Темир Жумакадыров, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы: "БУЛ РЕФОРМА КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ БОЛУП ЖАТАТ"

Учурда өлкөнүн укук коргоо органдарында масштабдуу жана кардиналдуу реформа жүрүп жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу көп айтылып жатканы менен, бул өзгөрүүдөн эмне жыйынтык чыгарын түшүнгөн адам аз. Реформаны жүзөгө ашыруунун башында турган Темир Жумакадыров бул тууралуу эмне дейт?

– Темир Курмангазиевич, "ушул жылдын аягына чейин укук коргоо органдары реформаланат" деп билдирдиңиз. Кандай муктаждыктардан улам келип чыкты бул чечим?

– Реформага даярдык көрүлүп келген 2 жыл ичинде кайсы багытта кандай маселелер бар дегендин үстүндө иштедик. Ошол анализдин жыйынтыгы катары бүгүнкү реформаны иштеп чыктык. Ал кандай көйгөйлөрдү чечет?Биринчиден, 20 жылдан бери укук коргоо органдарында реформа жүргүзөбүз деп жатып алардын тийиштүү функцияларынан алыстап, алар бири-бирин кайталаган органдарга айланган. Ар бир укук коргоо органынын жоопкерчиликтүү багытын тактап, өзүнө гана тийиштүү функцияларын аткарсын деп чечтик.
Экинчиден, укук коргоо органдарынын арасындагы балансты камсыз кылуу. Бир топ себептердин кесепетинен бири экинчисине үстөмдүк көрсөтүп калган. Бири-бири менен болгон атаандашуудан алар тирешүүгө чейин барып жатышты.
Үчүнчүдөн, укук коргоо органдарындагы коррупциядан арылуу. Кадр тандоо жагын жакшыртып, колу туткак кызматкерлерди жумуштан кетирүү зарыл.
18-июль күнү президенттин буйругу чыкты, буюрса, жаңы жылга чейин реформа ишке ашат.

– Реформаны сыртынан караган адамга айрым мамлекеттик органдар жоюлуп, алардын милдеттери башкага өткөрүлүп, айтор, "орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт" деген көрүнүш катталчудай туюлуп жатат. Грузиянын мисалындай кардиналдуу реформага барууга бизге эмне тоскоолдук кылууда?
– Алардын кардиналдуу реформасы акчанын күчү менен болгон. Ошонун жардамы менен укук коргоо органдарын тазалады. Буга чоң акча керек, аны ким төлөп бергенин жакшы билебиз да. Бирөөнүн реформасын көчүрүп алуу аркылуу жакшы жактары менен кошо жаман жактарын ала келүү тобокелчилиги бар.
Эң башкысы, өзгөрүү өзүбүзгө таандык тажрыйбага, шартка, менталитетке жараша болушу керек. Бүгүнкү сунушталып жаткан реформасыз кийинки кадамды шилтей албайбыз. "Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт" деген сыяктуу сөздөргө макул эмесмин, бул тармакты түшүнгөн адистер үчүн укук коргоо органдарындагы мындай өзгөрүү кыргыз мамлекетинин тарыхында биринчи жолу болуп жатат.
Бир органдан экинчиге функцияларды алып берүүнүн түпкү маңызына үңүлөлү. Ошол эле прокуратуранын негизги милдети – мыйзамдуулукту камсыз кылуу, көзөмөл кылуу. Бирок анда тергөө функциясы да бар. Артык баш функциясын алып салып, прокуратурага мыйзамдуулукту карап бергиле дедик. Же Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматын алалы, биз башка органдардагы кайталанма функцияларды алып салып, бизнес тармагын силер эле карагыла деп жатабыз. Ишкерлерди үстөккө-босток баары текшере берерин жакшы билебиз. Бизнести мындай кой, бир айыл өкмөтүнө эле бир жылда ондогон текшерүү келет.

– Ички иштер министрлигинде түзүлө турган 5 көз карандысыз кызматтардын бири – Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү боюнча кызмат болгону жатат. Учурдагы Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат жоюлат дедиңиз. Иш жыйынтыгынын көрсөткүчү (2015-жыл боюнча ИИМ кылмыштын 82 пайызын ачса, БКМК 18 пайызын ачкан) эле ушундай кадамга барууга түрттүбү? Же элге ачык айтылбаган жагдайлар да барбы?

– Мисалы?

– Коррупциялык схемалар болушу мүмкүн...
– Соңку 5-6 жылдан бери иштеп келе жаткан Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат эмне жыйынтык көрсөттү? Баңгизаттар ташылган эл аралык каналдар кыскардыбы же болбосо эл ичинде баңгизаттарына каршы жүргүзүлгөн үгүт иштери болдубу? Ошол эле тапта аталган органдын шарты башка мамлекеттик органдарга караганда түбөлүк өйдө. Материалдык-техникалык базасы, донорлор тарабынан жакшы иштеген кызматкерлерге айлыктан тышкары бонус төлөнөт жана башка. Ошондой жакшы шарты бар орган ИИМге караганда 2 эсе жакшы иштеши керек болчу. Жок, алардын ишинин жыйынтыгы ИИМге караганда 5 эсе ылдый болуп жатпайбы... Сиз айтып жаткан коррупция да бар болушу мүмкүн. Балким, ошонун айынан көрсөткүчү көтөрүлбөй жаткандыр.

– Реформалана турган мамлекеттик органдардын кызматкерлери ордунда калабы же кандайдыр бир сынактан өтүшөбү?
– Укук коргоо органдарындагы кууш профилдеги кесипкөй кызматкерлерди биз баалашыбыз керек. Андай кызматкерлерди багып-өстүрүү көп ресурсту жана убакытты талап кылат. Реформалана турган тармактарда кызматкерлердин көпчүлүгү ордунда калат, ал үчүн алардын ишинин жыйынтыгы жакшы жана таза болушу зарыл. Колу булганып калган кызматкерлерден арылышыбыз керек. Сынакка келсек, өкмөт менен такташкан соң ал тартип тууралуу кийинчерээк сөз болот.

"ЗЫЯНЫНАН ПАЙДАСЫ КӨП..."
– Буга чейин укук коргоо органдарында иштебегендигим мага азыр көбүрөөк пайдасын тийгизип жатат. Тиешелүү маселелерде көз карашым өзгөчөлөнүп турат чыгар, кабыл алган чечимдерим стандарттык эместир. Мен Коргоо кеңешинин катчылыгына дейре эксперттик-аналитикалык кесипти аркалап келгем. Ал ишимде көбүнчө коопсуздук маселелери басымдуулук кылчу. Мамлекеттин өнүгүүсүн коопсуздук менен камсыз кылууга болот. Эксперт, аналитик катары топтогон тажрыйбам азыркы жумушума чоң жардам берип жатат.

"АЙЛЫКТАН МАКСАТЫМ КЫМБАТ"
– 2009-жылга чейин эл аралык уюмдарда жана алардын долбоорлорунда иш алып бардым. Ошол жылдарда чоң өзгөрүүлөрдү күткөн көпчүлүктүн катарында мен да бар болчумун. Акаевдин бийлигинен кийин "мына эми жашоо жакшырат" деген ишеним бар эле. Ошол сезим менен 2009-жылы президенттик аппараттын катчылыгына эксперт болуп орноштум. Тилекке каршы, ал үмүт акталбай калды. Мага эл аралык уюмдарда ишти улантуу аябай ыңгайлуу жана жагымдуу болмок. Бирок... Канчалык чоң сүйлөп койгондой угулбасын, мен дайыма мамлекетке пайда алып келүүнү каалачумун. Ар бир жаран өз жумушунда өлкөгө кичинекей болсо да пайда алып келсе, анда биз өнүгөбүз-өсөбүз. Болгону менчик тармакта иштеген адамга караганда мамлекеттик кызматта иштеген адамдын өлкөгө пайда алып келүүдө мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот.

"КЫЯЛЫМ БАШКА ЧОҢ КЫЗЫГУУГА ЖЕТЕЛЕДИ"
– Эсимде, 7-8-класстарда болчу, атама "мен келечекте дипломат болом" деп айткам. Анда атам "балам, бизде испан тилин билген адистер аз, ошон үчүн ушул тилди үйрөн" деген кеңешин берди. Мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук университетинин эл аралык байланыштар факультетине тапшырдым. Тагдыр болсо керек, ошол жылы биринчи жолу испан тобу ачылыптыр. Негизги чет тилим испан, экинчи тилим англисче болуп калды. ЖОЖдо окуп жүргөндө бир топ интеллектуалдык оюндарга, дебаттарга катышып жүрдүм. Ошондо мага коопсуздук маселеси өтө жакын экенин билдим. Кызыгып, китептерди казып окуп, изилдеп баштадым.

"ПАЙДУБАЛЫМДЫ ЧОҢ АТАМ ТҮПТӨГӨН"
– Ата-энем пенсияда. Убагында атам экономист, апам финансист болуп иштеген. Үйдүн улуусу болгондуктан мени 7-класстан кийин чоң ата-чоң энеме беришкен болчу. Чоң атам берген тарбия-таалим мени адам катары түптөгөн, өсүү убагында мага ири ресурс берди. Ал киши көп жылдар бою билим берүү тармагында жана партиялык кызматтарда иштеген.

"ДЕМ АЛЫШ КҮН ИНТЕРНЕТСИЗ ӨТӨТ"
– Келинчегим экөөбүз 5 жыл чогуу окуганбыз. ЖОЖду аяктагандан 2 жыл өткөндөн кийин баш коштук. Азыр 3 кызды тарбиялап жатабыз. Жубайым Бириккен Улуттар Уюмунун фондунда иштейт. Аптанын 6 күнү иште болгонубуз үчүн жекшембини чогуу өткөрүүнү чечкенбиз. Ал күнү биздин үйдө интернет жок болот, телевизор өчүк, болушунча конокко да аз барууга аракет кылабыз. Кыздарым менен эс алуучу жайларга барабыз же үйдө болобуз.

"КООПСУЗДУК ТАРМАГЫНДА ИШТӨӨ – БУЛ МЕНИН КЫЯЛЫМ"
– Президент Алмазбек Атамбаев мага ишеним көрсөтүп жаткан соң иштин өтөсүнө чыгышым керек. Алдыда жумуштар өтө көп. Анын аягына ийгиликтүү чыксак, чоң иш жасаган болобуз. Жакынкы жылдары деле ушул тармакта эмгектенгим келет. Бул менин кыялым. Коопсуздук маселеси буга чейин, азыр, келечекте да мен үчүн кызыктуу болуп кала берет.

"Жакынкы жылдары деле коопсуздук тармагында иштегим келет. Бул менин кыялым".


"Мен келечекте дипломат болом" дечүмүн. Ал кыял мени башка чоң кызыгууга жетелеп келди".


Эльвира Караева
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Темир Жумакадыров: "Укук коргоо органдары "колу туткактардан" тазаланат"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан