ТАШ КОРДО – КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БАЙЫРКЫ ТАМАГЫ

Таш кордо – элибизде мергенчинин тамагы деген аталыш менен да белгилүү. Мергенчинин тамагы деп аталышынын себеби, илгери мергенчилер атып алган кийигинин этин талаада таштуу ысык чуңкурга думбалап же чокко, ташка кактап жешкен. Бул тамак кандай даярдаларын он жылдан бери таш кордо даярдап келе жаткан Саткыналы Жусупбеков айтып берет.

ТАШ ЧУҢКУР


Жер 1 метрдей тереңдикте казылып, таманына, капталдарына ылайдын же цемент аралашманын жардамы менен кыш кыналып коюлат. Кыштын ордуна таш койсо да болот. Кыш дагы, таш дагы от жакканда ысып, ысыкты көп убакытка чейин сактайт.


ДУМБАЛАМА ТАШ КОРДО

Керектелүүчү азыктар:

Бир козунун эти (жиликтенет)
Пияз – 0,5 килограмм
Сарымсак – 2 баш
Татымына жараша туз, татымалдар
2 литр суу

Даярдоо ыкмасы:

1. Кой эти бир аз катуураак болгондуктан таш кордо козунун этинен даярдалат (3 айдан 1 жашка чейинки козулар). Жиликтер сөөгүнө чейин тилинет, анткени маринад жакшы сиңет.


2. Маринаддоо үчүн сууга туз, татымалдар, майда тууралган пияз, сарымсак кошулуп, этке текши сүйкөлөт да, муздак жерде 8 саатка чейин турат.


3. Таш чуңкурга толтура отун салып, күйгүзөбүз. Отун бир саат ичинде күйүп, чок пайда болот. Кара жыгач, алма, өрүктүн отуну көпкө күйөт жана чогу көпкө муздабайт.


4. Маринаддалган эт атайын илмектери бар темирлерге илинип, таш чуңкурга салынат.


5. Алгач жыгачтан жасалган капкак, анан таар, андан кийин жылуулук чыгып кетпеш үчүн топурак менен жабылат.


Устукан тартылганга чейин боор менен куйругунан закуска даярдасаңыз болот.


Бышуу убактысы жайында 40 мүнөт, кышкысын 1 саат 15 мүнөт.


КАКТАМА ТАШ КОРДО

Керектелүүчү азыктар:

Эт
– 5 килограмм
Уксус (9%) – 12 аш кашык
Сарымсак – 1 баш (майда тууралат)
Пияз – 5-6 баш
Лавр жалбырагы – 3-4 даана
Татымына жараша туз, татымалдар

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач эт сөөктөрүнөн шылынып, жалпак-жалпак тилинет.
2. Уксус, лавр жалбырагы, туз, татымалдар, майда тууралган пияз, сарымсак кошулган аралашма менен этти маринаддап, 2 саатка тыныктырып коюңуз.
3. Чуңкур таштагы отун күйүп чогу калганда эт ташка жабыштырылат. 30 мүнөттө даяр болот. Таш чуңкурдун ордуна казан колдонсоңуз деле болот. Экөөнүн тең ооздору бекем жабылууга тийиш.
Таш кордону ар түрдүү жашылчалар, көк чөптөр менен кооздоп конокко узата бериңиз.

Жерди бир аз казып алып от жагып, үстүнө жалпак таштарды тизип да таш кордо жасоого болот.


Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
disgraziato-dannati
2016-08-01 09:26:34
Охий апетитди ачтыгоо
+1
Wave.
2016-08-01 10:23:08
Ой сонун нерсе экен. Негизи кыргыздын коп тамагы даамдуу болсо керек. Бирок копчулугу унутулуп кеткендей.
+1
Diana92kg
2016-08-01 10:23:21
аппетит ачылып кетти.пойду поем.хехе
+1
Komrad
2016-08-01 10:28:01
Атам айтып берген, жаныбардын терисине этин салып ороп, жерге көмүп, үстүнө от жагат деп. Ал бир түрү гө мергенчинин тамагынын№
0
tyrgon
2016-08-01 12:00:38
Думбаляма
0
tyrgon
2016-08-01 12:05:20
Бооор менен закуска даярдасаныз болот арак менен жегенгеби?
0
nurikkg1
2016-08-01 13:31:50
tyrgon,Кымыз бозо менен ичкени
+2
Tainstvennaia
2016-08-04 13:19:06
tyrgon,Жон эле жесен деле абдан соонун болот. Мындай бышырылган этти жегенден кийин кадимки этти анча жегин келбей калат го (((((
+2
tengara
2016-08-01 20:06:04
Заказ берсе болобу, канчага турат? Ким билсе болушцп койсонуздар
+1
no.comment
2016-08-07 00:08:28
8 000 - 10 000 сомдун тегерегинде
0
Nasyrkg
2016-08-01 23:10:39
Мага заказ бериниз жасап беребиз
+1
Magusi
2016-08-02 19:50:31
Биз эки кун мурун жасадык Таш кордо деп.Бирок биз башкача жасаганбыз.Этти маринадтап анан казанга дымдап,жай Отто бышырдык.
0
usta_kg
2016-08-05 19:23:43
Magusi,силер жасаганды казан кордо дейт, менин билишимче
0
nurbek1995
2016-08-04 03:57:56
Кымыз кыргыздыкы эмес
-10
Mers124
2016-08-04 18:27:36
nurbek1995, Туура, кымыз бээники.
+7
Musabaeva.
2016-08-04 19:55:16
Mers124,))))
0
Ananasky
2016-08-05 17:45:35
Рахмат супер! Что делаешь
0
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан