 15:06:42
kyrgyzstanga ka4an kelet eken pokemon go
0
Koshaly
2016-07-25 15:26:14
кыргызстанда бар.
0
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан