«Жараткан жакшы көргөн пендесине сыноо берет» деп коюшат эмеспи. Тагдырдын оор сыноосуна кабылып, 3 жылдан бери төшөктө жаткан Гүлсана Акматалиеванын учурда бир гана тилеги бар – ден соолугу чың болуп, жалпы журтка аралашып, кыздарына татыктуу тарбия берүү. Бул ирет жол кырсыгынан улам арка бел омурткасына доо кетип, жүлүнү жанчылып буттары баспай калган аялдын тагдыры туурасында кеп салабыз.
«КҮЙӨӨМ МЕНЕН МАЙЫП БОЛГОН СОҢ АЖЫРАШЫП КЕТТИМ»
Каарманыбыз учурда ата-энесинин карамагында. Биз анын тагдыры менен таанышуу максатында бет алдык. Гүлсана айым өзү тууралуу буларды айтып берди:
Жашым 34тө. 2 кызым бар, улуусу 12 жашта, кичүүсү 9 жашта. Учурда мектепте окушат. Өзүм кесибим боюнча эсепчимин, Бишкек агро-экономикалык колледжин аяктагам. Ысык-Ата райондук архивинде эмгектенчүмүн. 2013-жылы жумуштан үйгө келе жатып, маршруттук таксини тостум. Маршруттук таксинин ичинде менден башка жүргүнчү жок болчу, бирок кеч болуп кеткендигине байланыштуу эптеп үйгө жетип алайын дедим. Айдоочусу мас эле, телефон аркылуу бирөөлөр менен сүйлөшүп бараткан, бир маалда унаа үч жолу ала салып кетти. Андан ары эмне болгонун билбейм, мени үйгө алып келишиптир.
Жакындарым ооруканага убагында жеткиришпей, эртеси күнү алып барышты. Ооруканадан операция жасалып, алтынчы арка бел омурткама желим коюлган. Ал үчүн бир топ каражат сарпталды. Айдоочу убагында жардам көрсөтүп, дары-дармегиме 200 миң сом берем деп убада кылганынан сотко арыз менен кайрылган эмесмин. Бирок 90 миң сом бергенден кийин дайынын билдирбей жок болду.
Азыр өз алдымча кыймылдай албайм. Бутум такыр эле кыймылдабайт, жансыздай сезилет. Ооруганын деле сезбейм. Колдорум бир аз кыймылдап, кашык кармаганга жарайт. Бирок бирөө кармаса сезем.
Майыптардын арабасында отурууга аргасызмын. Ага өз алдымча отура албайм, апам, кыздарым отургузушат. Дарыгерлердин айтымында, жүлүнгө доо кеткен, эгер жүлүн калыбына келсе, басып кетишим мүмкүн экен. Экинчи жолу операция кылдырганга дарыгерлер макул болушкан жок. «Кайра оор акыбалга келип калышы ыктымал» дешүүдө.
Жолдошум менен кырсыктан кийин ажырашып, ата-энемдин колуна келдим. Бул окуяга чейин деле анын көп ичкендигине байланыштуу урушуп жүргөнбүз. Ажырашкандан кийин кыздарыма 1 жылдай 2000 сом алимент төлөп жүрдү, андан кийин дайыны жок. Угушумча, Москвага иш издеп кетиптир. Туугандары менен интернет аркылуу байланышып, кээде кыздарынын сүрөтүн сурап калат экен, а биз менен кабарлашпайт.
«КӨЗҮМ ӨТҮП КЕТСЕ КЫЗЫМ КАЙДА БАРАТ?»
Каарманыбыздын 62 жаштагы апасы Айгүл Акматалиева да карап тура албай, кызы тууралуу буларды кошумчалады:
-4 балам бар. Гүлсана улуу кызым, дагы 2 кызым бар. Уулумду болсо кичинекейинде эле туугандарыбызга берип койгонбуз. Гүлсана жакшынакай эле жүгүрүп жүрүп кырсыктан кийин төшөктө жатып калды. Үч жылдан бери күлсө күлүп, ыйласа ыйлап, түйшүктү чогуу тартып келе жатабыз. Жардам сурап ар кайсы фонддорго кайрылганбыз, бирок жарытылуу деле жардам ала албай койдук.
Экинчи кызым медицина жаатында билим алган. Эжесин карап дары-дармегин ичирип жардам көрсөтүп турат. «Эч жерим деле оорубайт, буттарымды кыймылдата албайм, такыр алым жок» деп калат. Өзүмө жана кызыма берилген пенсия менен күн кечиребиз. Колума бир аз акча түшсө эле кызымды дарылатканга жумшап, санаторийге алып барып турчу элем. Быйылкы жылдын эсебинен каражаттын жоктугуна байланыштуу эч жакка алып бара албадым. «Спорт менен машыгып, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаса бутуна туруп кетиши ыктымал» деп айтышууда. Бирок биздин андай спорт залдарга алып барып көнүгүүлөрдү жасатканга шартыбыз жок. Үй шартында буту-колун укалайбыз, бирок аны көтөрө албай кыйналып калат. Жолдошум да астма илдети менен жабыркап, каражатыбыздын көпчүлүк бөлүгү дары-дармекке жумшалат.
Көп жыл мурун үйүбүздү күрөөгө коюп, чоң суммадагы насыя алганбыз, төлөй албай үйүбүздөн ажырап калдык. Азыр болсо туугандарыбыздын үйүндө убактылуу күн кечирип келебиз. Айылдык кеңештен жер берилген, турак жай тургузууга акча тартыш болуп пайдубалын да тургуза алган жокпуз. Менин көзүм өтүп кетсе кызым эки баласы менен кайда барат, кор болуп калбаса экен деген ойлор менен жашап келем.
Мурун арабага да отура алчу эмес, азыр кичине жылыш болуп отуруп калды. Дарыгерлердин айтымында, омуртка жүлүндөрү калыбына келсе басып кетиши мүмкүн экен. Күнүнө бир маал арабага отургузуп эшикке чыгарып турабыз. Акыркы убакта колдору да жакшы иштебей, алы кетип жаткандыгын айтып калат. Кичине нерсеге эле сарсанаа болуп, көпчүлүктү жактырбай баратат. Кызымдын турмушу жакшы болбой, минтип кырсыктан кийин жолдошу менен да ажырашып алды. Кайын журту катташып, балдарынын абалын сурап да коюшпайт. Коомубуздагы боорукер, кайрымдуу адамдардан жардам күтүп, кызымдын аман-эсен басып кетүүсүн Кудайдан тилеп келем...
Тазагүл Эмилбек кызы
koom@super.kg