Союзбек Салиев: "ЖЕҢИЛ УЧАК МЕНЕН ЖЕР ШАРЫН АЙЛАНЫП, КЫРГЫЗ ЖЕЛЕГИН ДАҢАЗАЛАЙМ"

Гезитибиздин өткөн сандарында Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты, учкуч Союзбек Салиев Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата жеңил учак менен дүйнөнүн 27 өлкөсүн кыдырып чыгууга камынып жатканын кабарлаганбыз. Каарманыбыз ал үчүн атайын учак сатып алып, алыска учууга даярдоо үчүн Франциядан оңдоп-түзөөдөн өткөрөрүн билдирген. 19-июль күнү Жер шарын айланып чыгууга камынган жеңил учак "Манас" аэропортуна конду. Эгемендүүлүк майрамыбызды дүйнө элине сүйүнчүлөө үчүн жөнөп жаткан каарманыбызды кепке тартууга үлгүрдүк.

– Саламатсызбы, Союзбек агай, Жер шарын жеңил учак менен кыдыруу идеясы качан пайда болду эле?

– Көп жылдардан бери бул идеяны изилдеп, ойлонуп көрдүм. Мындай иш жөнөкөй учкучтун колунан келбейт го, өзгөчө гана адамдардын колунан келет деген ой болгон. Бирок интернеттен белгилүү учкучтар менен баарлашып, баарын тактаган соң акыркы 2-3 жылдын аралыгында менде өзүмө болгон ишеним пайда болду. Андан кийин катуу кириштим. Буюрса, жеңил учакты Франциядан реконструкциялоо иштерин жүргүзүп, Кыргыз жерине алып келдик. Франциядан Сербиянын Белград шаарына учтук, аябай кооз шаар экен. Сүйүндүргөнү, аэропорттон биздин туубузду таанып, "Кыргызстан" деп ошол жердин жумушчуларынын айтышкандыгы бизге аябай жагымдуу болду. Андан Анкара шаарына аттанып, аба ырайынын бузулгандыгына байланыштуу эки күн туруп, Казакстандын Актау шаарына сапар алдык. Грузия өлкөсүн, Каспий жана Кара деңизинин үстүн кесип өтүп, ошол жакка келип кондук. Стамбулдан Актауга чейин 7 саат аралыгында, Актаудан Бишкекке чейин 6 саат 30 мүнөттө жетип келдик. Мунун баары шамалдын ылдамдыгынан көз каранды.

– Учакты даярдоо иштери кандай жүрдү?
– Даярдоо иштерин Франциядан жүргүзгөнбүз, бирок жолдо учактын эсептөө көрсөткүчү биз болжогондон бир аз көбүрөөк май жеп жатат. Ошондуктан биз азыр Кыргызстанга келип, атайын адистерди чакырып май аз сарптаган системин иштеп чыгып жатабыз. Андан башка даярдыктарды да көрүшүбүз зарыл.

– Сапарга качан аттанасыз?
– Сапарыбызды 1-2 жумадан соң мыкты даярдыктар менен баштайлы деп жатабыз. Кыргыз желегин алып жүрүү чоң жоопкерчилик. Аба каттамыбыз борбор шаарыбыздын аэропортунан башталып, кайра Бишкектен бүтөт. Коопсуздук эрежелерин карап чыктык, буюрса, баары жакшы.

– Долбоордун негизги максаты эмнеде?
– Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын колдоону максат кылганбыз. Учакка Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасын түшүрүп жатабыз. Себеби аны дүйнөгө таанытуу максаты бизде күч.

– Интернет айдыңында сизге карата түрдүү сын-пикирлер айтылып жатат. Мисалы, "саясатта кадыр-барк топтогусу келет" деген өңдүү пикирлер, буга кандай комментарий бере аласыз?
– Ооба, мен да "ал жасаган ишин жакында боло турчу шаардык кеңештин шайлоосунда өзүнө добуш топтоо максатында колдонот" деген сөздөрдү угуп калдым. Менде андай ой жок. Биздин максат – жеңил учак менен Жер шарын айланып чыгып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мыкты деңгээлде өтүүсүнө көмөк көрсөтүү.

– Виза алууда кыйынчылыктар болдубу?
– Бир катар өлкөлөрдөн виза алууда кыйынчылыктар болгон жок. Мамлекеттик органдардан, Жогорку Кеңештен жана бир топ министрликтен толуктоолорду алдык.

– Маегиңизге рахмат. Жолуңуз шыдыр болсун!

"Жеңил учакка Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жайгаштырылат".


Тазагүл Эмилбек кызы
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
keba300989
2016-08-23 14:44:36
Акчам көп болсо менда кыдырмакмын. Ак жол братан
0
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан