ПОМИДОРДОН КООЗ, ДААМДУУ ЗАКУСКАЛАР

РОЗА ЗАКУСКАСЫ

Керектелүүчү азыктар:

Помидор (орточо көлөмдө)
– 6 даана
Сыр – 100 грамм
Сарымсак – 1-2 тишче
Майонез – 2 аш кашык
Райкан

Даярдоо ыкмасы:

1. Помидорду жууп тазалап, үстүнкү бөлүгүнүн 5-6 жеринен аягына жеткирбей тилип чыгабыз.
2. Сырды сүргүчтөн өткөрүп, ага майда тууралган сарымсак жана майонез кошуп аралаштырабыз да, помидордун тилинген жерине салып койсок, закускабыз даяр.

КОЗУ КАРЫН ЗАКУСКАСЫ
Керектелүүчү азыктар:

Помидор – 6 даана
Быштак – 200 грамм
Каймак – 2 аш кашык
Татымына жараша туз
Укроп, петрушка

Даярдоо ыкмасы:

1. Помидорду жууп тазалап, үстүнкү бөлүгүн гана кесип алабыз. Бул козу карындын калпакчасы болот.
2. Быштакка каймакты жана майда тууралган укропту, татымына жараша туз кошуп вилка менен жакшылап аралаштырабыз. Табитиңизге жараша бул аралашмага сарымсак кошсоңуз да болот.
3. Эми алаканыбызды суулап, бул аралашмадан бир аз алып тоголоктоп козу карындын сабагын жасайбыз да, үстүнө “помидор калпакчаны” кийгизебиз. Үстүнө каймактан тамчылатып темгилдерин жасап, четин петрушка менен кооздоп, дасторконго койсок болот.

МУНАРА ЗАКУСКАСЫ
Керектелүүчү азыктар:

Помидор – 6 даана
Баклажан – 1 даана
Кабакча – 1 даана
Сарымсак – 1-2 тишче
Сыр – 100 грамм
Майонез – 4 аш кашык
Укроп, райкан

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач баклажан менен кабакчаны жууп, тегерек формада, 0,7-0,8 миллиметр калыңдыкта кесебиз. Эми алардын үстүнө туздан бир аз себелеп 20 мүнөттөй тыныктырабыз да, сыгып алып майга эки жагын кызарта куурабыз.
2. Сырды майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, ага майда тууралган сарымсак, укроп, райкан жана майонез кошуп аралаштырабыз.
3. Бирдей көлөмдөгү помидорлорду 0,5 миллиметр калыңдыкта тегерек формада кесип алабыз да, “мунарабызды” курабыз. Ал үчүн жашылчалардын ортосуна сыр аралашмасын сүйкөп ирети менен тизип чыгуу керек. Закускабыз кулап кетпеши үчүн эң астыңкы кесимдин түбүн да бир аз кесип коёбуз.

Рецепттер жактыбы? Анда сактап коюңуз!

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
owtu
2016-07-25 09:42:59
Жакшы кенеш экен, бирок жасап корсон суроттогудой чыкпайтда
+3
asel96
2016-07-25 09:52:33
Мунара закускасы сонун го
+1
munara.11.
2016-07-25 10:32:23
мунара закускасы жакты
0
dina-85
2016-07-25 11:03:47
Мен да коп аракет кылгам бирок суроттогудой кыла алган эмесмин,бул да болсо чеберчилик тура
+1
tyrgon
2016-07-25 11:20:00
Эмне менен закуска кылыш керек
+1
arman00
2016-07-25 14:33:56
минтип езип отурабы жакшысы шакарап
+7
abdillaevna-96
2016-07-25 14:57:02
Кабакчасы эмне?
+3
sely
2016-07-28 08:13:11
abdillaevna-96,кабачок
0
Akyl8080
2016-07-26 22:28:35
Жакшы кенештер экен.
0
Guzi88
2016-09-04 04:57:48
Кок болгарскийди кантип туздай
0
Mia26
2016-11-17 16:16:51
Салам супер инфо жана анын колдонучулары. Ордокту сойгондон кийин кайнак сууга жибитип жулсам жулунбай койду. Кантип жулат ордокту мени менен болушуп кетиниздерчи? Билгендер болсо
0
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан