– Гүл берчү эмесмин. А сен гүл алган кандай жагымдуу экенин кайталай берчүсүң. Кыштын кычыраган күндөрүнүн биринде көчөдө жетелешип баратсак, «жаздын биринчи күнү мага гүл бересиң. Макулбу?!» деп талап койдуң.
1-мартта гүл саткан дүкөндөн чакан, баасы арзан гүлдесте алдым. Көчөгө чыгып эле өзүмдү ыңгайсыз сезем. Деле гүл көтөрүп көрбөптүрмүн. Быжыраган майда сары гүлдөр, сары кагазга оролгон, анан чекеси майда тикенектүү жалбырактар менен көрктөлгөн. Аталышын деле билбейм. Акчам ушуга жетти. Студентте кайдагы акча?!
Аз убакыттан кийин сен келдиң, кызыл пальтоң шыңга боюңа сонун жарашып, көркөм элең. А көздөрүңчү... Көздөрүң укмуш болчу. Көпкө чейин капкара каректериңе тигилип тургум келе берчү.
Колумду аркага алып, гүлдестени жашырдым. Каректериңди бир суктана карап, маңдайыңдан өөп учурашкан соң гүлдестени сундум.
– Ой, а эмнеге? Майрамбы?
– Жаздын биринчи күнү эмеспи.
– Аа. Мен унутуп да калыптырмын. Эмнеге сары гүлдөр?
– Сары түс жакпайбы?
– Сары гүл ажырашууга алып келет деп коёт го.
– Андайларга ишенбеш керек,- деп жетелеп жөнөдүм. Досторго жолуктук.
– Оу-у, гүл бердиби?- досум учурашпай жатып күлдү.
– Ооба, бирок ажырашуунун символу болгон гүлдөр,- дедиң маанайың суз.
– Ой, андай эмес. Мына карасаң, ортодогу сулуу гүл сен. А бул чекесиндеги тикенектүү жалбырак мен. Сени коргоп турам. Башка жигиттерге тийгизбей...
– Сен тикенексиңби?- досум күлдү.
– Ооба.
Менин айткандарым жага түштү окшойт, акырын мага ыктап ийиниме жөлөндүң. «Өх» дедим ичимден. Сенин маанайың суз жүргөнүнө түтпөй кетчүмүн. Бирок ошондон бир жума өтпөй экөөбүз ажырым жолго түштүк. Байкеңди ээрчип чет мамлекетке кетип калдың. Экөөбүз телефондон ызы-чуу түшүп урушканыбыз эсимде... «Кетпе...» деп жалдыраганыма да көнбөдүң.
Андан кийин мен сагынычтан оорудум. Эркек башым менен жаздык суулап ыйлаганымчы. Кайдан гана бердим деп сары гүлдөрдү канча күнөөлөп жүрдүм. Бирок кеп сары гүлдөрдө эмес болчу... Сен болгону келечегиңди тандадың. Чет жакка чыгып, окуп, иштеп келгиң келди. А мен эмне, айылдан ай сайын жол киреге ата-энемден миң сом алган студент болчумун. Сага эч нерсе бере алмак эмесмин. Бирок биз кандай бактылуу элек?! Күн сайын жолукчубуз. Жетелешип жүрчүбүз. Көп күлчүбүз. Унчукпай эле кучакташып тура берген кандай сонун эле.
Арадан бир канча жыл билинбей өтүп кетти. Сени унуткан жокмун. Бирок сага деген сезимдерим эбак мокоп калган болчу. Жумуштан чыгып, унаама отуруп жатып сени көрдүм. Баягы кызыл пальтоңду кийип алып турган экенсиң. Өзгөрбөпсүң. Жакшы эле учурашайын деп ойлонуп, бирок эмнегедир бутум тартпады. Кызыл пальтоң көзүмө көрктүү көрүнбөдү. Каректериң деле кадимкидей болгон экен, эми байкадым. Сени көргөндө элеп-желеп болуп, көкүрөгүм толкундап чыкчу эле, андай да болгон жок.
Анткени мен үй-бүлөлүү элем. Мен дале тикенек болчумун. Бирок өзүмдүн кооз гүлүмдү, үй-бүлөмдү бар күчүм менен, жаным калбай коргой турган, майышпаган катуу тикенек болуп калгам. А сенин жаныңа барып эмне кылмакмын? Керексиз жорук болчу. Антсе да ушул учурда мен баягы сары гүлдөргө ыраазы болуп кеттим. Ырас эле сары гүл бериптирмин...
Самат
Марат Жанбараков