ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал)

 (Башталышы өткөн сандарда)

Ушинтип болсо да көңүлүн көтөрүп коёюн деп, жакшылап эринбей жасап бердим. Жана эле ыйлап, менден чочуркап жаткан бала баарын унутуп, жаныма келип, "сен мага дөңгөлөктөрүн жасап жардам бер" десем, кызыгып жасай баштады. Эжеси инисин издеп келип бизди көрдү да, унчукпай отунду алып кетип калды.
Аты Алим экен, тимеле көздөрү жайнап алган, "чоңойгондо антем, минтем..." деп бир нерселерди айтып берди. Эжеси барып чоң атасына айтканбы, аксакал биздин жаныбызга келип карап турду да, кетип калды. Байкабаптырмын, чыйылдак да келип алысыраакта турган экен, биринчи Алим көрүп менин артыма бекинип калды эле, ошондо көрдүм. Келип жаныбызда бир аз турду, эмне кылып жатканыбызды көрөйүн деген го. Мени карап бир нерсе айтайын деди окшойт, көзүмдөн жаман көргөнүм байкалдыбы же эмнеге түшүнбөдүм, жерге түкүрүп, мени карап коюп кетип калды.
Алимди карасам коркуп алыптыр. Башынан сылап:
– Коркпо, мен турганда сага эч ким тийбейт, кулагынан чоюп коём, мурдун чымчып алам, анан ыйлайт,- десем, күлүп-жайнап калды. 500 афгани берип, адатымча "балмуздак алып же" деп айтып жиберейин депмин, ооганча кандай айтылат экенин билбейм да. Акчаны алып, сүйүнгөн боюнча чуркап барып эжесине берип келди окшойт. Машинаны жасап бүтүп, кургасын деп бийигирээк жерге күнгө коюп койдук. "Калганын эртең кургаганда кылабыз" деп жөнөтүп жибердим. Шериктеримди карасам баары уктап жатыптыр, мен да эс алып алышым керек эле. Бир жарым сааттай убакыт бар экен. Саат үчтөрдө күндүн ысыгы кичине болсо да кайтып калыптыр, кайра ишти баштадык. Күүгүм киргенче иштедик. Акчасын күндө кечинде берет экен, ар бирибизге 400 афганиден таратып берди. Мен кокуй дедим ичимен, Алимге 50 афгани берсем деле болмок экен. Өзүм кечке чейин иштеп араң 400 алсам, эми чоң атасы кандай ойдо калат? Макул эми, болору болду, жаман деле адам көрүнбөйт. Кечки тамактан кийин бизди сарайдын бир бурчундагы бөлмөгө жаткызышкан эле. Шериктерим чогулуп алып бир нерселерди күбүрөшүп сүйлөшүп калышты. Абду мага карап:
– Сен да аласыңбы?- деди эле, сыр бербей "жок" деп койдум. Эмнени алат экен булар деп жанында тыңшап турсам, көрсө, гашишке акча чогултуп жатышыптыр. Бирөөсүнө акча чогултуп берип жөнөтүшөт экен. Сен бар, мен бар болуп жатып акыры бирөөсү кетти. Үч чакырымдай жерде айыл бар эле, ошол айылдан алып келет экен. Бир жарым саатта келди окшойт, баарынын чөнтөгүндө фольга, же бизче айтканда, чайдын жылтырак кагазы болот экен, ошол кагазына ар кимге берген акчасына жараша салып берди. Эки-экиден болуп алып фольганын түбүнө зажигалка менен от жагып кызытканда апийимден түтүн чыгат экен. Түтүн башка жакка чыгып кетпесин деп үстүлөрүн жоолук сыяктуу чоң материал менен жаап алышып, ошол түтүндү дем алышат экен. Аксакал келди да, бизди карап коюп кайра чыгып кетти. Эми эмне болор экен деп карап жатсам, бир нече мүнөттөн кийин ар кимиси жөнү жок эле күлүп, бирөөсү ыйлап, айтор, бир кызыктай эле болуп калышты, көздөрү жайнап. Түн бир оокумда ар кайсы жерге томолонуп жатып калышты. Эми бир аянычтуу көрүнүш да, эски, жамаачы кийимчен, кир баары, көпчүлүгү арык, анан дагы апийим чегип алып минтип жатышат. Келечектен эч кандай үмүт жок, алдыдан бир жарык көрүнбөйт да ошону карап умтулгудай. Кичине акча таап, анын да жарымына апийим алып... Ээ, көрүп аябай жаман болдум. Ушинтип кыйын жашоосун кичине болсо да кызыктуураак кылышат окшойт да. Кудай сактасын биздин элибизди дедим.
Баары уктагандан кийин эшикке чыгып, сарайдын жанында кампа бар эле, ошол кампанын артына өтүп бронежилетти чечип, кампанын чатыры менен дубалынын ортосунда ачык жер бар экен, ошол жерге бекитип койдум. Ушунчалык жеңилдедим, тимеле денем аба жутуп, дем алганы даана сезилди. Жуунуп алып үйгө кирсем аба жок, ысык тим эле. Шериктеримдин жанына жата албадым. Сыртка чыгып бир дарактын түбүнө төшөгүмдү салып жаттым. Аксакал көрүп турганбы, жаныма келип отуруп:
– Балам, кимсиң сен, каяктан келдиң?- дейт, оозум ачылып калыптыр.
– Баграмдан.
– Мага жашырбай айта бер, эми өлөрүм калганда сага жамандык кылмак белем. Мүмкүн, жардамым тийип калар, рюкзагыңды, ичиндегилерди да көрдүм, сен колунан жамандык иш келе турган адам эмессиң, балам, мага ачык айта бер.
Эмнегедир ишендим, айтып бердим бул жактарга кантип келип калганымды. Сөзүмдү бөлбөй кунт коюп укту. Кыргыз экенимди укканда:
– Мен Фрунзеде болгом, 1982-жылы Азербайжандын Бакусунда эки жыл окугам, ошондо Фрунзе, Ташкент, Алматыга алып барышкан бизди. Элиңер абдан бактылуу экен. Тынч жашоо, тынччылык эле болсо, калганы акырындан болот, балам. Бир убакта бизде да ошондой жашоо эле, азыр өзүң көрдүң биздин жашоону, атың өчкүр согуш баарын жок кылды. Эртеңки күнгө ишенич жок, эки балам бар эле, экөө тең согушта курман болушту. Эми мен өлсөм эки неберемдин көргөн күнү эмне болот билбейм, үйүм күйүп кеткен согушта. Азыр ушул жерде жашайм жайы-кышы, неберелерим мектеп дегенди билбей калышты. Өзүм эптеп окуганды, жазганды үйрөтүп койгом. Эх, тезирээк эле согуш бүтүп, тынччылык орносо экен. Тынч жашоо башталса, ушул неберелерим жакшы жашоодо жашашса башка нерсенин кереги жок эле мага. Эми гана аз-аздан тынччылык болуп, ар жактан жардам келип жашоо оңолуп келатат, бирден-экиден ишканалар ачылып. Элибиз согуштан чарчады. Макул, балам, өзүң мындай акыбалда турсаң ар нерсени айтып сенин да көңүлүңдү түшүрбөйүн. Бир жумадан кийин Мазари-Шарифке барам, Кыргызстандан жүк алып келген машиналар турган жерди билем. Тааныштарым көп, бир жолун табабыз, акчаң бар экен, акча берсең бүтпөгөн иш жок, үйүңө жетип аласың. Коркпо, баары жакшы болот...

  (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
OMURBEK.
2016-07-25 09:04:55
уйуно жетет окшойт акыры
+1
pochtalyonin
2016-07-25 09:14:12
Копко калып кетти кетсин эми байкуш
+1
Shekeev969798
2016-07-25 10:09:44
Чал сатып койбосо эле аттин неге айтын сырынды озунон башкага олсон да ишенбе
+1
miki87-06
2016-07-25 10:11:48
кеткиче дагы канча иштер болуп кетет
+1
aziza2000
2016-07-25 13:02:00
чал сатпастыр, неберелерин табыштайт окшойт мен олуп кетсем кабар ала жур деп
+1
Munar8625
2016-07-25 13:44:32
Калганы бизге карангы автордон башка,
+1
Medina..
2016-07-25 14:38:09
Эми не болот экен?
+1
insap
2016-07-25 15:57:30
Чал сатпаса керек, айтор иши оңдой бер болголу калды бейм..
+2
Danik
2016-07-28 11:04:28
Бундай эмес болсо керек Айтышатко Авторлор 99%корком стиль ал эми 1% чындык деп буну дагын коп коркомдоп коюшуптур
+1
snegurochka11
2016-07-29 10:50:37
Чал сатып койбосо болду эми...
Элибизде,жерибизде тынччылык болсун дайым!!!Согуштун бетин ары кылсын Жараткан!!!
+1
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан