ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (25-ИЮЛДАН 31-ИЮЛГА ЧЕЙИН)

КОЙ (21.03-20.04)
Кой жылдызынын алдында туулгандар аптанын башында сырткы келбетине, ден соолугуна көңүл бургандары оң. Эксперимент жасоодон качпаңыз жана коркпоңуз. Сырткы келбетиңизди өзгөртүүгө таштаган кадамыңыз жакшы жыйынтык берет. Эски буюмдарыңыздан арылып, жаңысын сатып алып сүйүнөсүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта башында букачарлар ар кандай жолугушуулардан, план түзүүдөн бир аз качып тургандары оң. Анткени ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип кетиши ыктымал. Шаршемби күнү өзүңүзгө жагымдуу эс алуу тартуулайсыз. Алыстан келген туугандарыңызга жардам берип, алардын маселелерин чечүү үчүн да энергияңыз кетет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эгиздер достору менен жакшы баарлашуу уюштура алышат. Андан да жакшысы, күтүлбөгөн жерден көпчүлүк чогулган жакшы саамалыкка туш болосуз. Ал жерден жакшы адамдар менен баарлашып, дос табасыз. Жума, ишемби күндөрү өзүңүзгө көңүл буруп, сырткы келбетиңизди өзгөртүүгө аракет жасайсыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын башталышы менен колуңуз такыр бошобойт. Ишиңизде, үй-бүлөңүздө ар кандай маселелер жаралып, бир нечеге бөлүнөсүз. Шейшембиде жумушта күтүлбөгөн жагдай жаралат. Жумуштагы жоопкерчилик бир аз азайып жеңилдейсиз жана келечекке жакшы план түзүүгө убакыт табылат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Сизге эмне кызык болсо, ошол иш менен алпурушасыз. Ал эми жаныңыздагылар сиз менен сыймыктанып гана турушат. Анткени айланаңызда сизге атаандаша тургандар жокко эсе. Апта соңунда чет элдиктер менен алакаңыз жакшырып, бир долбоордун үстүнөн иш баштоону пландайсыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Капилеттен сизди капа
кыла турган иштерге чалдыгасыз. Бирок жаныңызда сизди колдогон адамдар бул жагдайдан оңой эле чыгарып кетишет. Ден соолугуңузга кам көрүп, санаторий сыяктуу эс алуучу жайларга жол тартканды пландаганыңыз туура. Апта соңу романтика менен жыйынтыкталат. Белек алып, маанайыңыз көтөрүлөт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ишиңизде жогорулоо болот. Жакшы жаңылык маанайыңызды көтөргөнү менен, башка иштериңизге убакыт таппай чачырайсыз. Бойдоктор үчүн жакшы жума. Алар күтүлбөгөн жолугушууларга кездешип, ортодо жылуу мамиле пайда болот. Үй-бүлөлүүлөр балдарынын ийгилиги менен сүйүнүшөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Чаяндар бул аптада ден соолугу, келбети менен алек болушат. Жаңылыгы жок, кадимкидей эле жай апталардын бири болот. Китеп окуп, үй-жайыңызды иретке келтирип, тамакты түрлөп жасап бул апта менен кош айтышасыз. Жылдыздар бир калыптагы күндөрүңүздү кызыктуу кылууну, мүмкүнчүлүк болсо чет жерге эс алууга барууну сунушташат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жаачылар олуттуу иштерге чечим кабыл алуу менен аптага кадам ташташат. Жакшы тааныштарыңыздан сизди ойлондурган сунуштар түшөт. Бул учурда ички туюмуңузга таяныңыз. Андыктан майда иштериңизди кийинкиге жылдырып, олуттуу сунуштар менен алектениңиз. Карыздарыңыздан кутулууга аракет кылыңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Текечерлер өзүнүн кыйынсынган мүнөзү менен жанындагыларды таарынтып алуулары мүмкүн. Адам көңүлү гүл экенин унутпаңыз. Бир көңүл калса оңою менен калыбына келбейт. Концертке, киного барып эс алып келсеңиз, бир аз жан дүйнөңүз жеңилдеп, араздашуунун алдын аласыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Алыстагы тааныштарыңыздан жакшы кабар угасыз. Анын арты менен көптөгөн ийгиликтерди багынта аласыз. Бирок бир ишти артка жылдыра бермей адатыңыз жолтоо болот. Сүйүктүүңүз менен араздашуу күтүлөт. Ортоңордо бир нече жылдык жылуу мамиленин болгондугуна карабай эки жээкте калышыңар мүмкүн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жан дүйнөңүз ооруп турганына карабай көп иштерди бүтүрөсүз. Сүйүктүүңүздүн иш-аракети кыжырыңызга тиет. Бирок мунун баары убактылуу деп алдыга кадам таштоону унутпаңыз. Жеке жашооңуз солгундаганы менен, карьерада өсүш болуп, жакшы иштерге сунуш түшөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан