"Түрквизион" сынагынын жеңүүчүсү Жийдеш Идирисова учурда чыгармачылыкта активдүү иштеп жаткандардын катарында. Биз менен сүрөткө түшүүгө бара жатып да жолдо бийчи кыздарына чалып, ар бирин репетицияга кечикпей келүүсүн эскертип жаткан ырчы "чынында жалгыз иштөө кыйын, Кудайга шүгүр, менин продюсеримдин милдетин аткарган жолдошум бар" дейт. Анда ачык мүнөз Жийдеш менен маегибизге көз жүгүртүңүз.
– Кандайсыз, Жийдеш, инстаграмга чет өлкөдө жүргөн сүрөттөрүңүздү жүктөп каласыз, эс алуунун планын быйыл жакшы эле толтуруп жаткансыз го?
– Салам, ушул жылы жазында Европада жашаган мекендештерибизден "кыргыз ырларын сагындык, келип кетпейсиңерби?" деген сунуш түшкөн. Ошону менен Германиянын Гамбург, Берлин шаарларында, Прагада, Парижде боордоштор менен жолугуп, ыр сунуп кайттык, аны менен кошо эс алып да келдик. Февраль айында жолдошум экөөбүз Таиландга барып эс алып келгенбиз. Быйылкы жамгырлуу жай да менин оюмдагыдай болуп жатат. Анткени жамгырды абдан жакшы көрөм.
– Өз курагыңыздан жаш көрүнөсүз, мунун сыры эмнеде?
– Көбү "жаш көрүнөсүң" деп айтышат. Мага кичинемде бирөөлөр "29-30 жаштамын" десе абдан картайып кеткендей туюла берчү. Бирок ошол куракка келгенде өзүңө билинбей деле калат экен. Жаш көрүнгөнүмдүн сыры деле жок, сахнада косметика колдонгонум менен, жашоодо такыр боёнбойм. Бир айда бир жолу косметологго барып турам. Кийгеним чолок шым, майка, кеда. Такалуу бут кийимдерди сахнада, фотосессияларда эле кием.
– Сиздин көп жыл ресторан-клубдарда ырдап жүргөнүңүздү билебиз. Сахнага чыга албай жүргөн кыйын ырчылар көп, чоң сахнаны багындыруу үчүн сизге канча жыл керектелди?
– 7 жылдай "Артек" деген топто ырчы болуп иштеп жүрдүм, 3 жыл кабакта ырдадым. Ушул жылдарда бир топ музыкалык тажрыйба топтогом. Негизи көпчүлүк кабак ырчылары чоң сахнага чыгууну каалашпайт. Алар жан дүйнөсүнүн кемтигин толуктап жандуу ырдап, өзүнүн ырахатын канааттандырса болду, ошого ыраазы. Алар үчүн атактуу болуу, жылдыз болуу деген маанилүү эмес. Ал эми сахнага чыгууга аракет кылып жүргөн кабак ырчылары, балким, элдин табитин таба албай жатышкандыр. Себеби кабакта профессионал музыканттар көп иштейт. Алардын музыкага табити башка, элдики башка, болгону экөөнү айкалыштырыш керек.
– Кызыңыз 10 жашка чыгып калыптыр, ал да ырга шыктуубу?
– Кызым Севара 10 жашта, быйыл 4-классты бүттү. Ал апам менен Нарында турат. Кызым төрөлгөндө ат тандай албай кыйналган элек, эки жума аты жок жүргөн. Мага жакса жолдошума жакпай, жолдошум экөөбүзгө жакса кайненеме жакпай бир топ түйшөлгөнбүз. Акырында курбум Севара деген атты сунуштап калды. Кулагыма жагымдуу угулду, ал "арабча ат, кыргызчага которгондо "сүйүктүүм" деп которулат" деп айткан. Мен кызым чоңойгондо гана Севара деген ысым өзбектердики экенин билдим.
Чыгармачылыкка шыктуу, бирок ырчы болом деп айта элек. Азыркы балдардын балалыгы биздикинен башкача, мисалы, менин балалыгым көчөдө эле өттү, ал эми азыркылар планшет, мобилдик телефон менен гана ойношот. Карап отуруп кийинки муундун балдары кандай болуп чоңоюшат экен деп кызыга бересиң.
– Жолдошуңузга сиз деп кайрылат экенсиз, ортоңуздарда канча жаш айырма бар?
– Жолдошум Андрей менден 11 жаш улуу, ошон үчүн башынан эле сиз дейм. Мени "Артек" тобуна жолдошум алып келген. Негедир Андрейге көп эркелейм, себеби кичинемде апам бизди катуу кармап, эркеликтин планы толбой калган окшойт. Экөөбүздү музыка табыштырган. Жолдошум – көп ырларымдын автору. Негизи мага чыдаганы үчүн ага наам бериш керек. Анткени мен сахнага чыгып ырдаганым эле болбосо, калган жумуштардын баары Андрейдин моюнунда. Мен жараткан ийгиликтин жарымы жолдошума таандык. Ансыз бул деңгээлге жетет белем, ким билет.
– Жакында эле телеканалдардын бирине конок катары келгенсиз, ал берүүдө алып баруучу сизди одоно тамашалап, кийген кийимиңизге чейин асылды. Мындай мамиле сизди капалантпайбы?
– Жок, ал атайын ошондой тамашалуу берүү болчу. Алып баруучулар бир аз элди күлдүргөнгө аракет кылды. Мындай майда нерселерге чычалабайм, анткени ал берүүгө чакырганда эле билгем, чымчымай тамашалар болорун.
– Менден "кыргызчам оңолуп калыптырбы?" деп сурап калдыңыз, таза кыргызча сүйлөөнү өздөштүрүп жаткансыз го?
– Кыргызча билбейм деп обу жоктонбой эле коёюнчу. Мен кыргызмын, албетте, өз тилимди билем, бирок телевидение, радио, гезиттерге чакырышат, ал жактан таза кыргызча сүйлөгөнгө туура келет. Нукура кыргыз тилинде начар сүйлөйм. Анткени айланамдагылардын баары орус тилдүүлөр. Гүлжигит Калыков досумдун кыргызча сүйлөгөнүнө суктана берем, бир жолу өзүнө "мага да үйрөтчү, сен сонун сүйлөйсүң" десем үйрөтүп баштаган. Жакында эле радиолордун биринде сүйлөгөнүмдү Гүлжигит угуптур, чалып мени куттуктап жатпайбы "кыргызчаң оңолуптур" деп. Сүйүнгөнүмдү айтпа. Сен да менин кыргызчамды мактасаң сүйүнүп калайын деп жатпаймынбы (күлүп). Жолдошум да "кыргызча үйрөнөм, мени менен кыргызча сүйлөш" деп жатат. Буюрса, кийинки интервьюларда бир да орусча сөз аралаштырбай сүйлөп берем.
– Маегиңизге чоң рахмат!
Лунара Бекиева
star@super.kg