Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз! Сынакка катышуу үчүн 0557 756354 номерине WhatsApp аркылуу сүрөтүңүздү жөнөтүңүз.
Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат.
Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327, 0557 756354 номерлерине чалыңыздар.
ДИНАРА МУСАЕВА
Жашы – 22
Параметри – 90-67-91
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 58 килограмм
Учурда – Банктардын биринде стажёр
«СЫНАККА КАТЫШЫП АПАМА СЮРПРИЗ ЖАСАЙМ»
– Динара, буга чейин көп жолу сулуулар сынагына катышкан экенсиң?
– Ооба, мектепте, университетте окуп жүргөндө сынактарга такай катышчумун. Ал эми «Супер сулуу» масштабдуу болгондуктан өтпөй калсамчы деп бир аз чочуладым. Апам «Супер-Инфо» гезитин үзбөй окуйт. Апама айтпай эле сулуулар сынагына чыгып, сюрприз кылайын деп жатам. Анткени сүрөтүмдү гезиттен көрсө сөзсүз кубанат. Ал буга чейин эле «катышып көр» деп сунуштап жаткан.
– Кошумча эмнеге кызыгасың?
– Бийге шыктуумун. Бир нече жыл чыгыш бий ийримине барып жүрдүм. Андан сырткары тил өздөштүрүүгө кызыгам, кыргызча, орусчадан сырткары түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйм. Учурда итальян тилин үйрөнүп жатам.
ЖОЛДОШБЕК КЫЗЫ САНРАБИГА
Жашы – 20
Параметри – 94-66-84
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Учурда – КУУнун журналистика факультетинде 4-курста окуйт
«ЖАКШЫ ЫРДАЙМ, СҮРӨТ ТАРТАМ»
– Санрабига, бул сынакка катышуу сага эмне берет?
– «Супер сулуу» сынагына мен өзүмдүн күчүмдү сыноо үчүн катышып жатам. Сынак мага көп мүмкүнчүлүктөргө жол ачат деп эсептейм. Өзүм кичинемден искусствого жакын чоңойдум. 5-класстан баштап шаарыбыздагы түрдүү бий топторунда бийледим. Учурда «Салтанат» бий тобунун бийчисимин.
– Кесибиң журналист экен, ал деле чыгармачылыкка жакын эмеспи?
– Ооба, кесибим чыгармачылыкка жакын, бирок аны менен кошо башка тармакты да чогуу алып кетким келет. Адам баарына жетишсе болот «Көз коркок, кол баатыр» деп коюшат эмеспи. Учурда ЭлТР телеканалында стажировкада жүрөм, сюжет даярдап, алар эфирден кетип жатат. Анан токтогулдук болгондуктан жакшы ырдайм, сүрөт тартам.
SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Эльвира 72 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Чолпон 58 добушка ээ болду.