SUPER.KG’ден КҮНСЕРЕП

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

14-июль:

ЧУУ ЖАРАТКАН БАННЕРЛЕР БИШКЕКТЕ ЭЛЕ ЭМЕС, БҮТКҮЛ КЫРГЫЗ ЖЕРИНЕ ИЛИНЕТ

Германиялык лидер менен жолугушуудан соң Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү соңку окуяларга карата пикирин билдирди. Бишкектин көчөлөрүнө "Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген аталышта кыргыздын элечек кийген айымдары менен паранжа жамынган айымдардын сүрөтү тартылган баннер илинип, көпчүлүк айтчу сөзүн айтып бүтүштү. Айрымдар УКМК менен өлкө жетекчилигинин позициясын күтүп жатышкан. Ажо өз оюн так айтты: "Динге жамынып кыргыздарга бөтөн элдин маданиятын таңуулап жатышат, антүүгө эч кимдин укугу жок. Мындай жарнактар өлкөнүн бардык аймактарына илиниши керек. Бул жарнакты илдиргендерге акчалай жардам көрсөтүү боюнча президенттик аппараттын башчысына тапшырма бердим".
Буга чейин баннерди "чагымчылдык" деп атап, аны илгендерди жоопкерчиликке тартууну талап кылып жаткандарга таамай 3 сүйлөм жооп узатылды. Мындай сөз динге жамынуу менен улуттук баалуулуктарга "чабуул" кылып жаткандарга жакпай, улуттук дөөлөттөрдү коргоо зарылдыгын айтып жаткандарга майдай жакты. БУУнун сунушунан улам Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту 2010-жылкы Июнь окуясында улуттар аралык жаңжалды козутууга, адам өлүмүнө айыптап Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун чечимин жокко чыгарышы да бүйүр кызытып турган. Өлкө жетекчиси Аскаровдун жөн эле бошотулбасын, анын мындан кийинки тагдыры соттук териштирүүдө чечилерин баса белгиледи. Ошентип, коомду тынчсыздандырып жаткан окуялар боюнча мамлекет башчынын позициясы белгилүү болду. Эми интернеттеги агрессивдүү талкуулар азаяры күтүлөт, эки тарап болуп талашып жаткандар тыйылар...

15-июль:
КЫРГЫЗДАР ЭМИ УЛАК ЭМЕС, МУЛЯЖ ТАРТЫШАТ

Ысык-Көлдө быйыл күзүндө өтүүчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрүчүлөр улак эмес, кайыштан жасалган муляж тартышат. Кыргыз Республикасынын Улуттук оюндар боюнча дирекциясы муляж жасоо боюнча сынак жарыялап, жеңүүчүгө 50 миң сом сыйлык убадалады. Кайыш оюнчуктун салмагы 32 килограммдан 35 килограммга чейин болуп, 16 оюнга чыдагыдай болушу шарт. Дирекциянын башчысы Алмаз Касенов көк бөрү оюнун ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргыз мамлекетинин атынан киргизүү үчүн аталган оюнда муляж тартуу керектигин айтууда. Аталган уюм жандыктарды аёосуз кордоого каршылыгын билдирип, көк бөрүнү тизмеге каттоо үчүн улактын ордуна муляж жасап чыгууну сунуштаган. Бул маселе үстүбүздөгү жылдын май айында эле көтөрүлүп, кыргыз коомчулугу кызуу талкуулаган эле. Айрымдар "улактын ордуна муляж тартсак оюндун мааниси жоголот" деп каршы болушса, башкалары мындай демилге ысырапкорчулукту азайта турганын айтып колдоого алышкан (болжол менен 1 жылда көк бөрү үчүн 5000 торпок союлары айтылган).
Көк бөрүнү Казакстан да өз атынан ЮНЕСКО тизмесине каттатууга кызыкдар. Кыргыз тарап коңшулардан озунуп аракет кылышы колдоого аларлык. Болбосо 7 жыл мурункудай окуя кайталанышы мүмкүн. 2009-жылы "Манас" үчилтиги Кытайдагы этникалык кыргыздардын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине катталып, андан кийин гана Кыргыз Республикасы аракетке өтүп, 2014-жылы Кыргыз Республикасынын атынан каттоодон өткөрүлдү. Азыркы аракети да улуттук мурастарды "менчиктештирүүгө" такалууда. Башкысы – улуттук оюндун аталышы, эрежеси өзгөрбөгөнү. Оюнда кайыш тартылабы, улактын өзү тартылабы, анчалык мааниге ээ эмес. Маанилүүсү – көк бөрү кыргыздын оюну экенин дүйнө жүзүнүн таанышы. Келечекте, балким, Олимпиада оюндарынын катарына кирет, ошондо Кыргыз мамлекетинин аты дүңгүрөйт...

18-июль:
АЛМАТЫДАГЫ АТЫШУУ КЫРГЫЗ ТАРТИП САКЧЫЛАРЫН КЫЙМЫЛГА КЕЛТИРДИ

Коңшулаш Казакстанда кырдаал тынч эмес. 18-июлда эртең менен Алматы калаасынын айрым райондорунда атышуулар болуп, маалымат булактарында жарыяланган соңку маалыматтарга ылайык, 3 полиция кызматкери, 1 жөнөкөй жаран каза тапты. Окуядан кийин аймакта терроризмге каршы операциялар башталып, жашоочуларды үйдөн чыкпай туруу, эл көп чогулган жерлерге барбоо чакырыгы жасалды. Кылмышка шектелип 2 адам кармалганы ММКларда маалымдалып, Казакстандын күч түзүмдөрү окуя тууралуу кеңири комментарий бере элек. Айрым маалымат булактары кармалгандар салттуу эмес динди кармангандар болушу мүмкүн экенин жазышты. Бул соңку айлардагы дүрбөлөңдүү экинчи окуя. Казакстандын Актөбө шаарында үстүбүздөгү жылдын июнь айында курал-жарак сатылган 2 дүкөнгө жана аскердик бөлүккө кол салуу болуп, атышууда 6 адам каза тапкан эле.
Соңку тарыхты карасак, Кыргыз жеринде тополоң чыккан маалда Казакстан чек арасын дароо жаап салат же көзөмөлдү күчөтөт. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдириши боюнча, коңшу өлкөдөгү бүгүнкү атышууга байланыштуу кыргыз тарап да кошумча күч тартып, мамлекеттик чек араны күчөтүлгөн режимде көзөмөлдөөгө өттү. Мындан тышкары ИИМ менен УКМК да күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Алматы Кыргыз өлкөсү менен чектеш жайгашкан аймак, андыктан тополоңдун эпкини Кыргыз жерине өтүп кетпесин деген кооптонуу күчтүү.

19-июль:
ЭРДОГАН-ГҮЛЕН ТИРЕШИ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНДЕГИ ТҮРК ЛИЦЕЙЛЕРИН ЖАБУУГА ЖЕТКИРЕБИ?

80 миллионго жакын калкы бар Түркиянын калкын эки жээкке бөлүп жаткан тиреш Кыргыз мамлекетин да каптап өттү. Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Себахаттин Балжынын Түркиядагы аскердик төңкөрүш жасоо аракетине карата жасаган билдирүүсү түркиячыл маанайдагы кыргыздар арасында кызуу талкуу жаратты. Окуу жайдын жетекчиси Түркиядагы окуяга түрк бийлиги тарабынан айыпталып жаткан дин аалымы Фетхуллах Гүлендин Кыргыз жеринде да жактоочулары бар экенин айтып, кыргыз бийлиги Түркиядагы окуялардан сабак алышы керектигин белгилеген. Интернетте социалдык тармактын колдонуучулары ректордун пикирин талкуулап жатышат. Убагында "Себат" лицейин аяктаган режиссёр Сүйүн Откеев окуу жай башчысынын сөзүн Кыргыз мамлекетин ызы-чууга тартуу аракети деп атады. "Урматтуу Себахаттин мырза! Сиз Кыргыз Республикасынын атын уга элегиңизде түрк туугандар бул жакта мектеп ачып иштеп жатышкан. Түштөн кийин келип алып кыйын болбоңуз! Сизге окшоп мамлекеттин акчасына эмес, жөнөкөй, карапайым түрк элинин жардамы менен боордош кыргыз элине жардам берип келишти. Азыркы кыргыз-түрк достугунун пайдубалын мына ошол сиз көрө албаган, сиз кызганган "Себат" билим берүү мекемелери бекемдешкен. Саясатчы болгуңуз келсе, Түркияңызга барып кыла бериңиз. Сиздин Эрдоган даярдап берген бир-эки жалааңызга өзүңүздүн гана адамдарыңыз ишенбесе, эч ким ишенбейт",- дейт Откеев.
Белгилей кетсек, президент Режеп Тайип Эрдоган төңкөрүш жасоо аракетине айыптаган диний аалым Фетхуллах Гүлен негиздеген Эл аралык "Себат" лицейлер тармагы Кыргыз жеринде да ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ректордун билдирүүсүнөн кийин Кыргыз жериндеги Эрдогандын тарапташтары менен гүленчилер эки жаатка бөлүнүп, кайым айтыш уланууда. 2015-жылы Тажикстан менен Азербайжандын бийлиги Гүлен тарабынан ачылып иштеп жаткан окуу жайларга талаптарды күчөткөндө айрым серепчилер муну "Эрдоган менен Гүлендин тиреши" деп баалаган. Тажикстан түркиялык "Шолала" лицейин акысыз билим берүүгө өткөрүүнү талап кылса, Азербайжанда Гүлен ачкан мектептер жабылган. Бул толкун Кыргыз жерине да жетип, парламент жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова "Себат" лицейлерин жабууну сунуштаган. Мындай сунуш түрк лицейинин биринен окуучулар уулангандан кийин айтылган эле. Балдары түрк лицейинде окуган ата-энелер маалымат жыйын өткөрүшүп, лицейди жабууга жол бербөө зарылдыгын айтып чыгышкан. "Себат" лицейлер тармагы бүгүнкү күндө өлкөдө өз ишин улантып жатат... Бишкекте Гүленге караштуу делген Эл аралык "Ататүрк-Ала-Тоо" университети да иштейт.
Ал эми "Манас" университети кыргыз-түрк өкмөттөрү аралык келишимдин негизинде иштейт. 2014-жылы окуу жайдын ишмердүүлүгү тууралуу келишим жаңыртылган. Кыргыз-түрк окуу жайлары, лицейлери билим берүү сапаты жакшы делген мекемелер. Кыргыз бийлиги Эрдоган менен жакшы мамиледе экенин эске алсак, анда Түркиядагы бул баш аламандыктын эпкини "Себатка" тийиши мүмкүн. Кыргыз коомчулугунун ректорду саясатка аралашпоо, экинчи тарапты жек көрүндү кылбоо чакырыгы да ушуга байланыштуу. Эки тарапты тең колдобой, окуу жайлардын ишмердүүлүгүнөн "түрктөштүрүү" саясатын көргөндөр да өлкөдө аз эмес экени талкуулардан улам белгилүү болду. Кыргыз жерине инвесторлордун келиши жакшы. Алар жасаган ишинин пайдасын көрүп, бир күнү кетишет. Кыргыз жеринде кыргыздар өзүбүз калабыз. Андыктан кыргыз коомчулугу түрктөрдүн, орустардын, кытайлардын же АКШнын эмес, кыргыздын саясатын, үгүтүн, идеологиясын жүргүзүшү керек. Башкалардын тирешине жөнү жок баш сала бербей, эки тарап менен тең кызматташып, өз келечегин көздөгөнү оң.

20-июль:
ШАЙЛОО-2017. АДАХАН МАДУМАРОВ – АЛГАЧКЫ ТАЛАПКЕР

Кыргыз Республикасында 2017-жылкы президенттик шайлоого старт берилди. "Ар-намыс", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Аалам" партиялары коалиция түзгөнүн жарыялашып, шайлоо өткөрүүнүн жаңы системин сунушташты. Тагыраагы, Латвиядагы добуш берүү системин: добуштарды өзү автоматтык түрдө эсептеген сканердик урналарды колдонуу керектигин айтып жатышат. Үч партиянын лидери биргеликте берген бүгүнкү маалымат жыйынында Адахан Мадумаров президенттик шайлоого талапкер болуп чыгарын ачыктады. Ал шайлоо алдындагы үгүт кампаниясында талапкерлердин эч бирине артыкчылык берилбеши зарылдыгын айтты. Шайлоонун таза өтөрүнөн эмитен күмөн санагандар чыкты. Кыргыз мамлекетинде 2015-жылкы парламенттик шайлоо биометрикалык маалыматтын негизинде өткөрүлүп, добуштарды автоматтык түрдө эсептеген электрондук урналар колдонулган. Шайлоонун жыйынтыгын утулганы да, утканы да тааныганын, көчөгө чыгып ызы-чуу чыгарбаганын белгилей кетүү керек.
Интернетте социалдык тармактарда президенттик шайлоо боюнча ачылган талкууларда мурунку премьер-министр Темир Сариевдин пиарчылары менен "ата мекенчилер" активдүүлүк көрсөтүүдө. Андагы маалыматтарга көз жүгүртсөк, айрым маалымат булактарындагы "Президенттикке реалдуу талапкер болуп чыгууга кайсы саясатчыда шанс көбүрөөк?" деген сурамжылоодо Темир Сариев, "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев алдыга чыкканын көрүүгө болот. Айтор, улуу жарышка даярдык башталды. Эми талапкер болуп чыкчулар бекиткен компроматтарын, өлкөбүздү гүлдөтүү пландарын сандыктан сууруп чыгышат...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан