ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Таңкы тамакка Кадырдын үй-бүлөсү толук чогулду. Жубайы, кызы, анан күйөө бала болчу жигит Жанар. Баарынын маанайы көтөрүңкү. Тамактанып болушкан соң Калия:
– Арууке, Жанар, бул акыры айтыла турган чындык окшойт. Негизи жан адамга ушул сырыбызды билдирбей өтөбүз деп ойлоп жүргөм... Чынын айтайынбы, Арууке каза тапты делинип анын сөөгү келгенде бир карап кызыма эч эле окшоштура албай койгом. Бирок ал ооруп жатпады беле, оорусу акыры алып жыкты окшойт деген ой жеңип кеткен. Оорусунун айынан байкуш кызым ушинтип арыктаган го деп божомолдогом. Бул чынында эле керемет болду. Силерге түшүнүктүү болуш үчүн мен баарын башынан айтып берейинчи,- Арууке менен Жанар демин ичине ката отурушту.
– Мен жаш чагымда Бишкектеги педагогикалык окуу жайда окудум. Студент курагымда атаңар Кадыр менен таанышкам. Оо, Кадыр анда жапжаш, супсулуу жигит эле. Бир көргөндө эле жаккан. Бат эле тил табышып, аз өтпөй үйлөнүп алдык.
Жашообуз ойдогудай болчу. Атаңар заводдо, мен мугалим болуп иштейм. Жаш үй-бүлөгө көп деле каражаттын кереги жок да. Бар нерсеге топук кылып жашачубуз. Бир арманыбыз – биз балалуу боло албай койдук. Улам боюмдан түшүп калат. Акыры үмүтүм деле үзүлдү. Үйлөнгөнүбүзгө 5 жыл болгондо Кадыр экөөбүз ажыраша турган болдук. Бул чечимди өзүм чыгардым. Башка айла деле жок болчу. Бирок Кадыр макул болбой койду. "Кудайдын буюрганы болот. Берем десе бир күнү бала да берет. А мен сенден башканы жакшы көрө албайм" деп койду. Ичимден Кадыр мени менен калса биротоло туяксыз каларын сезип турам. Бирок кете албай жаттым. Акыры бир күнү чыгындым да, Кадыр жумушта кезде ага кеткеним жөнүндө кат жазып, айылга жөнөй бердим. Айылга барганы барып алып, сагынып куса болуп баштадым. Ушунчалык бири-бирибизге көнгөн экенбиз. Кеткен өзүм, бирок күнүгө жол карап келип калар бекен деп күтүп жүрөм. Байкушум бул да түтпөптүр, бир жумадан кийин артымдан жетип келди. Бири-бирибизсиз жашай албасыбызды түшүндүк.
Ошондо Кадыр менин көкүрөгүмдү өйүп жүргөн маселени көтөрүп, аны чечүү жолун сунуштады.
– Билем, бала төрөй албай калдым деп бир менин алдымда, бир туруп менин ата-энемдин, жакындарымдын, абысындарыңдын алдында өзүңдү күнөөлүү сезип, чүнчүп жатасың. Жүр, Казакстанга барып жашайбыз. Ал жакта чогуу окуган досторум бар. Барсак көчөдө калбайбыз. Балким, баланы Кудай ошол жактан береттир... Же ошол жактан бала багып ала турган болсок да, 3-4 жылдан кийин өзүбүздүн балабыз деп сыр катып келе беребиз. Эч ким билбейт...- деди.
Кадырдын эң жаккан сапаты ушул. Ал маселени, көйгөйдү көрөт, бирок наалып, кейип-кепчип "кап, аттигиниң..." деп отура бербейт. Көйгөйдү чечүүнүн жолун издейт. Менимче, мырза деген ушундай болуш керек. Мырза маселени чечет, ал көч баштайт,- Калия Кадырды карап жылмайып койду. Күйөөсү аны ушунчалык жакшы көрүү менен карап турган экен.
Калия сөзүн улады: – Кадырдын айтканына көндүм. Аз өтпөй биз Казакстанга көчүп кеттик. Ошондо Союз таркап, каатчылык башталган эле. Атаң эбин таап достору менен базарга иштегени кирди. Эч нерседен кем кылбай багып жатты. А мага жумуш табылышы кыйын болду. Далай мектепти кыдырып жумуш сурадым. Таптакыр чыкпай койду.
Бир ирет ошентип жумуш сурап жүрсөм, бир мектептин директору "мугалимдик тажрыйбаң бар экен. Бирок биз жумушка албайбыз. Балдар үйүнө тарбиячы керек деп жатышкан, барасыңбы?" деди. Ойлонбой эле макул болдум.
Эми элестетсеңер, өзүм эне болууга зар болуп жүрөм. Кудайдан күн-түн тилегеним ушул. А мен иштейм деп барган жер ата-энеси таштап кеткен балдардын жайы болчу. Мен төрт жашка чейинки чүрпөлөрдү карай турган болдум. Балдарды ушунчалык жакшы көрөм. Бардыгын таптаза кармаганга аракет кылчумун. 15ке чукул бала менин карамагымда. Анан ошол тапта ушул балдардын бирөөсүн багып алсамбы деп ойлоно баштагам. Бирок чынын айтайынбы, балким, эне болуу бактысынан калган үчүнбү, айтор, ошол карамагымдагы 15 баланы тең бирдей жакшы көрүп калыптырмын. Алардын бирөөсүн эле ашыкча жакшы көрүп бала кылып ала турган болсом, калганына чыккынчылык кылчудаймын... Ошентип бушайман боло бердим. Оюма койсо, колумдан келсе, 15ин тең эле багып алайын дейм.
Күндөр өтө берди. Бир жолу жумушка таң атпай келсем, 7-8 айлык кичине кызды каттоодон өткөрүп жатышыптыр. Кыздын көздөрү ушунчалык муңдуу эле. Бирөөнү сагынгандай. Көздөрү менен өзүнө тааныш адамдарды издеп жаткандай. Анан калса өтө эле сүйкүмдүү. Мен бир көрүп энелик сүйүүм менен ал наристе кызга ашык болуп калдым. Дароо эле чечим чыгарып, багып ала турган болдум. Билбейм, балким, Кудай өзү мени жетелеп келген окшойт. Болбосо бир да мектептен жумуш чыкпай, балдар үйүнө келип калдым... А балдар үйүнөн бул муңайым наристе кыз... Ошол күнү жумуштан сурандым да, элеп-желеп болуп Кадырдын базардагы ордуна жөнөдүм. Сүйүнүчүм ашып-ташып алган.
Кадыр бир топ адамдар менен сүйлөшүп турган экен. Көрө салып эле мени көздөй басты.
– Кыз...- сүйлөй албай колумду көкүрөгүмө алып ыйлап жибердим. Менин ыйлаганымды көрүп чочуп кетти окшойт, бооруна кысып "Эмне болду? Бирөө бир нерсе дедиби?" деп алактап калды.
– Кадыр, сен мени менен жумушка барчы. Биз кызыбызды алып кетели,- дедим. Кадыр да канткен менен бала жытына зар болгон экен. Менин көңүлүмдү оорутуп албайын деп айта албай жүргөн окшойт. Ал да бир сыйра көзүнө жаш алып эле, мени ээрчип калды. Ар кайсы документти топтогонго бир топ убакыт кеткиче баланы алып кете алмак эмесмин. Бирок мен кайра-кайра директорго кирип, жалынып-жалбарып, акча берип жатып кызды алып кеттик.
Эсимде, кечинде такси менен үйгө жөнөдүк. Мен, Кадыр, анан кызыбыз. Кыз уктап баратты. А Кадыр болсо аны кайра-кайра жыттап, колдорунан кармалап эзилип турду. Колумда уктап бараткан кызымды көрүп ушунчалык бактылуу элем. Менин мээримим ашып-ташып жатты. Кызымды ошондо канчалык жакшы көргөнүмдү мен азыр сүрөттөп бере албайм. Кызыбызга Арууке деген ысымды ыйгардык. Биздин үй бакытка толуп калды. Адегенде Арууке чочуркады. Ананчы, бул кезде бала энесин таанып калат да. Кыязы, ал чыныгы апасын эстеп куса болчу окшойт. Бирок атасы экөөбүздүн мээримибизди жоопсуз калтырбай, кызыбыз акырындап жылмайып, акырындап ойноп, анан эркелегенге өттү...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
aizinka86
2016-07-25 10:47:46
Сонун чыгарма
+2
Nazikbaigazy
2016-07-25 11:17:53
Эгиз кыздар экенда анда, ошондо Маржанда багып алган болобу же бир кызын таштап салганбы кантседа куто туралычы
+3
belka
2016-07-25 12:19:34
Маржандын баласы чарчап калганда куйоосу эгиздин пайын Маржанга билгизбей эле врачтар менен суйлошуп кыз кылып алган окшойт,анан бирин апасы багып журуп багалбай калганда детдомго таштап салса керек.
+2
Belek2070
2016-07-25 20:27:12
belka, жок андай эмес такыр башка.
0
Tansuluu09
2016-07-25 12:41:07
Бугун бутсо керек деп ойлодум эле
+2
akylai.timurova
2016-07-25 13:35:41
эсинердеби?
Арууке ооруп жургон маалда,туш коргон болчу. Тушундо кузгуго карагып турса,жанында дагы бир озуно окшош кыз пайда болот. Бирок анын жузу мунайымкы. Ал Аруукеге карап суз гана жылмайып коёт. Арууке ошондо ойгонуп кетет.
+2
akylai.timurova
2016-07-25 13:36:13
Ошондо тушундогу Джи болсо керек
+2
altyn2015
2016-07-25 14:39:45
Кызыгына эми келди окшойт.
+4
Belek2070
2016-07-25 20:26:10

Биягы индийский болуп кетти, тушундум не менен буторун, айтсам кызыгы кетип калат же айтайынбы?
-3
Aitunuk2797
2016-07-30 14:04:35
Belek2070,айтам беринизчи
0
Barchynka2016
2016-07-25 23:04:28
Кызык
0
marzi88
2016-07-25 23:06:08
мурунку жумадагы санында чыгарма кульминациясына жеткен болчу, бирок бул санында ошол чекиттего окуя
0
Aytur
2016-07-26 12:29:28
Аябай эле аз жазыпсынар супер,кобуроок эле жазгылачы...
0
MIRBOLOT
2016-07-27 11:24:52
Мына эми бүтөт, экөө баш кошот деген сайын, кайра учугу улана баштады го! Деги ХЕППИ-ЭНД менен бүтөбү?
0
Nunu00
2016-07-28 12:22:12
Ошондо Джи менен Арууке эгиз болуп калабы?
0
gulka_79
2016-07-31 00:03:36
Кызык жерине келди газета чыгып калды ал эми бул жакта жокко суперчилер бир кун эрте жонотсонуздор го
0
Markita
2016-07-31 19:00:27
Аеча мынча кино жолдо калат ко.биздин чыгармачыл инсандарга баракелде!!!!
0
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан